~
Хадиси шарифтерден жооп:
->>"Тамакты чогулуп жегенде береке бар.” [Ибни Маже]
->>"Бисмиллах менен желген тамак берекелүү болот.” [Ибни Маже]
->>"Береке тамактын ортосуна түшөт. Ошондуктан, четинен алып жегиле, ортосунан жебегиле!” [Тирмизи]
->>"Сахурда жана сахур тамагында береке бар.”[Таберани]
->>"Тамактан мурда жана кийин колун жууган адамдын үйүнүн берекеси көбөйөт!” [И.Э.Шейбе]
->>"Ысык тамакта береке болбойт.”[Дайлами]
->>"Балда береке жана шифаа бар.”[Таберани]
->>"Сиркеде(уксуста), хурмада, сүттө береке бар.” [Ибни Маже]
->>"Ырыскысына ыраазы болгондун берекеси көбөйөт, ыраазы болбогондуку берекесиз болот.” [Ахмед]
->>"Соода-сатыкта көп ант ичүү товардын берекесин кетирет.”[Муслим]
->>"Соодада береке бар, соодага жалган, кыянаттык аралашканда берекеси кетет.”[Бухари]
->>"Береке улууларыңарда.”[И.Рафии]
->>"Эки баласынын кыз болуусу аялдын берекесинен.” [Ибни Асакир]
->>"Кыз бала – береке.” [Дайлами]
->>"Баласыз үй берекесиз болот.”[Эбушшейх]
->>"Үйүңө киргенде үй калкына салам бер, үйүңдүн жакшылыгы жана берекеси көбөйсүн!” [Хараити]
->>"Дуба өмүрдүн берекесин арттырат.” [Тирмизи]
->>"Куран окулган үйдүн берекеси көбөйөт. Куран окулбаган үй берекесиз болот.” [Дарими]
->>"Конок миң береке жана миң рахмет менен келет.”[Нисаб-ул ахбар]
->>"Үйүнөн эрте чыккан адамдын иши берекелүү болот.”[Беззар]
->>"Жолго чыгып жатканда достору менен коштошкон адам алардын дубалары менен берекеге ээ болот.” [Дайлами]
->>"Эне-атасына кызмат кылган адамдын өмүрү берекелүү, аларга каршы келгендердики берекесиз болот.” [И.Ахлагы]
->>"Мухаммед ысымдуу адам болгон үйдө жана жерде береке болот.” [Дайлами]
->>"Багымдаттын сүннөтүн үйдө окуу ырыскынын берекесине себеп болот.” [Имад-ул-ислам]
->>"Намаз окуган адамдын ырыскысы берекелүү болот.”[М. Жанна]
->>"Мөөнөттүү соода-сатыкта, карыз берүүдө жана арпа аралаш нанда береке бар.” [Ибни Маже]
->>"Үйдө мусурдун болуусу берекесиздикке себеп болот.”[Дайлами]
->>"Ырчы жана пайызчылардын тапканында береке болбойт.”[Дайлами]
->>"Бир жамиятта бири сүйлөп жатканда экинчиси үн чыгарбай отурбаса ал жер берекесиз болот.” [Байхаки]
🌿ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев