Бара-бара бул оору бутка эле эмес жүрөккө, мээге күч келтирип өмүргө коркунуч алып келери турган иш. Варикозду түп-тамыры менен айыктырып сала албаса да, дарыгерлер жеңилдетүүнүн ар кандай жолун сунуштап келишет.
Медицина тилинде варикоз кан тамырдын көөп кетиши деп түшүндүрүлөт. Варикоз - көбүнчө айымдардын көйгөйү. Бул оору негизинен адамдарга гана мүнөздүү илдет. Мындай көйгөйдөн жабыркаган бир да жаныбар жок. Анткени алардын денесинин салмагы төрт бутка бөлүнсө, адамдардыкы эки бутка күч келтирет. Эгер аталган ооруну алдын албаса ар бир бешинчи аялдын 40 жашка барганга чейин кан тамырлары чыгып, жагымсыз көрүнүп калышы мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, дарыгерлердин айтымында, бул оору жыл сайын "жашарып" баратыптыр. Флебологдор варикоздун алдын алуунун ишенимдүү ыкмасы жок дешет. Бул оору тукум куучулук жолу менен өтүшү да мүмкүн экен.
Организмде жүрөккө кан ташуучу жоон кан тамыр (вена) клапандары бар. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар ар кандай себеп менен (туура эмес тамактануу, организмдердин жабыркашынан) улам жабылып, канды чыгарбай калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам жоон кан тамырлар серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болуп, ал жер терини тээп, тултуюп көрүнүп калат. Бул белги варикоз оорусунан кабар берет. Буттун кан тамыры көөп, басканда, кыймылдаганда күч келтирип оорутат.
Варикоздун белгилери:
Буттун кан тамырлары лукулдатып ооруп, тарамыштар тартылып, бут тырышат.
Бут кийимди чечкенде кызыл ашыктын тегереги, томуктар шишип чыгат, ысытып ооруйт.
Бут талып, салмактанып, балтырлар лукулдап ооруп чыгат.
Буттун терисинин өңү өзгөрө баштайт.
Бут оңой менен ысык-суукту сезбей, дайыма уктап калганда чымырап ооруткан абалда болот.
Абайлабаса арты жаман
Аз кыймылдуулук, дайыма туруп же отуруп иштөө, оор жумуштарды кылуунун баары варикоз оорусунун пайда болушуна шарт түзөт. Аял кош бойлуу кезинде салмак кошкондо кан тамырларга күч келип, кан тамырлар жооноет. Көпчүлүк аялдардыкы төрөгөндөн бир жыл өтүп калыбына келсе, айрым аялзатынын кайра калыптанбай да калышы мүмкүн. Варикоздон улам аял төрөттөн эрте калган учурлар бар.
Варикоз оорусу барларга күнгө күйгөндө, мончого барганда, тар ич кийим кийгенде коркунуч жаралат. Себеби, тар ич кийим жамбашты бекем кысып, ал жерде кан топтолуп ооруну күчөшүнө алып келет. Ал эми мончого барганда же күнгө күйгөндө кан тамырда уюп турган кандар жибип, жанданат. Алар организмдеги канга аралашып жүрөккө жетсе инфаркка, мээге жетсе инсультка алып келиши мүмкүн.
Сиздерге форевер алоэ вера продукцияларын сунуштайм:
Алоэ, арктическое море(рыбий жир), гинко плюс жана крем с витамином Е!
📱+7905 766 35 25
#здоровые#путешествие#бизнеспофраншизе#ийгилик#илим#китепкана#бизнестренинг#
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1