Эгер көп убакыт айдалбай турган автоунаа от албай калса таң каласыңарбы? Жок. А эгер узак убакыт бою спорт менен машыккан адам, машыгууну токтоткондо спорттук формасын жоготуп койсо таң калыштуу болобу? Жок. Бул закон ченемдүүлүк бардык нерсе үчүн бирдей иштейт. Анын ичинде биздин психика үчүн дагы. Эң жакшысы кесипкөй адис менен регулярдуу түрдө иштешип, психиканы кереги жок нерселерден тазалап, керектүү ойлор менен азыктандырып туруу өтө зарыл. Тилекке каршы биз жашоонун кайсы өңүтү болбосун кыйынчылыкка дуушар болуп, өз алдынча чечүүгө мүмкүн болбой, депрессияга кабылып, стресске батканда гана психологду эстесек эстейбиз, эстебесек жок.
Стоматологго 6 айда бир кайрылып, тиштерди текшертип турган жеңилби же курт жеп бүтүп, оорутуп, кыйналганда гана дарылаткан жеңилби? Албетте оорубаса да текшертип турган пайдалуу, ден соолукка дагы, финансы жактан дагы. Ушундай эле көрүнүш психикага да тиешелүү. Психолог менен мезгил-мезгили менен иштешип туруу адамга бардык тараптан пайдалуу. Жашооңуздун дээрлик бүт жагы: ден-соолугунуз, ишиңиз, акча жааты, башкалар менен мамилелериниз, эң биринчи өзүңүз менен болгон мамилеңиз жөнгө салынып, жакшырганын бат эле байкайсыз.
• Ошондуктан жакшы психолог азыркы тапта күн сайын керек деп кеңеш айтам.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев