1- Көп жеген кишинин жүрөгүнөн Аллахтан болгон коркуу сезими кетет.
2- Киши көп тойгон кезде адамдарга болгон боорукерлиги кетет себеби, элдин баарын өзүндөй курсагы ток деп ойлойт.
3- Ибаадаттан (намаз орозодон) жалкоолоно баштайт.
4- Көп жеп алган киши, даанышман кишилердин сөзүн укканда, маани маңызын таппайт.(себеби ашказан башка нерсе менен алек )
5- Киши көп жеп алып, маселе айтса, сөздөрү адамдардын жүрөгүнө жетпейт. (Элестетип көргүлө шашлык, манты, казы-карта, чучук, чеснок жыттанып, кан басымы өтө жогору абалда элге насаат айтып жатса. Андай абалда айтуучу эл менен эмес, өзү менен өзү алек болот дейт билгендер.)
6- Көп жеп алган кишинин ооруулары аракетке(козголуу) түшүп тынчын ала баштайт.(байкуш эч кимге аны айтпат)
💻 muftiуаt.kg сайтынан.
🌿 ЫЙМАНДУУ ЖҮРӨК медиа порталы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2