~
📌 Адам баласы күнүнө 3 сыноого дуушар болот,бирок алардын бирөөсүнөн да пайда албайт.
📌 1- Күнүгө өмүрү кемип жатат, өмүрүнүн кемигенине көңүл бурбайт, а эгерде байлыгынан бир нерсе кемип калса аябай ойлонот. Байлык табылат а өткөн өмүр табылбайт.
📌 2- Күнүгө Аллахтын ырыскысынан жейт, ал жеген ырыскысынан суралат адал болсо дагы(адалдан тапса дагы). Ал эми ал жеген ырыскысы арам болсо, анда ал үчүн жазаланат, жаза кандай болушун билбейт.
📌 3- Күнүгө бул дүйнөдөн алыстап акыретке жакындап барат, ошондой болсо да түбөлүктүү акыретке убактылуу, жок болуучу жалган дүйнөгө кам көргөндөй кам көрбөйт. Ошондой эле ал өзүнүн баратурган жери бийик бейиш же чуңкур тозок экенин да билбейт.
📌 Оо Аллахым ойубуздун жана илимибиздин жеткен чегин дүнүйө гана кылып койбо, жана биздин баратурган жерибизди тозок кылбай түбөлүк жашай турган бейиш кыла көр. Мурунку соолих адамдардын Аллахтын китеби Кураанга, ибаадатка жана илимге чарчабай-чалдыкпастан көп мөөнөттө отургандарын угуп таң калчу элем. Азыркы убакта соткаларын кармап алып канчалаган сааттарды өткөзүшүп отургандарын көргөнүмдө баягы таң калганым жоголуп кетти, себеби жүрөк кайсы нерсени жакшы көрсө ал нерседен чалдыкпайт да жана чарчабайт да турбайбы.
Оо Аллахым бизге өзүңдүн китебиңди күнү-түнү окушту жана ага өзүңдү ыраазы кылгандай амал кылууну баарыбызга насип кылган болсун! ~
📝 Баатыр Арапбай уулу
Бизге
Катталыныздар-⬇
vk.com/iymannuru instagram.com/iymannuru facebook.com/iymannuru ...
WhatsApp +7 929 607.88.93
( Мырзалар тайпасы)
🌿 ЫЙМАН НУРУ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев