Ибн Аббас розиаллоху анху хазретинен укканын Муаз бин Жабал мындай баяндайт:
Бир күнү пайгамбарыбыз менен бирге ансарлардын биринин үйүндө олтурган болчубуз. Көпчүлүк болуп Пайгамбарыбыздын үгүт-насаатын угуп олтурган кезде, сырттан бир добуш угулду.
-Эй, үй ээси..ичкеридегилер.. Мага үйгө кирүүгө уруксат бергилечи.. Менин силерде бир жумушум бар. Силер менен сүйлөшүшүм керек,- деген добуш болду.
Муну уккандардын бардыгы Пайгамбарыбыз С.А.В га карашты. Албетте, жооп Пайгамбарыбыздан гана боло турган.
Пайгамбарыбыз С.А.В мындай деди: "Үйгө кирүүгө уруксат сурап турган ким экенин билесиңерби?"
Биз бир ооздон : "Эң туурасын Алла жана анын элчиси билет" дедик. Ал убакытта Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В: "Ал наалатка учураган Иблис (шайтан) го. Алла Тааланын наалаты ага болсун" дегенде, хазрети Умар розиаллаху анху:
-Эй, Алланын элчиси, мага уруксат этиңиз, аны өлтүрөйүн, -деди.
Пайгамбарыбыз С.А.В:
-Эй Умар! Сен ага белгилүү бир убакытка чейин уруксат берилгенин билбейсиңби? Өлтүрүүнү кой! Эшикти ага ачкыла, келсин! Ал бул жерге келүү үчүн буйрук алган. Силер анын сөзүн жакшылап уккула- деди.
Эшикти ага ачты, ал ичкери кирди. Жана бизге анык көрүндү. Анын келбетин сыпаттай турган болсом, ал бизге картайган бир чалга окшоп чачы сейрек келген, ары ээгинде беш алты кыл (сыяктуу) сакалы бар, көзү төбөсүнөн караган, башы да чооң бир пилдин башына окшогон, ары эриндери да уйдун эрини сыяктуу шалпайган түрдө көрүндү.
Ал эшиктен ичкери киргенде "Салам, сага эй Мухаммад, салам силерге эй мусулмандар жамааты" деп бизге салам берди. Анын бул саламына Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В
-Салам Алланыкы, эй наалаты. Бул жерге бир жумуш менен келдим дегениңди уктум, ал эмне эле?деп сурады.
Шайтан:
-Мага Алла Тааланын тарабынан бир периште келип, "сен моюн сунган түрдө Мухаммадтын алдына бар, Ага адам баласын кантип туура жолдон чыгараарыңды түшүндүр. Жана анын ар бир суроосуна өзүнчө өзүнчө туура жооп бер" деп, мага Алланын буйругун жеткизди. Эгер Алланын бул буйругун орундабасаң же сөзүңө калп кошсоң, Алла Таала сени күлгө айландырат" деп эскертти. Эй Мухаммад, ушул буйрукту орундоо үчүн сага келдим. Каалаган нерсеңди сурай бер! Эң туурасын гана айтамын-деди.
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В:
-Андай болсо, мага айтчы, адамдардын арасында кимди эң жаман көрөсүн?-деди.
Шайтан:
-Эй Мухаммад, адамдар арасында эң жаман көргөнүм сен. Алла Тааланын жараткандарынын арасында сенден көп жаман көр турган эч кимим жок. Албетте, сенден башка ким боло алсын.
Пайгамбарыбыз С.А.В:
-Менден кийин кимди көбүрөөк жаман көрөсүн?-деп сурады.
Шайтан:
-Алла жолунда жүрүп, ар бир ишинде адилеттүү болгон жигитти жаман көрөмүн. Мындан кийин, өзү таза болуп, жууган жерин үч ирет жууй турган адамды. Анан, сабырдуу кедейди.-деди.
Кедейдин сабырдуу болгонун кайдан билесин?
- Эй, Алланын элчиси. Ал өзүнүн муктаждыгын бирөөгө айтпайт. А кимде-ким өзүнүн муктаждыгын бирөөгө жашырбай айтып жүрсө, арийне Алла Таала андай адамдардын сабырдуу кишилердин катарына жазбайт, сабырдуу кишилердин иши буга окшобойт. Мен кишинин сабырдуу болгонун өз муктаждыгын ичинде сактап, нааразы болбой эч кимге айтпаганынан билемин.
-Анан кимди жаман көрөсүн?
-Шугур кылган бай кишини.
-А сен анын шугур кылган бай экенин кайдан билесин?
-Ал ар бир тыйынын адал жолдо, маңдай тери менен таап жана тапкан акчасын колунан келишинче кайрымдуулукка жумшайт. Мен анын шугур кылган бай экенин ушул жеринен билемин.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В суроолорун өзгөртүп, мындай бир суроо берди:
Үммөтүм намаз окуганда абалың кандай болот?
-Эй Алланын элчиси! Мен ал убакытта дирилдеп, титирей баштаймын.
-Эмне үчүн бул абалга түшөсүн?
-Анткени ар бир адам Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн башын саждага койсо, даражасы жогорулайт.
- Орозо кармаган убакытта абалың кандай болот?
-Ал убакта мен талып кулаймын. Толук алар ооз ачканга чейин.
- Ажылык жасаган убакыттачы?
-Ал убакта жинди боломун.
- Курани карим окуганда абалың кандай болот?
- Оо-й, ал убакытта мен от үстүндө эриген муз сыяктуу эриймин.
-Садака бергенде абалың кандай болот?
-Ал убакытта менин абалым өтө жаман болот. Салыштыра айтканда, садака берген киши колуна балта алып, мени экиге бөлгөндөй болот.
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В анын себебин сурады. Шайтан мындай деп жооп берди:
-Анткени садаканын 4 түрдүү жакшы касиети бар. Алар:
1. Алла Таала садака берген кишинин мал дүйнөсүнө береке берет.
2. Садака берген кишини эл да жакшы көрөт.
3. Берген садакасынан Алла Таала ал киши үчүн тозок отуна бир парда тартат. (оттон алыс болот);
4. Алла Таала садака берген кишини балээ жалаадан, кыйынчылыктан алыстатат.
Мындан кийин Пайгамбарыбыз С.А.В асхабтарынын (сахабалары жардамчылары достору) жанында мындай суроолорду берди:
-Абу Бакр тууралуу эмне айтасын?
Иблис:
-Ал мага жахилият мезгилинде (Ислам динин кабылдай электе) моюн сунчу эмес. Ислам динине киргенден кийин кантип моюн сунсун.
- Умар бин Хаттаб жөнүндө эмне айтасын?
-Аллага ант деп айтайын, көргөн жеримде андан качамын.
-А Усман бин Аффан жөнүндө эмне дейсин?
-Андан каттуу уяламын. Алланын периштелери да андан каттуу уялышат.
- А, Али бин Абутолиб жөнүндө эмне айтасын?
-Ах, анын колунан бир кутулсам. Ал өз жайында калса, мен да өз жайымда калсам. Ал мени өз эркиме койсо, мен да аны өз эркине койсом. Мен аны өз эркине койсом да, ал мени өз эркиме койбойт.
Бул жоопторду уккандан кийин сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В: "Үммөттөрүмө жакшылык берген, сага да белгилүү убакытка чейин өмүр берген Алла Таалага чексиз мактоолор болсун" деди.
Бул сөздү уккан Иблис.
Үммөттөрүңдүн жакшылыгы кайда? Мен белгилүү убакытка чейин тирүү тура турган болсом, сенин үммөттөрүң үчүн бардык жамандыктарды жасаймын. Мен алардын ичтерине, кан тамырларына киремин. Бирок, алар менин бул абалымды көрүшпөйт да билишпейт. Алардын бардыгын туура жолдон тайдырып, азгырамын. Үммөттөрүңдүн наадандары менен билидүүлөрү болсун, окубагандары болсун, бардыгы менин колумдан кутула албайт. Бирок, ... тек гана Алла Тааланын "халис" (ыкластуу, таза) кулдардын азгыра албаймын.
-Алла Тааланын халис кулдары сенинче кандай адамдар?
-Билбейсинби? Эй, Мухаммед кээ бир адамдар мал-мүлкүн, дүйнө байлыгын, акчасын жакшы көрөт. Мындай адамдар Алла Тааланын халис кулу боло албайт. А кээ бир адамдар бар. Алар мал мүлкүн же дүйнө байлыгын, же акчасын жакшы көрбөйт. Өзүн башка кишилердин мактап, көтөрмөлөгөнүн да жактырбайт. Алар тек гана Алла Тааланын ыраазылыгын каалашат. Халис кулдар деп мына ушул кишилерди айтабыз. Мындай халис кулдардан алыс жүрөмүн.
Бирөө мал-мүлкүн, дүйнө байлыгын сүйүп, жана мактап, мартабаны жактыра турган болсо, анын жүрөгү, ички дүйнөсү дүйнө кумарына толуп, тек бул дүйнөдө гана сый урматка ээ болууну ойлогон жана каалаган киши болсо, алар үммөттөрүңүн ичиндеги мага эн көп моюн сунгандыгы ушу.
Эй Мухаммад! Дүйнө-мүлккө кызыгуу кунөөлөрдүн эң чоңу экенин, жеке өзүн (эгоист) гана жакшы көрүүнүн өзү да чоң кунө иштердин катарына жата турганын билбейсиңби? Менин жетимиш миң балам бар экенин да билбейсиңби? Мен аларды ар түрдүү жерге орноштурдум.
Эй Мухаммад, билип кой! Балдарымдын жанында дагы жетимиш миң жиндер бар.
Алардын бир бөлүгүн билимдүүлөргө, бир бөүгүн жаштарга (жаш жигиттер менен кыздарга), бир бөлүгүн туура жолдо жүргөн адамдарга, дагы бир бөлүгүн картайган аял кишилерге жибердим.
Жаштар (жаш жигиттер менен кыздар) жөнүндө айта турган болсом, алар менен арабызда эч келишпей калуучулук болбойт. Биз эмне айтсак, ошону орундатышат. Алар менен биз чынында жакшы турабыз. А жаш балдарга келсек, алар менен биз каалаганыбызча ойноп күлөбүз. Биздикилердин бир тобу адамдарга тек жамандык алып келет. Бир бөлүгү алардын жанына барат да, бир балээден (кайгыдан) эми кутулганда, экинчи балээге учуратат. Айтор алардын өз эркине жибербей, айландырып турушат. Алар ушундай бир абалга (жагдайга) түшүшөт. Алар ушундай абалга түшүшүнө себепчи болду деп түшүргөндөрүн сөгүп кунөөлөшөт. Мына биз ушундайча алардан ыкласты алабыз. Алар бул абалдарына иштеген жакшылыктары менен ибадаттарын (кулчулуктарын) ыклассыз орундатайт. Алардын ыклассыз кылган иштери эч пайда бербейт. Бирок, алар бул абалдарынан кабарсыз болушат, -деди.
Мындан кийин Иблис (шайтан) такыба (Алладан корккон) кишини кандайча жолдон чыгарганын айтып баштады:
-Эй Мухаммад, такыба бир киши жетимиш жыл бою чын ыкласы менен Алла Таалага кулчулук кылды. Ибадаттарынын натыйжасында Алла аны ушундай бир даражага көтөрдү. Ар дубасынан оору адам шыпаа таап кете турган болду. Мен анын артынан түштүм эч ажырабадым. Натыйжада ал ойноштук кылды, адам өлтүрдү, аягында капыр болду (Алла Таала жок деп каршы келди.) мындай кишилер тууралуу Алла Таала Куран каримде мындай дейт.:
Кудум шайтан инсанга капыр бол деген сыйактуу. Себеби ал[17] инсанга: “Каапыр бол!” - дейт. Каапыр болгон[18] соң, ал: “Мен сенден алысмын.[19] Мен ааламдардын Эгеси болгон Алладан коркомун” – дейт. ("Хашр"сүрөсүн 16-аяты)
Иблис наалаты мындан кийин кээ бир жаман кулк-мүнөздөргө токтолуп өттү:
-Калпты билбейсиң эй Мухаммад. Калп айтуу менден калган, алгачкы калпты айткан да мен элем. А сенин үммөтүңөн ким билбеген нерсесин, же көрбөгөн нерсесин, мен аны билемин же мен аны көргөнмүн деп ант ичсе, ал менин сүйүктүү досум болот. Анткени, мен алгачкы ирет Адам менен Хаввага билбеген нерсемди билемин деп ант ичкен болчумун,-деди.
Алла Таала Куран каримде бул окуя тууралуу мындай дейт:
«Касам ичти жана да, кеңешчимин чынында» („Аьроф” сүрөсү 21-аяты.)
16.(Иблис) : “Мени кууп жибергениң үчүн мен да аларга каршы Сенин Туура Жолуңда олтуруп аламын.
17.Анан аларга алды-артынан, оң жана сол тарабынан келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың”, – деди.(”Аьроф” сүрөсүнүн 16-17-аяттары.)
Муну орундаймын, анткени билбеген жеримди, ишимди билемин деп ант ичүү мени ырахаттандырат.
Ушак кылуу менен сөз ташуучуларга келсек..Алар менин жемишим. Эрди-катындардын арасындагы талак (ажырашуу) сөзү айтылса, бул сөз бир ирет айтылса, же бул сөздү айтууга себепчи болгон нерсе үстүндө болсун, айтор ким талак сөзүн оозуна алса, чындык белгилуу болгонго (ажырашканча) чейин аялы ага арам болот. Алардын ушундай абалдары мени кыяматка (акыр заманга) чейин дүйнөгө келген балдары ойноштуктан туулган бала болуп эсептелет. Оозго алган ушул (талак) сөзүнүн себебинен баары да тозокко киришет.
-Эй Мухаммад! Намаз жөнүндө да айта кетейин. Мусулмандар ар бир убакытта намаз окууну каалайт. Бирок мен аларды кармаймын, жана мен аларга мен: "Али жашсын, жашың барганда картайганда окуйсун, али сага эрте, дал азыр сенин колуң бош эмес, тек жумушуңду кыл, кийин окуйсун" деп"васваса" азгырык беремин. Ушундайча намаз окуудан тыямын. А эгерде ал мага багынбаса, инсандын шайтанын жиберемин. (Инсандардын арасынан бир бузукусун азгыруу үчүн жиберет) Айтор ага намазын өз убагында окутпоого тырышамын. Эгер ал инсандын да шайтанын тыңдабаса, анда анын сазайын намазда беремин. Намаз окуп жатканда "онюңго..солго кара" деймин. Ал карайт. Андан кийин ага: "сен намазда адепсиздик кылдың" деп анын ыкласын бузамын.
Эй Мухаммад, кимде-ким намазда алаксый берсе анын намазы намаз болбой тургандыгын сен да билесин го. А эгер бул ишимден натыйжа болбосо, жалгыз өзү намаз окуган убакытта жанына барып, намазды тез-тез окууну талап кылам. Ал да намазын тез-тез окуй баштайт. Короз жерден дан терип жеген сыяктуу.
Эгер бул ишимди да орундата албасам, бул жолу жамаат менен намаз окуган кезде ага жакын барып, имамдан мурда башын саждадан, рүкүдөнн көтөртөмүн да, ары имамдан мурда сажда, руку жасатамын. Мына ушундай кылганы үчүн Алла Таала кыямат күнү анын башын эшектин башына айландырат.
Эгер бул иштеримден да бир натыйжа чыкпаса, бул жолу ага намазда бармактарын сындырууну (кырсылдатууну) буйрук кылам. Ушундайча ал мени тасбих эткендерден (мактап, коколоткондордон) болот. Бирок, бул ишти намаз окуп жатканда орундата албасам, ага кайра барып, мурдуна үйлөйм. Мен мурдуна үйлөгөн кезде ал оозун ачып эсиней баштайт. Эгер ал эсинеген кезде колу менен оозун жаппаса, менин кичинекей балдарымдын бири анын ичине кирет.
Кичинекей балам ал адамдын дүйнөгө болгон сүйүүсүн арттырат. Мына мындан кийин ал адам бизге гана кызмат өтөйт. Сөзүбүздү угат. Айтканыбызды эч каршылыксыз орундайт.
Шайтан сөзүнн уланта берди.
-Үммөтүңдүн кайсы бир жакшы иштерине кубанасын. Мен аларга кандай гана тузактарды жасаймын.
Мискиндердин,бей-бечаралардын жанына барамын. Аларга намаз сиздер үчүн эмес. Алла Тааланын кулдары, тамагы жетиштүү, ден солугу мыкты ,ары жакшылык берген кулдары үчүн деймин. Ушундайча алардын намаз окубашын каалап., намаз окубагыла деп буйрук кылам.
Мындан кийин оорулууларга бармын. Аларга намаз окубай эле койгула, анткени Аллах Таала „Оорулууларга күнөө жок” деген деймин. Оорусунан айыгып жакшы болгон убакта көп көп намаз окуп ордун толтурасын деймин. Олтуруп намаз окудан тыямын. Ошентип ал капырлыкка өтүшү да мүмкүн. Эгер анын оорусу күчөп, ушул оору себебинен намазын таштап кетип, ошол бойдон өлсө Алла Таала алдына барган убакытта оруп жатса да намаз окубаганы үчүн өзүнө өзү катуу өкүнөт. Эй Мухаммад! Эгер мен бул сөздөрүмө калп кошсом, Алла Тааладан тиле мени күлгө айландырсын -деди.
Иблис мындан кийин сөзүн улантты:
-Эй Мухаммад! Үммөтүңдү мактаныч кыласынбы? Негизинде мен алардын баарын динден туура жолдон чыгарамын-деди.
Пайгамбарыбыз Мухаммед С. А. В.мындай суроолорду берди:
- Эй наалатка калган Иблис, сенин бирге олтура турган жолдошуң ким?
-менин жолдошум"пайыз (процент)" жеген киши.
-А досуң ким?
-Ойноштук кылган киши.
-Бирге жата турган жолдошуң ким?
-Өлгүчө арак ичип, мас болгон адам.
-Сенин коногуң ким?
-Ууру киши.
-Элчиң ким?
-Сыйкырчы төлгөчү кишилер.
-Көзүңдүн нуру ким?
-Аялынан ажырашкан адам.
-Сүйүктүүң ким?
-Жума намазына барбаган киши-деп жооп берди.
Пайгамбарыбыз суроолорун өзгөртүп, мындай суроолорду берди:
-Эй наалаты сенин көңүлүңдү эмне калтырат?
- Алла жолунда согушка чыккан аттардын кишенеген добуштары.
- Сенин денеңди эмне эритет?
-Бир күнөө жасап, аркасынан тооба кылган кишинин сөздөрү. (Истигфар)
-А бооруңду эмне чиритет?
-Күндүзү, түнү Алла Таалага мол мол айтылган истигфар(кечирим суроо).
-А жүзүңдү эмне бүрүштүрөт?
-Жашыруун берилген садака.
-Көзүңдү көр кылган эмне?
- Тун жарымында окулган намаз. (Тахажжуд)
-А башыңды төмөн шылкыйта турган эмне?
-Ал да түн жарымында окулган намаз.
-Сен үчүн адамдын эң жогорку даражалуусу ким?
-Намаз окуу керек экенин билип туруп, атайын намаз окубаган киши.
-Сенин маанайыңды буза турган эмне?
-Улама аалымдардын жыйналышы.
-Тамагыңды кандай жейсин?
-Сол кол менен. Бармактарымдын учу менен.
- Катуу шамал болгондо же кун катуу ысык болгон убакта балдарыңды кайда сактайсын?
-Адамдардын узун узун тырмактарынын астында
-Эй Иблис наалаты, сен Алла Тааладан эмнени сурадын?
-Мен Алла Тааладан он нерсе сурадым. Аларды да айта кетейин.
1.« Алардын ичинен күчүң жеткендерин үнүң менен азгырып кыйроого алып бар, аларга каршы атчан да, жөө да чык. Мал-мүлкүнө, бала-чакаларына орток бол жана аларга убадаларды бер”. Бирок, шайтан убада кылгандардын баары болгону азгырык гана». („Исро”сүрөсү 64-аяты.)
Ар бир биссмилласыз союлган малдын этин пайыз (процент) деп арам тамактан да жеймин. Менин азгыруумдан Аллага сыйынбаган ар бир кишинин малына ортокмун. Менин азгыруумдан Аллага сыйынбай бир төшөктө жаткан (жыныстык катнашта болгон) эрди катындардан дүйнөгө келген балада бизге багынат, сөзүмдү угат. Кимде ким унаага минип жатканда адал жолго (жакшы жерге) эмес, арам жолго (терс жаман жерге) барууга ниеттенсе мен да аны менен бирге минишемин. Анын сапардагы жолдошу боломун. Алла Таала бул тууралуу мындай дейт:
«аларга каршы атчан да, жөө да чык».
(„Исро сүрөсү 64-аяты.)
2. Алла Тааладан мага бир үй бер деп сурадым. Алла Таалам мага мончону үй кылып берди.
3. Мындан кийин мага бир мечит бер деп сурадым. Алла Таалам мага базарларды мечит кылып берди.
4. Мага окуй турган бир китеп бер деп сурадым. Ырларды мага окуй турган китеп кылып берди.
5. Мага бир жата турган жолдош бер деп сурадым. Мага мас арак ичүүчүлөрдү берди.
6. Мындан кийин мага бир азанчы бер дедим. Сурнайчыларды музыканттарды берди.
7. Мага көмөкчү бер деп сурадым.. Бир жаман ишти кылып коюп пешенеме ушундай жазылган экен дегендерди көмөкчү кылып берди.
8. Мага бир тууган берчи деп сурандым эле, дүйнө малдарын керексиз жерге ысырап кылгандарды берди.
Бул да Куран карим аяты менен далилденген:
«Акыйкатта ысырапкорлор шайтандын достору, а шайтан өз Эгесине каапыр болгон».
(„Исро сүрөсү 27-аяты.)
Ошол кезде Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В „Эгер айткан сөздөрүңдү Куран карим аяттары менен далилдебегенинде сага ишенбейт элем” деди.
Шайтан сөзүн жалгаштырды:
9. Алладан сурадым. Адам балдарын мен көрөйүн бирок алар мени көрбөсүн. Муну да кабыл кылды.
10. Дагы да адам баласынын денесиндеги кан тамырларын мага жол кылып бер деп тиледим. Бул тилегимди да орундады.
Ушундайча мен алардын арасына киремин, каалашымча айтканымды орундатамын. Алла Таала бардык тилегимди кабыл кылды. Бул абалыма мактанамын.
Дагы да айта кетейин . Эй Мухаммед сени менен бирге болгондорго (эрчигендерге) караганда, мени менен бирге болгондор (эрчигендер)көп болот.
Мына ушундайча кыяматка чейин адам баласынын көпчүлүгү мени менен бирге болот.
Мындан кийин Иблис дагы мындай деди:
-Менин бир уулум бар. Анын аты Атеме, анын кылар жумушу кимде ким куптан намазын окубай уктап калса, анын кулагына барып кичи дааратын сындырат. А эгер менин уулум бул ишти орундатпаса, мусулмандар куптан намазын окубай уктай албас эле. Менин дагы бир уулум бар. Анын аты Мутекази. Бул уулумдун аткара турган милдети жашыруун (эч кимге корсотпой) кылган кулчулуктарын(амалдарын) жарыкка чыгаруу. Мисалы: бир киши эч кимге көрсөтпөй жашыруун кулчулук кылса жана аны эч кимге айтпай өз ичинде сактаса уулум Мутекази аны түрткүлөйт. Ал киши жашыруун кылган кулчулуктары менен жакшылыктарын башкаларга айтып жарыкка чыгарат.
Ушундай кылганы үчүн Алла Таала ал кишинин сообунун токсон тогузун өчүрүп таштайт. Тек бир сообу гана калат. Анткени Алла Таала жашыруун кылынган кулчулуктар менен жакшылыктарга жүз сооп берет. Ошондой эле менин дагы бир уулум бар. Анын аты Кухайыл. Бул уулумдун аткара турган иши адамдардын көзүн үргүлөтүү. Ал уламалардын чогулушунда имамдар үгүт-насаат айткан убакыттарда менин бул уулум адамдарга жакындап барып көздөрүнө үйлөйт. Мына ошол кезде аларды уйку басат. Уламалардын же имамдардын айткан сөзүн укпайт. Ушундайча сооптон да куру калат.
Мындан кийин Иблис мындай деди:
-Кандай аял болсо да анын турган жерине балдарымдын бири олтурат.Ар бир аял кишинин койнунда бир шайтан болот. Бирөө сырттан караганда шайтан ал аялды жакшы сулуу кылып көрсөтөт жана ал аялга кай бир иштерди орундоого үгүттөйт. Мисалы: „чачынды жайып, бетиңди бойотуп, кыска кийимдерди кийип, озунду көрсөт. Башкалар сага таңдана кумарлаа карай тургандай болсун” дейт. Ал аял аны кечеңдетпей орундатат. Ошентип аял уялбай ээн эркин кыска кийим кийет. Өз денесин ачып көрсөтүп жүрөт. Уят сый эмне экенин да билбейт калат.
Иблис мындан кийин өз жагдайын айта баштады:
-Эй Мухаммад! Адамды туура жолдон чыгарууда менин колумдан эч бир иш келбейт. Мен тек бир нерсени жакшы көрсөтүп аны көңүлдөрүнө саламын. Эгер туура жолдон чыгаруу менин колумда болгондо жер бетиндеги „Илах жок Алладан башка, Мухаммад элчи Аллага” деген кишилерди, орозо тута турган , намаз окуй турган кишилерди калтырбайт элем. Алардын баарын туура жолдон чыгараар элем. Эй Мухаммад, менин колумдан эч бир иш келбеген сыяктуу адамдарды туура жолго салууда да сенин колундан эч нерсе келбейт. Сен тек гана Алланын элчиси, ары сөзгө чеченсин. Эгер туура жолго салуу сенин колуңда болгондо, сен жер бетинде бир да каапыр калтырбас элең.- деди.
Мындан кийин Пайгамбарыбыз мына бул эки аятты окуду:
«Бирок, Эгең мээримин төккөндөр гана (Исламга кирет). Аларды ошол үчүн жаратты. Ошол үчүн Эгеңдин: “Албетте, Тозокту бүткүл жиндер жана адамдар менен толтурамын”, – дегени шексиз орундалат».
(„Худ” сүрөсү 119-аят.)
«Алланын буйругу – тагдырда бекемделген».
(„Ахзаб” сүрөсү 38-аят).
Мындан кийин Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В Иблиске мындай деди:
-Эй наалаты, сенин тообага келип Алла Таалага кайтууң эч мүмкүн эмеспи? Жаннатка кирүүңө себебчи болойун.
Иблис:
-Эй Алланын элчиси! Ар бир иш берилген өкүмгө жараша болот. Чечимди жазган калем да кууруду. Кыяматка чейин боло турган иштер болот.
Сени пайгамбарлардын ичинде „султаны” кылып жаннат калкынын хатиби (сүйлөөчүсү) кылган жана сени элге үлгү кылган. А мени адашкандардын „султаны” кылган, тозок калкынын хатиби (сүйлөөчүсү) кылган Алла Таала.
Иблис соңку сөзүн мындай аяктады:
-Мына бул айткандарым сага соңку сөздөрүм. Айткандарымдын эч бирине калп кошподум.
Нет комментариев