Риваяттарга караганда Яжуж жана Мажуж экоо тен тажаал эл. Беттери жалпак коздору жулжуйгуй, кодо бойлуу, кулактары шалпайган, саны коп болот. Кыямат жакындап калганда жер жузун кара чымындай каптап, тездик менен кобойушот. Адам ата менен Обо Энеден миллиарддаган инсандар жуз миндеген жылдар бою акырындык менен кобойгон болсо, булар тез арада торолуп, жайылып кетишет. Бирок булардын азыркы турган жери, дареги Аллага гана белгилуу.
Учуру келгенде Зулкарнайн курган чеп урап, бул коом ааламды каптайт. Канчалык каптаганы менен Ыйык Мекке, Медина жана Кутту Кудус аймагына кире алышпайт. Ушул Ыйык саналган уч аймактан башка бардык жерди каптап отушот. Кирген жерде колуна урунган нерсени жеп, курутуп, ойронун чыгарып, илгерилей беришет. Чегиртке сынары чойрого оор зыянын тийгизет. Акырында ааламды чапчыгысы келген алаамат коомду Алла Таалам Озу талкалап жок кылат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев