"Билмексен бол"...
Эгерде кайгылуу күндөр эсиңе түшсө, ал күндөр болбогон деп бил жана жашооңду уланта бер!.
Эгер жийиркеничтүү, уят сөздөрдү угуп калсаң, ал сөздү укпагандай жана уят сөз айтылбагандай жашай бер!.
Эгер сага кимдир бирөө жамандык кылса, аны кечир жана эч нерсе болбогондой жашооңду уланта бер!.
Эгерде бул дүйнөнүн бир жакшылыгына жетпей калсаң кайгырба, эч нерсе болбогондой өмүр сүрө бер. Анткени өмүр кыска. Чыныгы бакыт, бакытка жеткен адам эмес. Балким бакытка жетпей туруп өзүн бактылуу сезген адам.
Ар бир айтылган сөздү тактай бербе!
Сен жөнүндө айтылган сөздөрдү териштире бербе!.
Сага жамандык кылган ар бир адам менен эсептеше бербе!.
Сага кол салган ар бир адамга кол салышың шарт эмес!.
Сага душмандык кылган адамдан өч алба!.
Эгер сак болсоң, Алла Таала ден соолугуңду чың кылат. Түнү тынч уктайсың, ырахаттанып жашайсың, көңүлүң тынч болот.
Намазга турган кезде жүрөгүң Алла Таала менен гана байланышта болсун. Андан башка нерселерден сакта.
Жыйында отурган кезде тилиңди сакта.
Бөтөн адамдардын үйүндө болсоң көзүңдү сакта.
Тамактанганга отурган кезде ашказаныңды сакта.
Эки нерсени эч качан эстебе: 1. Адамдардын сага кылган жамандыктарын. 2. Өзүңдүн адамдарга кылган жакшылыгыңды.
Эки нерсени эч качан унутпа: 1. Алла Тааланы. 2. Акыретти.
Эгер бир адам сага орой сөз айтса, анда ал адамга ачууланба, жөн гана жылмайып кой. Анткени ал өзүнүн ким экендигин сага көрсөтүп койду. Адам көркү акыл болот, акылдуу адамдан гана акыл сөздөр чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат. Андыктан тентекке теңелип, терек бою секирбе!.
Наадан адамдарын айткан сөздөрү жүрөгүңдү жаралабасын. Дайыма: "Чагылган чокуга гана түшөт" - деген сөздү эсиңе сакта. Адамдар сагызганга тор салбайт, анткени андан эч кандай пайда жок. Бирок булбулга тор салышат, анткени анда мукам үнү бар. Эч ким терекке таш атпайт, анткени анда мөмөсү жок. Бирок алмага таш ыргытат, анткени анда мөмөсү бар.
Таш боорлук жүрөктүн өлүк экендигин билдирбейт, кээде жумшак жүрөк биздин пайдабыз үчүн таштай катуу болгонго туура келет.
Эгер бирөө сага тилинин канжарын сайып сокку берсе, сен да ошол канжар менен жооп беришиң шарт эмес. Балким сен ага жылмайуунун кылычын сайып алсаң жакшыраак болот.
Ниетиңди түздө, туура эмес оюңду адамдарга таңуулаба!.
Эгер бирөө сага жаман насаат айтса, анын сөзүн бөлбөй аягына чейин ук. Анткен ар бир жамандыктын артында жакшылык бар.
Адам өлгөндөн кийин эмне тирүү бойдон калаарын билесиңби?.
Жүрөк.......10 мүнөт.
Акыл ......... 20 мүнөт.
Көздөр ....... 4 саат.
Тери ............ 5 күн.
Сөөктөр ..... 30 күн.
Салих амал .... кыямат күнүнө чейин... Андыктан жүрөгүң согуп, денеңде каның жүгүрүп турган кезде акыретиңе азык камда!!!.
Интернет булактарынан алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2