Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:Башында таажысы бар ак короз менин досум жана менин досумдун досу жана менин душманымдын душманы.(Сиратуш шамий 7/416)
Шейх Мухиббуддин Тибрий баян кылат:"Пайгамбарыбыздын (саллалооху ъалайхи ва саллам) ак корозу бар эле".(Хаятул Хайван 2/344)
Абу Зайд Ансарий (р.а) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Ак короз менин досум жана менин досумдун (момундун) досу. Менин душманымдын душманы. Озунун кожоюунунун уйун сактайт жана анын айланасындагы тогуз уйду сактайт".(Жаамиъус Согир 1/361)
Анастан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Ак короз менин досум жана менин досумдун (момундун) досу жана менин душманымдын душманы".(Жаамиъус Сагир1/361)
Дос дегендин мааниси-жакшылык каалоо,пайда жеткируу. Анткени анын кыйкырыгынын себебинен тахажуд намазына ойгонотк эле жана намазга ойготуу, жакшылыкка себеп болуу. Ошол себептен Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) аны, дос деп айтты.
Ал эми каапыр жана бейкапар, куноокор элдер анын кыйкырыгынан кыжаалат болушат. Ошондуктан мындай элдер учун Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) душмандын душманы деп айтты. Сактай дегендин мааниси-анын кыйкырыгынан шайтандар качып кетет жана шайтандардан сакталып калат.
📝КОРОЗ НАМАЗГА ОЙГОТОТ:
Хаалид Жуханий (р.а) айтат, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Корозду сокпогуло. Ал силерди намазга ойготот".(Абу Дауд 696, Сиратуш Шаамий 7/414)
Абу Котададан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Корозду жаман деп айтпагыла, ал силерди намазга чакырат".(Сирату Шаамий 7/414)
Короз тан сурулгон учурда кыйкырып уктоочуларды намазга ойготот. Уйкунун бейкапарчылыгынан ойготуп намазга тургузат. Кудум, ал намазга тургузган жакшы кызматчыдай.
📝КОРОЗДУ ЖАМАНДООДОН ТОСУУ
Ибн Аббастан (р.а) риваят: Пайгамбарыбызга (саллалооху ъалайхи ва саллам) жакын жерден бир короздун уну чыкты. Бир киши аны тилдеди. Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) ага мындай деди:"Аны тилдебе. аны жамандаба. Ал сени намазга тургузат".(Сиратуш Шаамий 7/414)
Короздун кыйкырыгынан уйкусу бузулуп калганда кээ бир кишилер ага жаман создорду айтып согот. Андан Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) кайтарды. "Аны жамандабагыла ал силерге жакшылык каалоочу, Алланын парзын аткаруу учун силерди ойготот".
КОРОЗ БАГУУГА БУЙРУУ ЖАНА АНЫН ПАЙДАСЫ
Жаабир (р.а)риваят кылат:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) ак корозду багууга, кармоого буйруду. Кайсыл уйдо ак короз болсо шайтан, сыйкырчы, жылан, чаян ж.б да келе албайт".(Сиратуш Шамий 7/414)
📝СЫЙКЫР ЖАНА ШАЙТАНДАН САКТАНУУ
Абдулло бин Умар (р.а) риваят кылат:"Короз намазга ойготот. Ким ак короз бакса Аллах Таала аны уч нерседен сактайт. Ар бир шайтан, сыйкыр жана козу ачыктардан".(Байхакий 7/414, Сиратуш Шаамий 7/414, Жаамиъус Сагир 261)
Корозду уйдо багуунун бир нече пайдалары бар. Баарынан чон пайдасы-тахажуд жана тан сурулгон учурда кыйкырып уй ээлерин ойготот. Экинчи пайдасы-уйго шайтан кирбейт жана уй сыйкырдан да сакталып турат. Зарылчылык болгондо союп жесе да болот.
📝КОРОЗ КЫЙКЫРГАНДА УЙКУДАН ТУРУУ СУННОТ
Айшадан (р.а) риваят:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) короз кыйкырган убакытта ойгонот эле".(Бухарийй 152)
Ибн Аттал айтат:"Короз тундун учтон эки болугу отуп, учтон бир болугу калганда кыйкырат".(Фатхул Баарий 4/17)
Короз кээ бир учурларда эки жолу кыйкырат. 1 Тундун учтон бири калганда 2 Тан атаардан бир аз алдын тахажудду окуучуларды ойготот. Ушул хадистерден, Абу Зайд Ансарийнин (р.а) риваятын эске алып, короз багуу суннот экендиги да белгилуу болду.
Шейх Мухиббуддун Тибрий (р.х) баян кылат:"Сахабалар намаздын убактысын билуу учун сапарда короз алып журушот эле".(Хаятул Хайван 2/344)
📝КОРОЗ КЫЙКЫРСА ЭМНЕ ДЕП АЙТУУ КЕРЕК?
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Силер короздун кыйкырыгын укканынарда Аллахтын айколдугун сурагыла. Анткени ал периштелерди корду".(Бухарийй, Муслим 2/351)
Булак:Мухаммад(саллалооху ъалайхи ва саллам)дын сунноттору
🌿ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев