11.Биз силерди жаратып, жакшы келбет берип, периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Периштелер баарысы сежде кылып, бир гана Иблис сежде кылуучулардан болгон жок.
12. (Алла) :“Сага Мен буйрук кылганда, сени сежде кылуудан эмне тосту”, – деди. Ал: “Мен андан мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың” – деди.
13.(Алла) : “Анда, андан түш! Сенин текеберленгениң дурус эмес. Чык (Бейиштен)! Сен кор болуучулардансың”, – деди.
14.(Иблис) : “Кайра тирилүүчү Күнгө чейин мага мөөнөт бер”, – деди.
15.(Алла) : “Ырасында мөөнөт берилгендерденсиң”, – деди.
16.(Иблис) : “Мени кууп жибергениң үчүн мен да аларга каршы Сенин Туура Жолуңда олтуруп аламын.
17.Анан аларга алды-артынан, оң жана сол тарабынан келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың”, – деди.
18.(Алла) : “Кордолуп, куулган абалда ал жерден чык! Алардан ким сени ээрчисе, силердин баарыңар менен Тозокту толтурамын”, -деди.
19.Эй, Адам! Сен жубайың менен Бейиштен орун алгыла! Экөөңөр каалаганча жегиле, ушул даракка гана жолобогула , (эгер жолосоңор) – заалымдардан болосуңар”, –дедик.
20.Ошондо Шайтан ал экөөнүн уяттуу жерлерин ачуу үчүн азгырды да: “Эгеңер силерди ушул дарактан , экөөң периште болуп, же түбөлүккө (Бейиште) калып кетишет деп, тыюу салган .
21.Чынында мен экөөңөргө насаатчыларданмын”, – деп ант ичти.
22.Ошентип ал экөөнү азгырды. Ошондо экөө дарактан даам татып, уяттуу жерлери ачылып калды. Экөөсү Бейиш жалбырактарынан үстүлөрүнө жамына башташты. Эгелери экөөсүнө: “Экөөңөрдү ушул дарактан тосподум беле?! Шайтан – силерге ачык душман экенин айткан элем го!” – деп айтты.
23.“О, Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, – албетте, зыянга учуроочулардан болобуз!” –деп айтышты .
24.(Алла) : “Бейиштен бири бириңерге душман болуп түшкүлө. Силерге Жерде белгилүү мөөнөткө чейин жашоону жана пайдаланууну (буйрудук),
25.Ал жерде төрөлүп, ошол жерде өлүп, андан кайра чыгарыласыңар”, -деди.
26.Эй, Адамдын урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими – эң жакшы (кийим). Бул – Алланын белгилеринен. Мүмкүн түшүнөрсүңөр!
27.Эй, Адам баласы! Шайтан ата-энеңердин уяттуу жерлерин көрсөтүү үчүн кийимдерин чечип, Бейиштен чыгарган сыяктуу силерди да азгырбасын! Ал жана анын тарапкерлери , силер аларды көрө албаган тараптан көрө алышат. Биз шайтандарды ыйман келтирбегердерге дос кылып койдук.
28.Алар бузукулук кылышкан кезде: “Аталарыбызды ушул жолдо таптык. Муну бизге Алла буюрган”, – дешет . (Эй, Мухаммед): “Чындыгында Алла бузукулукка буюрбайт. Билбеген нерсеңерди Алланын атынан айтпагыла! ” – деп айткын.
29.“Эгем адилеттүүлүккө буйруйт. Ар бир мечиттин алдында жүзүңөрдү кыбылага түздөп, диниңерди Аллага берилип, Андан тилегиле! Силерди оболку жаратканындай , Ага кайтасыңар. (Ароф сүрөсү 11-29 аят)
3330 — حَدَّثَنَا بِشْرُ بْنُ مُحَمَّدٍ أَخْبَرَنَا عَبْدُ اللَّهِ أَخْبَرَنَا مَعْمَرٌ عَنْ هَمَّامٍ عَنْ أَبِى هُرَيْرَةَ — رضى الله عنه — عَنِ النَّبِىِّ — صلى الله عليه وسلم — نَحْوَهُ يَعْنِى
« لَوْلاَ بَنُو إِسْرَائِيلَ لَمْ يَخْنَزِ اللَّحْمُ ، وَلَوْلاَ حَوَّاءُ لَمْ تَخُنْ أُنْثَى زَوْجَهَا » .
1338(3330). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын: «Эгерде жөөттор болбогондо, эт бузулмак эмес,[5] жана эгерде Хавва болбогондо, аялдар күйөөлөрүн алдамак эмес[6]» - дегени рабаят этилет. (Сахих ал-Бухари)
5 Мында Алла жөөттөргө этти жанысында тамакка колдонууга буюрса да жөөттөр аны аткарбай, сактап жегенге өткөндүгү назарда тутулган.
6 Бул жерде сөз түпкү энебиз Аванын Адам (атаны) тыюу салынган дарактын жемишин үзүп алууга азгырып, ага чыккынчылык кылганы жөнүндө болуп жатат.
Нет комментариев