Алар жыгач жащиктеги баңгизаттарды бир аз карап турушкан соң, андан ары жөнөштү. Ары жактан кайра төмөн карай түшчү жыгач тепкичтерди көрүшүп, биринин артынан бири ээрчише бардыгы ошол тепкичтер менен төмөн карай чуркап түшүштү. Ичи кенен залга киришти да, көптөн бери иштебей чаң басып жаткан
эски станокторду көрүштү. Диана да дал эле ушул жакка түшүп сыртка чыкканга мүмкүнчүлүк ала албай, кайра артка кайрылып кеткен болчу. Бардыгы туш-туш жакка чачыраша көптөн бери иштебей жаткан эски цехтин ичин тинтип чыгышты.
- Бул жакта эч ким жок экен. Алар башка жак менен чыгып кетишкен го дейм, - өзүнүн жетекчисине кайрылган офицер анын бир жерди теше тиктеп турганын көрүп тынчып калды.
- Коё тур, бобул дубалды көрдүңбү, жаңы эле чаңдары туш тарапка учуптур. Болду болбоду ушул жерде эшик бар. Кана жардыргыч зат менен жардыргыла бобул жерди! Көп өтпөй эле дубал жарылып, ары жагынан кандайдыр өткөөл пайда болду. Өзүнүн начальнигинин кыраакылыгына офицер таң калып калды.
- Карачы, адамдардан амал качып кутулбайт, алдын-ала бардыгын пландаштырып даярдаптыр, алар көп өтпөй эле минага кабылышты. Катуу жарылуудан эки-үчөөсү ар кайсы жерге сулай кыймылсыз жатып калышты. Катуу, болгон күчтөрү менен чуркап келатышкан жигиттер басыктарын жайлантыша, сестенише дап койгонун. Бул эки еврей оңой адамдардан эмес экен, азыр колдон чыгып качып кетиши да мүмкүн, кана жигиттер бол чамдагыла тез. Тигилерди качканга үлгүртпөгүлө.
Кууш өткөөлдөгү тепкичтер менен өтө эле ылдамдыкта төмөн карай биринин артынан бири азга келатышып, бир азга аярлай калышты. Алардын түрүн көргөн жетекчи чыдай албай өзүнчө сүйлөнүп жиберди.
- Кап айя, тигилерди эми качырып жиберебизби? Мындай кырдаалдан уттуруп жиберсек, анда кечиримсиз иш. Ушунча наркозат, акчалардын мафиянын главарларын качырып жиберсек, анда иштебей эле койгон жакшы, -Ал чөнтөгүнөн тапачасын алып чыкты да, дүрмөткө салып, алдыга түшө кууш өткөөл менен өзү чуркап жөнөдү. Ал өз мезгилинде бокс менен машыгып, кийин таекванда, каратэге өтүп, атуу боюнча да нормативди жакшы тапшырган болчу. Жашы элүүдөн өтүп калса дагы, алиги кайрат, күчү тың, чапчаң, шамдагай эле. Кууш өткөөлдө болгон күчү менен катуу ылдамдыкта чуркашкан автоматчан жигиттер ага жете албай келатышты. Бир аз чуркашкан соң, кандайдыр чоң зал сыяктуу жер төлөөгө кептелишти. Үстүнөн жарык кирип, ачылып турган капкакты көрүшүп, дароо эле сыртка көтөрүлүп чыгышты. Кандайдыр бир короонун ичинде болуп калышты. Каякка келип калышкандарын өздөрү да билбей баштары тегерене түшүштү. Кара "Жип" машинеси чоң дарбазаны сүзө, чыгып кеткенин көрүп калды да, бул тууралуу рация менен башкаларга кабар берди. Өзү да короодон сыртка чуркап чыгып, ары жакта токтоп турган машинеге жетип барды. Айдоочуга күбөлүгүн ачып көрсөтө кара машиненин артынан айдоосун өтүндү. Айдоочу кыйылып, бир нерсе деп сүйлөйүн деди эле ага үлгүртпөй аны сыртка алып чыгып ыргытып жиберди да, өзү рулга отурду. Көп өтпөй эле алдыда кетип бараткан кара "Жип" машинесин кууп жетти. Калаадан сыртты карай кеткен чоң шоссе асфальт жол менен экөө куушуп келе жатышты. Көп өтпөй эле үстүндө уңулдагы бар
милициялардын беш-алты машинеси пайда болду. Бардыгы биринин артынан бири ээрчише алдыда катуу ылдамдыкта кетип баратышкан кара "Жип" машинени кууп келатышты. Алдыңкы качып бараткан машине ылдамдыгын мурункудан да катуулатты. Күтүүсүздөн бактын артынан чыга калышкан кыз жигиттин, түртүп келатышкан баласы менен колясканы уруп кетти. Артта келаткандар аз жерден аларды тебелеп кете жаздашып, айланып өткөнгө араң үлгүрүштү. Коляскадагы наристе жолдун четине учуп барып түштү да, акырын онтой, анан ыйлай баштады. Кыз жигит болсо кансырашып кыймылсыз жол боюнда жатышкан эле. Алардын тегерегине заматта элдер үймөлөктөшө түшүштү. Кара "Жип" машинеси катуу ылдамдыгынан жазган жок, артынан удаалаш эле кууп келатышкан милициялардын машинеси микрофону менен качып бараткан машинени токтоо жөнүндө бир канча жолу эскертип айтышты. Эгер токтобосо, аткылоону баштайбыз деп да эскертип көрүштү. Бурулуштан чыга калган машине алдынан өтө катуу ылдамдык менен келаткан Жипти көрө коюп, шаштысы кете өтө тездик менен оң жакка буруп жибергенде жолдун четине чыгып кетип ала салып кетти.
Буйрукка да, өтүнүчкө да баш ийбеген бул машинени чоң көпүрөөгө жетээрине аз калганда спецназдын начальниги жакшылап мээлеп туруп арткы эки дөңгөлөктүн балонун теше атты. Катуу ылдамдык менен бараткан машине көпүрөнүн четин сүзө ала сала чоң каналдагы сууга кирип кетти. Артта кууп келатышкан милициянын машинелери улам жолдон кошулуп отуруп жети- сегизөө болуп кеткен болчу. Кээ бирлери көпүрөдөн өтүп барып, кээ бирлери көпүрөгө жетпей токтошту да, бардыгы машинеден атып чыгышып, терең каналга аңтарыла чөгүп кеткен машинени карай жабыла чуркашты. Суунун ичине киришип, көп өтпөй бети-баштары жарыла эси ооп калган төрт адамды жээкке алып чыгышты. Алардын ким экенин начальник дароо тааып, өзүнчө кейий башын чайкады.
- Кыраандар десе, баары бир кармалышаарын билишкенден кийин ортодо ушунча адамды "жертва" кылбай, тигил жактан эле колго түшүп беришсе болмок.
- Каналдын жээгинде кыймылсыз жатышкан төртөө банданын жетекчилери Роберт, Альберт менен алардын жан сакчылары болчу.
Жасалма акча чыгаргыч цехти табышкан ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үчү өзгөчө сенсация болду. Андан сырткары эң ири салмактагы баңгизаты да табылган болчу. Бандалардын бардыгы чогулган кезде, бир мезгилде, бири да калбай кармалышкан милиция кызматкерлерине бир топ жеңилдикти туудурду. Ошондон көп өтпөй калаа ичиндеги белгилүү ресторан, кафелер, калаа ичиндеги эс алуучу жайлар, сауналар, казинолор жабылып, анда иштегендердин бардыгы камалып конфискацияга алынды. Диананын акчасын кайрып ала алышпай жүргөн чакан топ да бири да калбай кармалышып, колдоруна кишен салынды. Ибрагим колго түшкөн ар бир адамдан Диананы сурап чыкты. Бардыгы тең аны тааныбайбыз дешип, ийиндерин күйшөшө кайра ага суроолуу карашты. Диана эч жерден табылбаганы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн көптөн бери шек алып дегеле илмек, учугун таба албай жүрүшкөн ири мафия, бандалар тобун толугу менен
кылтактарына түшүрүшкөнү эң чоң олжо болуп турду. Алар дүйнөгө таанылып, атагы чыгып келатышкан ири бандалардын иштери менен алаксып жатышып Диананы таптакыр эле эстен чыгарып салышкан болчу. Сүрүштүрө-териштире ар бирин бирден сураштырып отуруп, бул криминалдык топтун өзүнчө жаш кыздардын менчик түрмөсүн ачкан тигил Марат Исабеков менен эч кандай байланышы жок болуп чыкты. Марат Исабеков мурун Кыргызстанда көп жылдар бою органда, КГБда иштеп анан отставкага чыкса, бул Альберт, Роберт деген эки бир тууган Израилде жаш кездеринде эле карыкчылык, киши өлтүргөндүктөрү үчүн түрмөдө отурушуп, ал жактан эки жолу качып чыгышып чет өлкөгө барып, кайра Америка, Аравия түрмөлөрүнө отурганга да үлгүрүшүптүр. Биринчиси (Альберт) Аравия түрмөсүндө жатканда Роберт кандайдыр бир жол менен аны куткарып чыккан болчу. Орустардын белгилүү кримчөйрөсүнүн лидерлери менен байланышып көрүшүп, алар менен жалпы тил табыша алышпай койгон соң, акырын Орто Азия тарапка жылып келишкен.Ташкентке келишип, ошол жерден орун-очок алышып, акырын өз иштерин жүргүзө башташкан. Жергиликтүү Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алардын өмүр баяндарын, басып өткөн жолдорун бүт изилдеп, тактап чыгышты, бирок акча чыгарган станокторду, кагаздарды, боёкторду каякта алышканын таптакыр эле биле албай коюшту. "Биз баары бир чыгып, бошоп кетебиз, анда өзүңөргө эле жаман болот" деп
алар кайра милициянын начальниги менен тергөөчүлөрдүн өздөрүн коркутушуп опузага алып өтүштү. Алардын жашыруун цехин кылдат текшерип атышып, - жашыруун жер төлөсүнөн беш чемодан жапжаңы эч жакка жумшала элек акча таап чыгышты. Бир чемоданында толтура жалаң Америка долларлары, экинчи менен үчүнчүсүндө өзбек сумдары, бир чемонанында кыргыз сомдору менен казак теңгелери, бешичисинде болсо орус рублдары экен. Баарынан таңгалыштуусу акчалардын бардыгын кадимки акчалар менен салыштырып, экспертизадан өткөрүшкөндө эч жеринен кынтык таба албай коюшту. Бардыгы тең эң чоң
суммадагы акчалар болчу. Дагы кайсы бир жерде жашырылга эң чоң суммадагы акчалардын бар экенин билишип, бирок каяк жакка катылганын биле алышпай аябай убараланышты. Чет өлкөлөрдө, Швейцария банкында булардын эң жогорку саммадагы акчалары бар экенин да аныктап чыгышты. Дагы кайсыл жерде акчалары бар экендигин изилдеп жатышты. Контрабадалар жасаган акчалар мамлекетке бир топ эле байлык
алып келгендей болду, анткени бардыгы соодага , ары-бери жүргөнгө жарамдуу акчалар экен. "Дагы эки-үч жыл болгондо булар таптакыр эле миллионер, миллиардер болуп кетишмек экен", - деп кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги өзү мойнуна алды. Алар менен байланыш жасап жүрүшкөн мурунку союздагы өлкөлөрдө жашаган бул ири мафиянын адамдары акырындык менен четинен кармалып, түрмөлөргө отургузула баштады. Мунун жытын билип, шек алып калгандары башка жакка качып кеткенге үлгүрүштү. Алиги казино, ресторан, сауна, калаа четиндеги эс алуучу жайлар толугу менен конфискацияга алынып мамлекетке өттү. Акырындык менен жергиликтүү спецагенттер бул иш боюнча өтө кылдат иштешип, али түгөнө элек "куйруктарын" кармап, банданы толугу менен тазалоо аракетин көрүп жатышты. Ири банданын иштери менен алектенген Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Диананы таптакыр эстеринен чыгарып коюшкан болчу. "Бул бандалар менен Диананын тиешеси барбы, жокбу, түшүнсөм буюрбасын, - Ибрагим өзүнчө бир нерсеге башы жетпей жатты, - мынакей Диананын артынан жүрүп Марат Исабековдун кылмыш ишинин бетин ачканга жетиштик. Аны менен эле бүтүп калабы десек, анын артынан издеп жүрүп андан чоң мафияга туш болдук. Болуптур, биринчи кылмыш тобун го тагдыр деп коёлу, ага Бишкекте жүрүп Диана кокусунан түшүп калды, ал эми экинчи топ менен кандай байланышып жүрөт. Баса, алиги Дианадан калган мендеги эки пачка акча кайдан келди десең. Диана аны кайдан алды? Мынча акчаларды мен беш жыл иштесем да таба албайт болчумун. Здесь не то пахнет, менимче Диананын булар менен да байланышы бар окшойт. Эгер ал жөн жүргөн кыз болсо, эмнеге аны куугунтукташат эле. Ооруканадагы кол салуу, көчөдөн машинеден атып чыгып,
кимдир-бирөөлөрдөн жардам сурап кыйкырганы, кайра дайынсыз жоголуп кеткени. Мынакей кечээ жакында эле дагы ак "Мерседеске" " салып алып кетишти. Эми ал каякта жүрөт, белгисиз. Же булар аны өлтүрүп коюштубу? Туура эмес иштерди жасап "косяк" кетирсе, албетте өлтүрүп коюшат. Бирок жапжаш, али эне сүтү оозунан кете элек кыздын мындай ири мафияларга аралашып кетишине адам ишенбейт, түшүнсөм буюрбасын. Эч нерсеге башым жетпейт. Кайдасың Диана тирүүсүңбү же булар сени өлтүрүп коюштубу? Кайдасың Диана!" ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев