Предыдущая публикация
Онор алды кызыл тил деп элибиз,
Созго сынып, созго жыгып келчуубуз.
Оз созуно бек турбаган жигитти,
Созу олгончо озу олсун дечуубуз.
Манас айткан, олсо кошуп ыйлаган,
Санжыра айтып, сынчылары сындаган.
Чечен суйлоп, куудулдары кулдуруп,
Акындары жети кундоп ырдаган.
Жыгач уста, темир уста зергерлер,
Кыз келинден чыккан ууз чеберлер.
Жок дегенде каркан-тузак салышып,
Элин баккан анчы болуп мергендер.
Кыргыз элин туу чокуга чыгарган,
Онорлор коп ит агытып куш салган.
Саяпкерлер таптап чапкан кулуктор,
Аш-тойлордо канча соорун байге алган.
Аш-тойлорду салт билгендер тейлеген,
Элди болсо мыктылары бийлеген.
Кандай элге баратабыз айланып,
Создон болок бир онорду билбеген.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев