Сендей таза, сендей аруу барбы адам.
Сенин ыйык карааныңа сыйынып,
Сыйкыры бар сөздөрүңө арбалам.
Сендей мээрим жалгыз гана күндө бар,
Сен бар үчүн ушул сулуу дүйнө бар.
Барыбызга бакыт сурап кудайдан,
Бата тартат нур жүзүнө күндө ал.
Жатса, турса жакшылыкты тиленет,
Жүрөгүнөн от-мээримин жиберет.
Силер барда жер үстүндө энелер,
Токтоно албай кайгыдагы түгөнөт.
-демекчи,силер эң назик,күчтүү, кайраттуу,боорукер, бактылуу,кайталангыс, туруктуу жана ишенимдуу жансыңар.
Мен силерге,апалар, чексиз ыраазычылык билдиргим келет.Ошондой эле,баарына жетишкениңерге, чыдамкайлыгыңарга, сүйүүңөргө таң калып да,суктанып да бүтпөйм.Мен азырынча апа боло элекмин.Бирок, балам,балалуу болгондо билесиң дегендей,сиздердеги жоопкерчиликтин, бакыттын бир учун гана сезип,кереметти күтүүдөмүн. ..
Бир кереметти күтүү...
Эртең менен эрте шаардык поликлиникага барганы жөнөдүм.Дүйшөмбу кун,күндөгүдөй убак,кун ачык.Бирок,оюм онго,санаам санга бөлүнүп,көңулүм тынч эмес эле,кандай жеткенимди билбей да калдым.Түз эле,алдын ала сүйлөшкөн врачтын кабинетине кирип,бир топтон кийин шаабайым сууп,тамагым буулугуп чыгып,ылдыйкы кабатка түштүм.1-кабаттан УЗИ кабинетинин алдында кезегимди күтүп отуруп калдым.Кулагыма врачтын сөздөрү жаңырып,апакемдин шок абалы,аяр карашы көз алдыма келе берди...
...Бир күн мурун өзүмдөгү өзгөрүүлөрдөн улам,кош бойлуулукту текшерүүчү тест таякчасын кармап турган элем...2-сызык билинер-билинбес болуп чыкты.Мен сүйүнөрүмду, же ыйларымды билбей,коркуп кеттим.Коркконумдун себеби,эки жума мурун,врачтын көрсөтмөсү менен ичкен дары-дармектер эле.Дароо сүйүктүүмө билдирдим.Ал ишенип-ишенбей, ошол эле учурда толкунданып кубанды.Андан кийин эле,мени бул дүйнөгө алып келген апама кабарладым. Бирок,өзүм күткөндөй жооп болбоду: "Ок,эмне дейт!Кандайча, жакында эле дарыланып албадың беле,эми эмне болот?!" ,-деп чочуп кетти.Кыязы, мен куттуктоо күтсөм керек.Жаңы эле балалуу болорумду билип туруп,балалык кыялым менен корс тийдим: "Мен билип туруп,кылды дейспи?!Тиги тааныш гинеколог врачыңыз да эч нерсе деген эмес эле го!",-деп көп нерсе айтып да,таарынып, ортодон врачты айтып,күнөөлөп да калдым.Мындайда күнөөлүүлөдү да издеп калат турбайбызбы. ..Бир туруп,өзүмдү жемелейм.
...А балким,врач айткандай адам болбой калсачы?Кайсы бир оорунун белгилери билинсе,алдырганга туура келсечи?..Жо- жооок...баары жакшы болот!..Алда байкуш апам ай,көптү көрүп,билген, баланы жоготуу кандай азап экенин билип,кокус, бир нерсе болсо,көңулу назик кызы,бул нерсени кантип көтөрөт деп,чыйпылыктаган экен да!
Ушуларды ойлоп отуруп,ал аңгыча кезегим келип,кабинетке кирип кеттим.Качан гана УЗИ врачтан чыкканымда, жүзүмдө бактылуулуктун нуру чачырап турду.Мен эми аныгын билем,жүрөгумдүн астында дагы бир жүрөк согуп жатканын,дагы бир кичинекей жашоо бар экенин.Өтө кичинекей,бирок, тирүү,ал менин көптөн-көп КҮТКӨНҮМ! Эң башкысы баары жайында экени! 
Наристем! Жарыгым!Качан сенин бар экениңди билгенимде, дароо эле бул дүйнө башка түскө боелгондой. Мындан тышкары,ар бир көз ирмемди,жашоомдун ар бир кунун сага арнайм,сени менен ар бир оюмду бөлүшөм.Сени менен сүйлөшөм.
Качан УЗИ ден текшерилгенде, сени монитордон көрүп,сүйүүмдүн мөмөсү жетилип,өсүп, чоңоюп жатканын көрүп кубанам.Ал эми жүрөгүңдүн согушу-өзүнчө КЕРЕМЕТ! 
Эсимде биринчи кыймылың,аябай толкундап,кийинкисин аңдып эле калгам.Бирок, кийинчээрек таң калыштуу кыймылдарың коркуткан эле.Коркконуман ыйлап да жибергем.Анда, бир жерди кырып,тешик жасап,өзүң түшүп кетчүдөй сезим калтырган элең.Бир четинен,ал жерден,балким, бул дүйнөгө көз салгысы келди го деп ойлоп,бул дүйнө жөнүндө айтып берүүгө өттүм.Сага өтө кызык болду окшойт.Чыгууга аракет кылгандай эле,катуу тепкиленип да калдың.А мен болсо,быйтыйган бутун менен тептиңби,же колуң менен түрткөнүңду билүүгө аракет кылуу менен убарамын)))
Балам,түшүнөм, азыркы чакан жайын кызыксыз болуп калды го...бирок,азыр мен сени ошол жерден гана коргой,сактай алам.Качан убагы келгенде алаканыма салып,алдей ырын ырдап берем.Ал эмес,бул дүйнө кучагын кенен ачат дейсиң,а сен бир топ тээп,бир жылгаяк тээп,бул дүйнөнүн кызыгына да күбө болосуң.Аз калды,биз сени чыдамсыздык менен күтүүдөбүз!
Жаратканым АЛЛАХ өмурү,ыйманы, ырысы,ден-соолугу менен берген болсун!
Мен кош бойлуулуктун жарым тепкичин гана басып өттүм.Эне болуу кандай бакыт,ары жоопкерчиликтуу экенин,бир ууч гана бөлүгүн билип турам.
Энелердин кайратына,сүйүүсүнө сыймыктанып турам.ТААЗИМ сиздерге! 
Урматтуу окурмандар, мен сөз аягында жан дүйнөмдөгү бакыттын учкундары,сезимдери менен бөлушкүм келгенин айткым келди.Ошондой эле,ар бир аялзатына ушундай бактылуулукту кааламакчымын. Эне болуу бактысы-бул Жаратканды белеги.Ал белекти жоопкерчилик, сүйүү,мээрим менен кабыл алсак дейм.Ал эми эркекке Жараткан аялды аманат кылган.Аял,эркек бир-бирине аяр,сүйүү,жоопкерчилик менен мамиле кылса,БАКЫТ кушун таптаганы менен бирге,эртеңки АТА-ЭНЕ экенибизди унутпайлы!
Биз учугу,улуулардан уланган,
Төрдө отурган бабалардан бата алган.
Касиеттуу энелерден жаралып,
Бейиш жолун энелерден ача алган.
Биз-бул ата,биз-бул эне,биз -уул-кыз,
Курут болбойт биз барында эч Кыргыз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев