ШАЙТАНДЫН АКЫЛ НАСААТЫ (Окуя)
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, орозодо зекеттен чогултулган тамак-ашка мени кароолчу кылып койгон эле. Түндөсү бир киши келип, зекеттен чогултулган тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алдым да: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам» – деп айтсам,
ал мага: «Мен абдан муктажмын. Менин бала-чакам бар. Мен өтө кыйын абалдамын» – деп мага өзүнүн оор абалын билдирди. Мен ага боорум ооруп, коё бердим.
Эртеси таң атканда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Сен кечээки туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.
- Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып даттанды эле, мен ага боорум ооруп коё берип салдым» – деп жооп бердим.
Менин жообумду уккандан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага жалган айтыптыр. Бирок ал кайра кайтып келет» – деп айтты.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага ошентип айткандан кийин мен анын кайра келээрин билип, аны аңдып турдум. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткандай эле ал түндөсү кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап уурдай баштады.
Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам» – деп айтсам, ал: «Мени коё берчи. Мен чын эле муктажмын. Балдарым да бар. Экинчи кайтып келбеймин» – деп жалдырады. Мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум.
Эртеси эртең менен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.
- Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып жалдырады эле, мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум» – деп жооп бердим.
- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага жалган айтты. Бирок ал дагы кайтып келет» – деди.
Үчүнчү түнү мен аны аңдып отурсам, ал кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын Элчисине алып барам. Сен ушуну менен үчүнчү жолу келбейм деп убада берип, кайра эле келип жатасың» – деп айттым.
Ал: «Мени коё бер. Эгер мени коё берсең, мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм, ал сөздөр сага Аллахтын алдында пайдасын тийгизет» – деди.
Мен таң калып: «Ал кандай сөздөр?» – деп сурадым.
Ал киши: «Кечинде жатаарда аяталь-Курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде аяталь-Курсини окуп жатсаң, ал түнү таң атканча сен Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт» – деп айтты. Ал ошентип айткандан кийин мен аны өз жолу менен коё бердим.
Эртеси таң атканда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менден: «Сен кечээ түнү туткунуңду эмне кылдың?» – деп кайра сурады.
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал мага Аллахтын алдында пайдасы тие турган сөздөрдү үйрөтөм деп айтканынан, кайра коё бердим» – деп айттым.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал кандай сөздөр эле?» – деп сурады.
Мен: «Ал мага: «Кечинде жатаарда аяталь-Курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде аяталь-Курсини окуп жатсаң, ал түнү таң атканча сен Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт» – деп айтты» – деп жооп бердим.
Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Чындыгында, ал жеткен жалганчы. Бирок бул жолкусунда ал сага чындыкты айтыптыр» – деп ал кишинин сөздөрүн тастыктап, менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен үч күндөн бери ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби?» – деп сурады.
Мен: «Жок. Ал ким экенин билбейм» – деп жооп бердим.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага: «Сен үч күндөн бери сүйлөшүп жаткан киши – шайтан болчу» – деп айтты. (Сахих Бухари, 2311)
Касиет Кенжебек уулу
Нет комментариев