🤔
Себеби ал сенсорик, орусча ощущатель, кыргызча туйгуч, психикасынын күчтүү функциясы аңдап-туйуу.
🏷️А мен силерге 4 психологиялык тип жөнүндө айтып беришим керек болчу туурабы? Бул экинчиси.
Анда төмөнкү сүрөттөөлөрдон өзүңөрдү же тааныштарынарды тапсаңар комментарийде болушсонор болот🙂
🔸Сенсориктердин миссиясы аткаруу, башкаруу, ишке ашыруу, кеңейтүү иши кылып кыймыл-аракет менен байланыштуу. Эсиңердеби интуиттер жаңы идеяларды жаратышат, ал эми сенсориктер ошол идеяларды ишке ашырат.
🔸Сенсориктердин сезүү органдары абдан жакшы өнүккөн, көрүүсү, угуусу, жыт сезүүсү дегендей.
🔸Ошондуктан алар үчүн материалдуу, сырткы дүйнө ички дүйнөгө караганда маанилүү.
🔸Сенсориктер үчүн лидерлик, авторитет, статус, материалдык байлык, кымбат баалуу буюмдар, брэнд кийимдер өтө маанилүү.
🔸"Ойлоно бербей, ишке ашыр" деген булардын девизи. Бир нерсени жасаш керек болсо эч нерсени ойлонбой жасап башташат.
🔸Булар башкарганды, буйрук бергенди, котрольдоп текшергенди жакшы көрүшөт.
🔸Булар жакшы тактиктер, бирок стратегдер эмес. Булар токойду жалпылап көрө алышпайт, бирок ошол токойдогу ар бир теректи өзүнчө көрүшөт.
🔸Тамак ичкенди эч качан унутушпайт, гурман болушат. Негизи эле дене, физиология менен байланышкан нерсенин баары аларга маанилүү. Мисалы массажды жакшы көрүшөт.
🔸Буларда интуиция эмес, инстинкт жакшы өнүккөн. Айбандык инстинкт, коркунучту, кубанычты алдын ала сезе алышат.
🔸Булардын дене түзүлүшү боюнча абдан кең далылуу, карылуу, моюндары кыска, баштары ийиндерине бекем буралып тагылган сыяктуу. Бурулганда бүткүл корпусу менен бурулуп карашат. Көбүнчө алакандары төрт чарчы болуп, манжалары кыска болот.
Булардын денесинен бир айбат, күч сезилип турат.
🔸Булар баш менен иштегенге караганда, кол менен иштегенге жөндөмдүү. Кол менен жасаганга мастер болушат. Уста, уздар, поварлар, массажисттер ж.б. сыяктуу.
🔸Эгер интуиттер көбүнчө асманда, кыялдарын да учуп, өзүлөрүн жерде конок сезишсе, булар өзүлөрүн жерде кожоюн сезишет. Негизи өзүлөрүн баардык жерде кожоюндай алып жүрүшөт.
Жаза берсем сөз түгөнбөйт, негизгилери ушулар.
Өзүн тааныгандар барбы, же тааныштарынарды тааныдынарбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев