Биз адамдар территориябыз бир болгон менен, ааламдарыбыз ар башка.
Кээ бир адамдар жөнүндө айтканда "Оо ал өзүнчө бир аалам да" дегендерди уктунар беле?
Биз башкалар менен мамиле курганда, муну эстен чыгарбаш керекбиз. Ар бир адамдын өзүнчө ааламы бар экенин.
Биздин аалам ар дайым башка ааламдар менен кесилишип турат.
Бул ааламдардын өзүнүн тили, өз мыйзам, өз эрежелери бар. Бул "жакшы", бул "жаман", бул "сүйүү", бул "жек көрүү" дегендей.
Эгерде силер айлананардагылардын баары өзүңөргө окшош деп ойлосоңор, анда силер эч качан мамилелердин борборунда болбойсунар, дайыма четинде эле болосуңар.
Мисалы, сиз спонтандуу, башкача айтканда эч нерсени пландабаган, кокус эле чечим чыгарган адамсыз.
Сиз бирөө үчүн суперсиз, баатырсыз, укмуш кыйынсыз, ал эми экинчи бирөө үчүн тартибиниз жок, дисциплина дегенди билбеген жаман эле адамсыз.
Тип деген биздин үлгүбүз, лекало сыяктуу, биз ошол лекалону башкаларга ылайыктап көрөбүз, канчалык туура келет экенин аныктоо үчүн.
Биздин аалам биздин тип аркылуу түзүлөт. Тип деген биздин оздугубуздун, инсандыгыбыздын кол тамгасы. Тип сизге керек адамды табуу үчүн керек болгон маалыматтын баарын өзүнө камтыйт.
Инсандын 4 тиби болот: логик, сезимтал, интуит жана сенсорик.
Буларга ылайык дүйнө менен, адамдар менен мамиле түзүүнүн дагы 4 жолу болот.
Типтерди үйрөнүү башка адамдын ааламына ачкыч болуп эсептелет.
Өзүңөрдүн тибинерди билгинер келеби?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев