«Эймомундар, арак (ичүү), кумар (ойноо), буттар(га сыйынуу) жана таякчалар[71] (менен бал ачуу)- шайтандын амалынан болгон арам иштер...» («Мааида», 90).
Ибн Аббас айткан: «Бал ачуучу жебелердин жардамы менен адамдар бир нерселерди бөлүштүрүшкөн, ал эми буттар - курмандыктар чалынуучу нерселер.
1657(4617). Анастын (Алла ага ыраазы болсун) бул айтканы рабаят этилет: «Бизде силер «фадих»[72] дейсиңер го, ошол шараптан башка эч шарап жок эле. (Бир жолу) мен ал (шарап) менен Абу Тальханы, паланча- ны жана түкүнчөнү сыйлап жатканымда бир адам келип: «Силер жаңылыкты укпадыңарбы?» - деди. «Кандай (жаңылыкты)?» - деп сурашты (адамдар). Ал: «Шарап арам кылынды», - деди. (Ошондо адамдар:) «Бул кумуралардагыны төгүп сал, эй Анас!» - дешти жана ошол адам бул кабарды (бир жолу) айткандан кийин алар (шарап) жонүндо сурашкан жок жана ага кайтышкан жок».
71 Таякчалар - пал ачуучу жебелердин эле өзү.
72 «Фадих» - быша элек курмадан жана жүзүмден тартылган шарап. https://ok.ru/group/54064984621287
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев