~
📝..Намаз, адаттагы жемей, ичмей,
уктамай сыяктуу, аткарган адамга сооп жок, аткарбаганга куноо жок
болгон, ар кимдин каалоосундагы
мубах нерсе эмес. Жок. Намаз
андай нерсе эмес! Намаз ото орчундуу, ото зарыл, ото анык
жана ото белгилуу нерсе. Анын
озгочо эрежелери, тузулгон
жадыбалы бар. Сен маселен, озундон тамактануу эреженди
каалаганындай озгорто аласын. Бирок, намаз эрежелерин
озгортонго кошумча же алымча
кылууга, эртелетууго же
кечендетууго укугун жок. Буга сен
кийлигише албайсын.
Мунун
мааниси:
“сен кулагын менен
тамактана албайсын” деген менен
барабар. Эгер сен кулагын менен
тамактана алсан, анда намазга да
кийлигише аласын. Эч качан
кулагын менен тамактана
албайсынбы, анда демек, эч качан намаздын ирекеттери менен
убакыттарына да кийлигише
албайсын! Дагы эгер окшотуу
мумкун болсо, намаз — бул сенин
ишин же соодан сыяктуу. Эгер сен
ишине толук барсан айлыгынды да
толук аласын. Ошондой эле, эгер
сооданды узгултукко учуратпай
жургузсон, намянына да акча
кобуроок тушот. Ал эми, ишинди
же сооданды узгултукко учуратсан айлык маянаны да аз аласын, пайданы да аз табасын.
Биз жогоруда “намаз каалаганда
аткарып, каалаганда аткарбай
коюла турган мубах нерсе эмес”
деген элек. Кээ бир учурда адам
баласы ошол мубах нерселерди
да озу каалагандай жасай албай
калат. Маселен, радио
кабарларын угуу мубах нерсе.
Бирок.., сен тун жарымда туруп алып, бийик добушта радио
уктурууларын уга аласынбы?
Ошенттин дейли. Анан эмне
болот? Ооба. Кошуналарын дубалынды каккылап, эшигинди
тепкилеп, жети атандан бери
ашата согот. А, сен радиондун
унун очургучо шашасын. Ыя, эмне
болду? Радио кабарларын
каалаган убакытта угуу мубах эмес
беле? И-и, корсо мубах
нерселердин да чеги болот экен.
А, сен эмне учун оз эркиндигинди
чектедин? Мунун себеби, сен
аттап кете албай турган жеке жана
коомдук эрежелер бар. Бироонун
укугу деген нерсе бар.
Шорун каткыр адамзат! Бири-биринин
адамдык укугун сактайт дагы, бардык ааламдардын жаратуучусу
Аллах Тааланын Раббилик
укугуна, кожоюндук укугуна коз жумуп койот. Озунун бузук
радиосун каалаганда уга албайт
дагы, Аллах парыз кылган
намазды “кааласам окуймун,каалабасам окубаймын” деп
кербезденет!
📗"Намаз жонундо насыйкат" китебинен
🌿ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев