Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкөнүн агроөнөр жай тармагындагы аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу баяндама жасады.
«2024-жылы айыл чарба тармагында олуттуу жетишкендиктер болду. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү 395 млрд сомго жетип, өсүү темпи 106,3%ды түздү. Ал эми кайра иштетүү тармагында 87 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 120%ды түздү. Экспорт боюнча 60ка жакын айыл чарба продукциясынын түрү дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнө чыгарылды. Элибиз негизги социалдык мааниге ээ тамак-аш азыктарынын 9 түрүнүн ичинен 6 менен толук камсыздалды», – деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал суу – айыл чарбасынын негизи экенин белгилеп, бул багытта 10 ири инвестициялык долбоор ишке аша турганын айтты. 2025-жылы ирригацияга 5 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады.
Форумдун жыйынтыктоочу күнүндө Бакыт Төрөбаев Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктын негизинде агроөнөр жай тармагында ийгилик жараткан адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле Министрлер кабинетинин сыйлыктары ыйгарылды.
Белгилей кетсек, 28-30-январь күндөрү өткөн «Агродиалог – 2025» форумунда эң жогорку түшүм алган жана айыл чарбасында чоң кирешеге жетишкен 32 адам «чемпион» деп табылды.
Иш-чаранын катышуучулары өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү жана экспорт жаатындагы жетишкендиктери менен ой бөлүштү. «B2B» аянтчасында консультациялар уюштурулду. Катышуучулар тажрыйба алмашып, керектүү маалыматтарды алышты, жаңы өнөктөштөрдү табып, өз ара келишимдер менен меморандумдарга кол койушту.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев