- Жүрү кызым, муну көрбөй эле койчу. Жүрөгой, - энеси Гүлбахрага ачуулана кетти, - эмне чакырдың эле, көрө бербейсиңби өзүң эле, араң жүргөн кыздын зээнин кейитпей…
- Жөн эле чакырып койгом, жердештерин телевизордон көргөзүп атканынан, - өзүн күнөөлүү сезип Дианага кайрылды.
- Мени кечирип кой эжеке сизди капалантайын деп ойлогон эмесмин…
- Жок эч нерсе эмес, жөн эле эли- жеримди сагынып ыйлагым келип кетти, - Диана көзүнүн жашын аарчып кайрадан телевизорго үңүлдү.
- Телевизорду аягына чейин көрөйүнчү…
- Мейли кызым дегинкиси капа болуп ыйлабасаң эле болду, -Гүлбахранын апасы акырын сыртка чыгып кетти. Телевизордо алиги милициянын полковниги сүйлөп жаткан болчу. Ал Орто Азия өлкөлөрүнө акырындап тарап
бараткан аялдардын жашыруун менчик түрмөсү тууралуу, алардын негизги уюгу Кыргызстанда экенин, Ташкендеги менчик түрмөдө кызмат кылгандардын бардыгы бири да калбай кармалышып, сот жообуна
тартылып жатышкандыктары жөнүндө, бул кылмыштуу топту жетектеген Марат Исабеков деген Бишкектик киши экенин, ал мурун өзү "КГБда" иштеп кийин отставкага чыкканда ушундай менчик түрмө ачканы тууралуу,
азыр Кыргызстандагы криминалдуу топтордун бардыгы кармалып, Марат Исабековдун чет өлкөгө качып кетип карматпай качып жүргөнүн эч нерсесин калтырбай бардыгын баамдап айтып берди.
- "Демек Кыргызстандагы да менчик түрмөнүн ойрону чыккан экен го. Сооп, ырас гана болот, ушуну көрүшмөк. Исабековдун өзүнүн карматпай кеткени карачы. Ошол колума тийип алдымда эки колу байланып менден чөгөлөп кечирим сурап турса кандай гана өч алат элем азыр. Мени кыз белгиден ажыратып, келечегиме балта чапкан да ошол да, акмак десе, мен сыяктуу канчалаган жаш кыздардын убалына калды. Канчаларын жазыксыз эле "оо дүйнөгө"" жөнөтүштү. Алардын убалдары деле уктатпайт го аны, жер жуткурду. Ылайым эле бейажал өлгөн жазыксыз кыздардын убалы уктатпасын, тиги дүйнөгө барганда тозоктун отуна кайнасын" , - Диана колдон келишинче Марат Исабековду каргап-шилеп жатты. "Өх, кичине жеңилдей түшкөнсүдүм окшойт. Эми өз жериме Кыргызстанга коркпой-үркпөй эле кете алат экенмин да. Ушул жапжакы эле турган Кыргызстаныма жете албай канчалаган гана азаптарды чекпедим, сыягы баары артта калды окшойт". Диана Сабитахундун үйүндө бир айдай жаткан соң кадимкидей айыгып, мурунку калыбына келип оңолуп калды.
Бир күнү үйүнө кетүү тууралуу тигилерге өз сунушун айтты. Алар Дианадан мындайды күтүшпөсө керек, биринчи кезекте эле энеси Манзура ыйлап жиберди.
- Мэхрамдан айрылып кан кусуп төшөктөн турбай калдым эле, сени көргөндө кадимкидей өз кызымды көргөндөй болуп, оорумдан айыгып, жеңилдей түшкөм. Эгер сен бизди таштап кетсең анан кайрадан жоготобузбу Мэхрабызды.
- Мен ушул боюнча эле таптакыр кетип калбайм апа, - Диана Манзура апаны жоошута аракет кылды, - силерге байма-бай каттап, катышып турам. Өзүңөрдүн эле кызыңар болуп калбадымбы, силерди өзүмдүн эне-атам менен да тааныштырам. Дүйнөдө бири-бирине окшош үй-бүлөлөр деле болот окшойт, мына мен Мэхрага куюп койгондой окшош болуп атсам, тигил Гүлбахрам менин сиңдиме куюп койгондой окшош экен. Кудай буюрса аманчылык болсо аны да алып келип силер менен тааныштырам го… Гүлбахрамдын энеси менен атасы ары карап ыйлашып, бери карап күлүшүп акыры Диананы өз жергесине кетүүгө уруксат беришти. Бардыгы кайрадан оор жоготууга учурап, ыйлап жатып араң узатышты. Аларга өзүнүн Кыргызстандагы дарегин толугу менен жазып бери, калтырып койду. "Убактыларыңар болсо өзүңөр да келгиле конокко", -деп Кыргызстандагы үйүнө мейманга чакырды. Аны Ташкентке чейин Мэхранын Албина деген эжеси узатып барып келмей болду. "Ат баспайм деген жерин он басат" болуп баары бир желкемдин чуңкуру көрбөсүн деп аткан Ташкентке Диана кайрадан бармай болду. Анткени Кыргызстанга поезд, автобустар Ташкент аркылуу гана кетмек. Телевизордон кримтоптун кармалганын көрүп, Диана мурункудай коркпой баары артта калды дегендей өзүн эркин сезип кетип баратты. Ташкенге жетишкенде ашканага кирип тамактанышып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Экөө автовокзалга келип Бишкекке автобуска билет алып жатканда Диана өзүнөн көзүн албай теше тиктеп турган кишини көрүп жүрөгү "болк" дей түштү. Бул баягы зынданда жатканда алдап бошонуп чыккан топтомолок эргежээлдей болгон киши болчу. Аны көрмөксөн боло тетири карады, Мэхранын эжеси болсо эч нерсе менен иши жок өзүнчө сүйлөнө жыргап каткырып күлүп жатыптыр. Диананын жүрөгү дүкүлдөп согуп чыкты. "Оюн али бүтө элек экен да, "аңгектен качсаң дөңгөккө" деген ушул. Эми ушулардан эптеп эле кутулуп кетсем бул жакка экинчи келбейт элем". Акырын көзүнүн кыйыгы менен караса алиги киши башын ийкеп өзүн жакты көрсөтө дагы эки киши менен сүйлөшүп туруптур. "Бүттү ишим, кете албай калдым" -Диананын заманасы куурула түштү. Ошол жерден өмүрүндө болуп көрбөгөндөй күтүлбөгөн окуя болуп кетти.
- Диана!… Диана!
Бул үнгө Диана да, Албина да "селт" эте түшүштү. Кандайдыр бейтааныш жигит келип эле Диананы кучактап, басып калды. Эртеден бери коркуп, чочулап тургандыктан мындай күтүүсүздүккө ого бетер чочулап секирип кетти. Дене бою жыйрыла "дирт" эткен Диана аны болгон күчү менен түртүп оолак кача берди. Ойдо жок жерден олдоксон иш жасап жибергеине Ибрагим да кеч түшүнүп калды.
- Диана бул мен Ибрагиммин. Ооруканада жаткандагы эсиңдеби, гүл көтөрүп… Эртеден бери коркуп айланасына сактык менен карап жаткан Диананын ого бетер жүрөгү түшүп, болгон күчү менен качып бараткан болчу.
- Саламатсызбы Ибрагим, мени таанып жатасызбы, мен Мэхранын эжеси болот эмесминби. Диананын артынан чуркамакчы болуп бараткан Ибрагим бир саамга аярлай түштү да, шашыла учурашып кирди.
- Ооба таанып жатам, сиз Албина эжесизби. Кандайсыз ден соолугуңуз кандай. Баса, айтмакчы тигил ким, Дианабы?
- Сиз аны кайдан тааныйсыз? Ошо маалда "жардамга! " деп кыйкырган Диананын үнү экөөнүн сүйлөшүүлөрүн дароо үздү. Ал болгон күчү менен чуркап экөөнөн, бир топ эле алыстап кеткен болчу. Ары жактан эртеден бери аңдып турушкан эки-үч жигит күтүлбөгөн жерден атып чыга калышып, Диананын колун толгоп машинеге салып жатышкан эле. Экөө эстерине келишсе, аларга жетип баргыча ак мерседес машинеси дароо ордунан аткан октой козголо, чоң асфальт жолго түшүп алып заматта көздөн кайым болуп кетти. Өчөшкөндөй Ибрагимдин машинеси да жок болчу жакын арада. Өзүнөн жүз кадамдай тээ алыска токтотуп жөө бери карай басып келаткан болчу. Мэхранын эжеси Албина экөө өзүнүн машинесине чейин чуркап барышып, дароо отуруша алиги көздөй кайым болуп кеткен ак мерседестин соңунан жөнөштү. Эбакта изин суутуп, караандарын таптырбай кеткен мерседес машинасын баары бир таба алышпайт эле. Анын үстүнө андай ак мерседестер калаа ичинде аябай көп болчу. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев