а.) рываят кылган хадис: Пайгамбарыбыз (саллоллоху 'алайхи ва саллам) айтты: "Эгер кимдир бироого шайтан келип ой салса" (бул нерсени ким жаратты, мына бул нерсени ким жаратты?) деп сурайт. Керек болсо Аллахты ким жаратты деп сураганга чейин барат. Эгер кимдир бироого, шайтан ушул суроого чейин барса. Даро Аллахтан панаа сурасын, жана шайтандын суроо-жообунан токтосун. (Бухари жана Муслим, Мутафакун алайх хадис.)
Абу Муса Ашьари (р.а)дан риваят: Пайгамбар ( саллаллооху алайхи ва саллам ) бизге беш нерсени айтты:
1.Алла Таала уктабайт, уктоо ага муноздуу эмес.
2.Ырыскыны кобойтот жана кемитет.
3.Тундосу жасалынган амалдар кундузгудон мурун жетет, а кундузу жасалынган амалдар тундогудон мурун жетет.
4.Анын пардасы -нур.
5.Эгер Алла аны ача турган болсо, ал нур баардык макулуктарды куйгузуп салмак. (Муслим).
Абдулло бин Амр бин 'Ас (разияллооху анху)дан риваят: "Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын: "Алла Таала макулуктардын тагдырын асмандар менен жерди жарата электен элүү миң жыл мурда эле жазып койгон" - дегенин уккам. Риваятчы айтат: "Ал кезде Алланын Аршы суунун үстүндө турган".
(Муслим). http://ok.ru/group/54032688873703
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев