СУРОО: 33 жолудан зикирди сол кол менен чалса болобу?
ЖООП: Оң кол менен жакшыраак. Бирок сол колуңуз менен, же эки колуңуз менен чалсаңыз да жарай берет. Маселе, кайсыл кол менен чалууда эмес, зикирдин чалынуусунда турат.
СУРОО: Эркектердин чачын кыркып иштесе болобу? Чачтын бардыгы бирдей болуш керек дейт, бирок азыркы учурда төбөсүн, маңдайын бир аз узунураак кылышат. Болобу?
ЖООП: Бирдей дегендин мааниси, таптакыр маскарапоз болуп кетпесин деген сөз. Кээ бирлер башынын кээ бир жерин таптакыр кырдырып, башка бир жерин өстүрүп алганын шариятыбыз жактырбайт. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) жек көргөн. Ал эми узундугу бири-бирине жакыныраак болгон чач жасалгаларына шарият каршы эмес. Андыктан эркектерге чачтарач болуп иштесеңиз болот.
СУРОО: Мен музыканы көп угам. Бул туура эмес дешет. Чынбы? Сүрөөлөр жаздырылган телефон, дисктерди үйгө коюп койсо болобу?
ЖООП: Музыканы көп уксаң жүрөгүң карайып кетет. Ырайым-мээримден кур жалак каласың. Телефон менен дисктерди үйгө койбогондо көчөгө коймок белең? Бийигирээк жерге койсоң жакшы.
СУРОО: Аалымдарды каяктан тапса болот?
ЖООП: Республикалык масштабдагы аалымдарыбыз бир топ эле бар. Облустугу андан көп, райондугу жер жайнайт. Айылдыгынын эсеби жок, көп. Кыргыздын эки күн намаз окуса, үчүнчү күнү молдо болуп алмайы бар эмеспи?. Молдо Сабыр, Молдо Газы, Молдо Надыр, Молдо Ахун, Абдышүкүр ажы, Максат дамбылда, Сиражиддин шейх, Нурулла кары, Жээнбек шейх деп санап олтурсаң бир канчага барып калат.
СУРОО: Күйөөм мас эле, атасына өчөшүп «3 талак бердим» деп айткан. Бирок артынан «Тообо кылдым, сени менен жашайм, атама өчөшүп айттым эле»,- деди. Азыр нике окутпай эле жашап жатабыз...
ЖООП: Күйөөңдөн суроо керек. Эгер сага талак берүүгө ниети жок болсо, айткан талагы түшпөйт. Анткени ал өз сөзүндө сенин атыңды айткан эмес, талакты сага таандык кылуучу сөздөрдү колдонгон эмес. А эгер, ниетинде талак берүү болгон болсо, талак түшөт. Кокустан сенин атыңды айткан болсо, ал учурда ниети суралбайт. Айткан талагы түшөт.
СУРОО: Жыныстык мамиледен кийин аялым экөөбүз гусул ала элек болчубуз. Конок келип калды. Учурашып, тамак-аш берсе болобу?
ЖООП: Эки колуңарды жууп алган болсоңор боло берет.
СУРОО: Бир кыз менен интернет аркылуу үйлөнүү максатта сүйлөшүп жүрөм. Күнөө болбойбу? Анан бизде кыргыздарда сөйкө салып болуп коюу деген салт бар. Шариятта кандай каралат?
ЖООП: Интернеттен кыздар менен сүйлөшкөнүң күнөө болот. Сөйкө салып коюу шариятта бар маселе. Кыргыздар мусулман болгондуктан дээрлик бардык салттарыбыз шариятка төп келет.
СУРОО: Орозодо даарат алганда оозуңа суу алса болобу? Кээде намаз окуп жатканда азан угулуп калат. Ошондо башынан окуш керекпи?
ЖООП: Орозо учурунда даарат алганда оозго жана мурунга суу алса болот. Бирок тереңдетип алгандан сактануу керек. Азан өз убагында так айтылуусу кажет. Мисалы, Бишкектин борбордук мечитинде багымдаттын азанын жыйырма мүнөт кечиктирип айтышат. Азан өз убагында так айтылса, азандан кийин окуу керек болот. А бирок, азан кеч айтылса, сиз өз убагында так окуп жатсаңыз, эч кандай маселе болбойт.
СУРОО: Этек кир келген учурда окулбай калган намаздар карыз болуп калабы? Орозочу?
ЖООП: Этек кир келген учурлардагы намаздар карыз болбойт. Ай сайын келгендиктен аялзаты бул учурлардагы намаздардын карызынан куткарылган. Ал эми орозо бир жылда бир жолу болгондуктан, этек кир келип, тутулбай калган күндөрдү кармоо анчалык деле оор болбогондуктан, алар карыз болуп эсептелет.
СУРОО: Багымдат намазынан кийин даарат бузулса, бетиңди, бутуңду жуубай, аврат жериңди гана жууп, дуба окуп, зикир чалып отурса болобу, же кайрадан даарат алуу керекпи? Телевизор көрүп, музыка угуу күнөөбү?
ЖООП: Ооба, даараты жок деле зикир чалса жарай берет. Телевизордон шариятка каршы келбеген нерселерди көрсө болот. Музыка жөнүндө жогоруда айттык.
СУРОО: Сакал өстүрүү парзбы? Ата-эне каршы чыкса алыш керекпи?
ЖООП: Сакал коюу сүннөт. Ата-эне каршы чыкса алуу керек болот. Ошол эле учурда ата-энесине хидаят-туура жол сурап дуба кылуу да керек болот. Анткени, ыйманы алсыз ата-эне гана сакалга каршы чыгат.
Булагы: "Акыйкат жолу" китебинен
Даярдаган: Ахунов Акжол
______________________________________
______________________________________
🌟 Ислам Нуруна катталыңыздар 🌟
⭐ 4040 смс кызматы⭐
4040 кыска номерине:
FOLLOW islamnyrykg деп бир жолу смс жөнөтүңүз.
Катталуу акысы 1 сом
Эскертүү: Кызмат билайн жана мегаком операторлору үчүн гана жеткиликтүү.
______________________________
- Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Vk.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - Twitter.com/islamnyrykg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев