Арзымды айтчу атам жок,
Же бул жерде апам жок.
Бир кыргызды көрүүгө,
Зар болом, бирок айла жок.
Баралбайм такыр элиме,
Дос, туугандан айрылып.
Арманым толду ичиме,
Азапта жүрөм кайгырып...
Келемишти мышык да,
Жебейт экен сасык деп.
Ал эми менин үй-бүлөм,
Жыргап-куунайт аны жеп.
Сасыган эттин курттарын,
Кууруп жешип тоюшат.
Кээ бир куртту шап эле,
Тирүүлөй жутуп коюшат.
Сөздүгүндө кытайдын,
Арам деген сөзү жок.
Эшек, чочко, жаш бала,
Жебеген нерсе өзү жок.
Арамды жеген кытайлар,
Сасып турат буркурап.
Кечинде бирге жатканда,
Куюлат жашым шыркырап.
Ырахат алуу ордуна,
Жийиркенип жатамын.
Кыңк этсем урат, тепкилейт,
Азапты күндө тартамын.
Курттарды жеп чыркырап,
Күндө ыйлаймын буркурап...
Калбасын деп мага окшоп...
Арманым жаздым ыр курап...
Акчага абдан кызыгып,
Кыргызды көзгө илбепмин.
Ал кезде мындай болорун,
Ойлонбопмун, билбепмин...
Мен тууган кытай балдары,
Кыргызды эч бир ойлойбу?
Төртүнчү аял болсом да,
Кыргызга тийсем болбойбу?
Эзелтен берки кыргыздын,
Душманын төрөп жатамын,
Кыргызстандык сиңдилер,
Силерге муну айтамын:
Башка улутка кызыкпа,
Айланайын гүл кыздар!
Чынында кыргыз жигиттер -
Жанып турган жылдыздар.
Эң начар кыргыз жигит да,
Кытайдан көрө жакшыраак.
Оо жаш кыздар, азыртан,
Ойлонгула жакшылап...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3