9-Бөлүк-Заараны дары катары ичсе күнөө эмеспи? 077246...
-Таптакыр башка дары жок болуп, ошону ичмейинче айыкпай турган болсо ичсе болот. Андан башка учурда болбойт.
-Этек кир 5 күн келсе, 3 күндөн кийин орозо кармай берсе болобу? 077710...
-Этек кир толук бүткөндөн кийин кармаш керек.
-Мен намаз окуйм. Апам көзү ачыкка көп барат. Мени да бар дейт. Мен ишенбейм. Кээде урушуп кетем. Бир чети ойлосом аларды да кудай жараткан да ээ? Мухаммед
-Анда Кудай жараткан деп эле уйга да, ташка да сыйына бериш керек болобу? Кудай баарын жаратып, ак жол менен кара жолду көрсөтүп, ак жол менен бассаң бейишке чыгасың, кара жол менен бассаң тозокко түшөсүң деген.
-Эч ишим жүрүшпөй, жолум болбой жатат. Кайсы сүрөнү окусам болот? Айгүл
-Намаз окуңуз.
-Тамак-аш салынган баштыкты коё турган жер жок болсо дааратканага алып кирсе болобу? 077065...
-Башка жерден уурдап кете турган болсо, дааратканага илип койсо болот, эгер оозу жабык болсо.
-Түшкөн чачты эмне кылуу керек? Отко салса болобу же топтош керекпи? 077757...
-Отко салсаңыз жагымсыз жыттанышы мүмкүн. Ошондуктан кагазга ороп, адамдарды жийиркентпей турган деңгээлде таштандыга таштасаңыз болот.
-Эмнеге молдолор сакал өстүрүшөт? Төрөбек
-Сакал өстүрүү пайгамбарыбыздын сүннөтү, эркектердин көркү жана жаман иштерден кайтарууга себепкер болот.
-Көбүнчө элден угуп калам “ысыкта орозо кармай албайм, эрте кышта кармап берем” дешет. Ушинтсе да карыздан кутулушабы? Орозгүл
-Жок, күнөөкөр болот.
-Сүйүү динге туура келеби же жокпу? 077399...
-Туура келет. Бирок, сүйүү никеден кийин башталат. Никеге чейинкилер шайтандын иши.
-Жалгыз адам намаз окуганда азан айтпаса да боло береби? 070065...
-Болот. Азан айтканы жакшыраак. Жамаат менен окуса деле, жалгыз окуса деле азан айтуу сүннөт.
-Намаз жаттайын десем эле эч нерсе эсимде калбайт. Эмне кылсам болот? 077016...
-Таптакыр жаттай албасаңыз, китептен карап окуй бериңиз. Жаттагандан кийин карабай окуп каласыз.
-Аялым башка менен жыныстык мамиледе жүргөнүн 5 балалуу болгондо билип калдым. Аны менен жашагым келбей калды. Башкага үйлөнсөм күнөө болбойбу? 077305...
-Күнөө болбойт.
-Күйөөмө экинчи аял алып берсем чын дүйнөгө барганда мени эмне күтөт? 077019...
-Эч нерсе күтпөйт. Эгерде күйөөңүздү караганга, жубайлык милдетти аткарганга мүмкүнчүлүк болбой жаткан болсо үйлөнтүп койсоңуз сооп аласыз.
-Бир келин менен сүйлөшүп жүрүп боюнда болуп калды. Биз үйлөндүк. Мечитке барсак нике окулбайт деп айтты. Баламдын атын Билал койдук. Зыяны жокпу? Нике кыйдырсак болобу? 077803...
-Никени дароо кыйдыргыла! Билал эң жакшы ат. Билал - пайгамбарыбыздын азанчысы болгон. Уулуңуз жакшы жигиттерден болсун.
-Саарлыкка турбай уктап калса, ниет кылып тута берсе болобу? 077733...
-Болот. Бирок, сүннөттү калтырган болосуз. Колдон келишинче туруп тамактанып, ооз бекиткен жакшы.
-Орозодо эмнелерге тыюу салынат жана салынбайт? 055871...
-Орозодо тамак жегенге, ичкенге, жыныстык катнашта болгонго, тамеки тартканга, оозу-мурдунан суу киргизгенге, ушак сүйлөгөнгө, жалган айтканга, чагымчылык кылганга жана башка жаман иштерди кылганга тыюу салынат. Негизи жаман иштерге орозодо гана эмес, бардык убакта тыюу салынат.
-Менин кыздыгым жок деп жигитиме айтсам үйлөнбөй койду. Ортобуздагы батаны ким бузган болот? Намаз окуйм, бирок, оронбойм. Окуган намаздарым кабыл болобу? Жакшылык үчүн алдаса болобу? 077920...
-Бата убада сыяктуу эле болот. Бузса, эч нерсе болбойт. Чынын айткан жакшы. Оронуу өзүнчө парз, намаз окуу өзүнчө парз. Оронгонго аракет кылыңыз. Алла намазыңызды кабыл кылсын. Алдагандын түрлөрү бар. Үч учурда жол берилет. 1. Душманга түшүп калса- мамлекетинин сырын айтпай жалган айтып койсо болот. 2. Эки адам урушуп жаткан болсо- жараштыруу үчүн айтса болот. 3. Аялынын көңүлүн алуу үчүн “сен сулуусуң” дегендей мактоо сөздөрүн айтууга болот.
-Бойдон алдырсам күнөө эмеспи? Ден соолугум начар. 077882...
-Бойдон алдыруу күнөө. Бойго болтурбаганга аракет кылыңыз. Ден соолукка олуттуу зыян келе турган болуп, врачтар алдырууну талап кылса алдырса болот. Андан башка учурда күнөө болот. Ошондуктан алдын ала сактануу керек.
-Бөрүнүн ашыгы, тиши сыяктуу нерселерди такса жолу болот дешет. Бул туурабы? 077805...
-Жок, болбогон сөз.
-Айыз келген күндөрдөгү орозону кийин сөзсүз кармаш керекпи? 077887...
-Ооба, милдеттүү түрдө кармаш керек.
-Күйөөм талак деп телефондон айткан. Эми баарын кечирдим, жашайлы дейт. Кантип? 055211...
-Маселени чечүү үчүн өзүңөр менен сүйлөшүү керек. Талак түшкөнбү жокпу тактоо керек.
- Жолдошум мени ала качып, бир ай боло электе кол көтөргөн. Кийин 3 талак берген соң кетип калгам. Кечирим сурап чакырып, кайра 2 жолу 3 талак берген. Мен аны көргүм жок. 3 талактан кийин бирге турганга болбойт деп түшүндүрүп бериңизчи. Мирана
-3 талак түшкөндүгү анык болсо экөө кайра жашай албайт. Арам эсептелинет. Нике кыйылбайт, кыйылса да жараксыз.
-Мен турмушумдан тынбайм. Дубанын терс таасири барбы? Тескери окутуу деген чынбы? 077911...
-Тескери окутуу деген чын, шайтан-жиндерди пайдаланышат. Бактылуу болуунун эң жакшы жолу Ислам жолуна түшүү. Канчалык мусулманчылыкты кармансаңыз ошончолук деңгээлде бактылуу болосуз.
-Орозо кармаган кыздар боёнсо болобу? Рано
-Орозо кармаганы, кармабаганы баарына боёнуп көчөгө чыгууга болбойт.
-Манаска сыйынуу ширк депсиз, анда Алтай сапары тууралуу эмне дейсиз? Кыргызстандын тынчтыгын ошончолук деңгээлде Алладан сурасак болбойбу? 077724...
-Алладан сурайбыз, Манастан сурабайбыз да. Алтайга сапарды мен экскурсия катары түшүнөм. Кутту Кудай берет.
-Бозо ичүү арамбы? Нурлан
-Мас кыла тургандай деңгээлде болсо арам. Жаңы салынган, мас кылбай турган бозону ичсе болот.
-Урматтуу Чубак ажы, мен пайгамбарыбыздан дарс алып жатыпмын. Пайгамбарыбызды түшүндө көрсө тозокко кирбейт деген чынбы? Анан сиз биздин үйгө келдиңиз да, таравих намазына барабыз деп айттыңыз. Кыскача жооруп бериңизчи. 077026...
-Абдан жакшы түш экен. Илимдүү болот экенсиз. Үйүңүздөн илимдүү адамдар чыгат экен. Кудай сүйгөн пенделерден болот экенсиз. Бейиште баарыбыздын чогуу болушубузду насип кылсын. “Пайгамбарыбызды түшүндө көрсө өңүндө көргөндөй сооп алат” деген хадис бар.
-Оронуп кайра чечкендерге кандай карайсыз? 077823...
-Жакшы эмес.
-Намазды китепке карап окуйм. Адашып кетем. Ушинтип окуса да болобу? 077921...
-Жаттаганга чейин ошентип окусаңыз болот.
-Намаз окуйм, бирок оронбойм. Комузда окуйм, ырдасам күнөө эмеспи?
-(Ойлонуп) Комуз мен үчүн оор суроо.
-Ыйман суздашканда эмне кылуу керек?
-Жакшы амалдарды көбөйтүү керек, намаз окуу, зекет берүү, Куран окуу сыяктуу.
-Үйдүн ичинде ит бакса болобу? 077823...
-Үйдүн ичинде болбойт. Ал эми короону, малды кайтаруу үчүн сыртта бакса болот.
-Ата-энем ажырашып кетишкен. Атама менин керегим жок. Апам аябай урушчаак. Жашоону ушунчалык жаман көрүп калдым. Өзүмдү өлтүргүм да келет. Өзүн өлтүргөнгө бейиште жай жок дешет го. Ата-энемди жаман көргөнүм күнөө болобу? 070001...
-Күнөө болот. Ата-энени урматташ керек, ата-эне менен урушулбайт. Өзүн өлтүрүү чоң күнөө, буга кыяматта жооп берет.
-Жигитиме алданып кошулуп койгом. Ал экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Ушул күнгө чейин кудайдан кечирим сурап, буулугуп ыйлайм. Өзүмдү өлтүрүп салгым келет. Бирок, ата-энемди ойлойм. Эми кантип жашайм? Колумду сурагандар көп, бирок кантип түшүндүрөм? 055699...
-Түшүндүрүп айтыңыз, ушундай бактысыз учур болгон деп. Алдагандын кереги жок. Өткөн ишке маани бербеңиз, ошону менен эле адамдын тагдыры чечилип калбайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1