“Кекирбе! Анткени бул дүйнөдө көп тойгондор кыямат күнү узун мөөнөткө ач калышат!» (Термезий, Сифатул 47)
“Эч ким ашказанынан да жаманыраак идишти толтуруп көргөн эмес. Адамга болсо жыгытпай кармап тургандай бир нече тиштем жетет. Сөзсүз эле көп жеш керек болсо, ашказандын үчтөн бир бөлүгүн жегенге, үчтөн бир бөлүгүн ичкенге, үчтөн бирин дем алууга (аба менен) бөлүү керек». (Термезий, Зухд 47; Ибни Маажа Атъима, 50)
Азирети Пайгамбар (саллаллоху алайхи васаллам): айтты
“Дүйнөдө зухд жүрөк денени ыракатка бөлөйт. А дүнүйөгө кызыгуу болсо кайгы менен капаны көбөйтөт». (Ахмед бин Ханбал, Китаб-уз-Зухд, 24-б)
«Дүйнөдө заахид (зухд ээси) бол, Алла сени сүйсүн, калктын колундагысынан жүз үйүр, адамдар сени сүйсүн!» (Ибни Маажа, Зухд, 1)
Зухд сөзүнүн мааниси: каниет кылуу, ачкөздүктөн сак болгон жүрөк, назары ток адам деген маанини өз ичине камтыйт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев