Заказ тел:+7926 275 10 84
Варикоз дененин кайсы жеринде учурайт?
Вена дене бөлүктөрүнүн бардыгында кездешкендиктен, варикоз оорусу да түрдүү себептер менен дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, арткы тешикте (геморрой), бутта, ички органдарда, алтургай, жыныстык органдарда да кездешет. Жыныстык органда кездешкен түрүнө эркектердин варикоцеле оорусун мисал кылсак болот. Антсе да буттун варикозу менен көпчүлүк адамдар оорурун айта кетели. Эмесе, сөз буттун варикоз оорусу тууралуу болмокчу.
Буттун варикозунун белгилери:
Бут талып, салмактанат.
Жумуш кылган соң, бут сөзсүз ооруп чыгат.
Кечкисин тизенин жана кызыл ашыктын тегереги шишийт.
Буттун сезимдүүлүгү төмөндөп, сайгылашат жана ачышат.
Бутта, көбүнчө тизеде узакка айыкпоочу жаралар пайда болот.
Буттун терисинин өңү өзгөрөт.
Буттун кан тамырлары лукулдатып оорутуп, түнкүсүн тарамыштар тартышып, карышат.
Кан тамырларда торду элестеткен түйүндөр пайда болот.
Варикоз оорусунун келип чыгуу себептери
Дамамат туруп же отуруп иштөө.
Аз кыймылдуулук жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү.
Семирүү, оор жумуштарда иштөө.
Тукум куучулук.
Тубаса варикоздук оору менен төрөлүү жана башкалар.
Аллергиялык оорулар.
Жыныстык гормондордогу өзгөрүүлөр.
Буга көбүнчө аялдар кез келишет. Мисалы, этек кирлери келээрде көпчүлүгү буттарынын оорутканын сезишет. Мындан тышкары аял кош бойлуу кезинде вена кан тамырларында өзгөрүүлөр болот да, төрөттөн соң калыбына келет. Кээлеринде болсо кээ бир себептерден улам калыбына келбей, биротоло калып калышы да күтүлөт. Варикоздо гормондордун өзгөрүшүнүн айынан аялдар төрөттөн эрте калып да калышат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев