экендигин толук түшүнбөстөн, муну ресторан- кафе менен алмаштырып, өздөрүнүн негизги
максаттарын унутуп коюшту.
Эй, карындашым! Сен өз билгениңди кылып жүрүп, эртең боюңда болуп калса, ата-энеңдин
алдына кантип барасың? Бул убакта сени жигитиң эле эмес, сени эң жакшы көргөн ата-
энең да сени жерийт. Азыр минтип жүргөнүңдү шайтан кызык көргөзүп жатат, шайтанга
азгырылба. Себеби жигитим деп жүргөн адам бир күнү сенин абийириңди төгүп, анан сени
керексиз буюмдай таштап, өзү башкага үйлөнүп алганда, ошондо кыз-жигит болуп
жүрүү күнөө экендигин түшүнөсүң. Бирок ал убакта кеч болуп калат. Акылдуу адам
бирөөлөрдүн катасын көрүп өзүн оңдойт. Ал эми акылсыз адам өзү ошол катага түшүп
зыян тарткандан кийин гана түшүнөт. Ал жигитиң сени алдап жатат. Эгерде анын сага
үйлөнөм деген ниети болсо, анда атаңа жуучу жөнөтөт, урматың менен үйлөнөт. Сен ойлоп
жатасыңбы, ал бирөө менен ээрчип жетелешкен кызга үйлөнөт деп. Ал өзүн өзү
билген, көрүнгөн менен жетелешип көп баскан кызган эч качан үйлөнбөйт. Ошондуктан
шарият мындай күнөө иштерден тыйган.
Аллах Таала ыйык Куранда:
«Эй ыймандуулар! Шайтандын жолуна түшпөгүлө! Ким шайтандын жолуна түшсө,
албетте, аны шайтан бузукулукка жана күнөөгө азгырат. Эгерде силерге Аллахтын
жакшылыгы, мээрими болбогондо силерден эч кимиңер эч качан туура жолду таба албайт
элеңер. Бирок Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго салат. Аллах – баардык нерсени
Угуучу, Билүүчү»,– деген. (Нур сүрөөсү, 21-аят)
Аллах таала Курандын башка аятында мындай деп айткан:
«Ыймандуу аялдарга айткын: «(Ар кайсы эркекти карай берүүдөн) көздөрүн сактап,
уяттуу жерлерин (бузукулуктан) сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтүшпөсүн, бирок
кийингенден кийин (жүзү, колу, бутунун томуктан ылдыйкы бөлүгү көрүнсө) эч нерсе
эмес». (Нур сүрөөсү, 31-аят)
Мурда элибизде эркектер менен аялдар
аралашып отурганы уят болсо, азыркы күндө эркектер менен аялдар аралашып
отурбагандын өзү уят деп эсептелип калды. Эркектер менен аялдар аралашып олтурганга
болбойт деп айтылса көпчүлүк таң калат. Адамдардын динден алыстаганынан улам
жашоодогу көз-караштар тескери болуп калды. Уятсыздыкты уяттуу эмес катары
эсептеп, уяттуулукту уят катары эсептеп калды. Мындай аралашуу адатка айланды.
Бул аялдын кадыр-баркына доо кетирип, ушак-айыңга калып, ар кандай күнөөлөрдүн
көбөйүүсүнө себеп болууда. Кыз-жигит болуп жүрүп баш кошуунун
зыяндары өтө көп, алардын кээ бирлерин айта кетсек:
1. Сүйдүм-күйдүм деп жүрүп, бири-биринин айыптарын көрбөй, турмуш кургандан кийин
көрүп, анан жактырбай калат. Анткени шайтан аларга кооз кылып көргөзө берет. Аллахтын
Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «Чындыгында шайтан адамдын каны менен
кошо айланат». (Сахих Бухари)
2. Бири-бирине ашык болгондор бул жашоону романтика, сүйүү түгөнбөйт, дайым ушундай
болот деп ойлошот. Ошондуктан жалаң гана сүйүү жөнүндө сүйлөшөт. Жашоодогу
кыйынчылыктар, милдет-жоопкерчиликтер жөнүндө такыр сөз козгобойт. Ушундай
ойлогондору үчүн үйлөнгөндөн кийин жашоо кыйынчылыктары булар күткөндөн такыр
өзгөчө болуп чыгат, натыйжада алар өзгөрүп бири-бирине башкача мамиле жасай
башташат.
3. Кыз-жигит болуп жүргөндөр бири-бирине көргөзгөн жылуу мамилени, боорукерликти,
урмат-сыйды ж.б.у.с көрүнүштөрдү чындык катары кабыл алышат. Бул нерселер дайым
улана бербейт. Никеден кийин адамдын чыныгы жүзү, мамилеси ачыкка чыгат.
Анткени ага чейин экөөсү тең жалан гана жакшы жактарын көргөзүүгө аракет кылышат.
Берилген суроого жалаң гана жакшы жоопторду айтат. Мисалы, “Ачууланасынбы?”– десе,
“Жок”,– дейт. “Аялын урган эркектерге кандай карайсың?”– десе, “мен андай эркектерди
эркек деп эсептебейм”,– дейт. Эч бир адам ичиндеги нерсесин ачылып айтпайт. Эч бири
айтпайт “мен ушундай ороймун, эгер жинге тийсе, аял кишинин көңүлүнө карабайм” деп
айтпайт. Кыргызда сөз бар го “Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным” деген,
ошол сөз бекеринен айтылган эмес. Эч бир кыз айтбайт мен ушундай ажаанмын, эгер
көңүлүмө туура келбесе, көк беттигим кармап калат. “Кыз кезинде баары жакшы жаман аял
кайдан чыгат” деген сөздө чындык нерселер бар. Мына ошентип никеден кийин көйгөйлөр
башталат. Мындан башка дагы көптөгөн зыяндары бар. Сен ойлойсуң, мен сүйлөшүп жүрүп тандап
алсам жашоом жакшы болот деп. Эч качан мындай болбойт! Сен билбейсиң, сен жакшы
деген адам, жаман болуп чыгышы мүмкүн, сен жаман деген балким жакшы адам болушу
мүмкүн. Сен сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүп тандап алган кызың сага кийин жакбай да
калышы мүмкүн. Демек, сен үйлөнөм деп канча сүйлөшүп жүргөн болсоң да бир күнү
баары бир ал сага жакбай калышы мүмкүн. Эгер буюм болсо аны башкасына алмаштырып
аласың, а сенин өмүрлүк жубайың болгон соң андан балалуу болгондон кийин кантесиң?
Чыныгы сүйүү – бул никеден кийинки сүйүү. Ага чейинки сүйүү деп атап жүргөн нерсе
суктануу, шайтандын азгырыктары. Анткени бул убакта экөө бири-бирин реалдуу
жашоодогу мээримин көрүп сүйөт. Шарият боюнча үйлөнүүдө такыр көрбөй туруп
үйлөнүш керек деген сөз эмес. Келечектеги жубайын никеден алдын жолугуп сүйлөшүп
көрүүгө уруксат берилген. Бирок жолугушуу жалгыз эмес кыздын жанында ага жакын
туугандарынан бирөө жарым болушу шарт. Мугийра ибн Шуьба (радыяллаху анху)
үйлөнүү үчүн бир аялга жуучу жөнөткөндө Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ага:
«Аны бир көргүн, чындыгында аны көргөнүң – экөөңөрдүн ортоңордо тунук сүйүүнү пайда
кылган эң абзел иш»,– деп айткан. Эркектердин намысын, кыздарыбыздын
абийирин, үй-бүлөлөрдүн ынтымагын сактоо үчүн биз никегеге чейин кыз-жигит болуп
жүрүүдөн жана зынаадан сактануубуз керек жана башкаларды да бул күнөө иштерден
тыюубуз керек. Ар бир оорунун дарысы бар сыяктуу ар бир көйгөйдүн чечими бар.
Ошондуктан кыз-жигит болуп жүрүү бул күнөө деп эле калбастан, андан кутулуу жолдорун да
бар:
1) Аялдар менен эркектердин аралашып отуруулары күнөө экендигин ар бир адам
билиш керек.
2) Адамдарды жакшылыкка чакырып, күнөө иштерден тыюу.
3) Аялзатына мүнөздүү болгон уяттуулук сапатына көңүл буруу.
4) Кыз бойго жеткен кезде аны турмушка берүү.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): «Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө
ыраазы болгон адам (кызыңарга) куда түшүп келсе, анда ага кызыңарды турмушка
бергиле»,– деп айтты.
5) Эркектер намыстуу болуп үй-бүлөсүн, эже- карындаштарын туура жолго баштоосу керек.
Аллах таала Куранда ыймандууларга кайрылып мындай деген:
«Эркектер – аялдардын үстүнөн башкаруучу. Анткени Аллах бирөөсүн экинчисинен
(башкаруучулук сыпатта) абзел кылды». (Ниса сүрөөсү 34-аят)
6) Эркектер үйлөнүүгө шарты болсо кечиктирбей үйлөнүү. Абдулла бин Масьуд
(радыяллаху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтканын
айтты: «Эй,жигиттер! Кимиңердин үйлөнүүгө шартыңар болсо, анда (кечиктирбей)
үйлөнгүлө! Анткени үйлөнүү адамды зынаадан жана көздү күнөөдөн сактайт. А эгер
үйлөнүүгө шартыңар болбосо, анда орозо кармагыла. Чындыгында, бул (силерди
күнөөдөн сактоого) эң жакшы жол».
7) Күнөөлөрдү таштоого чечкиндүү чечим кылып, тообо кылып кайра кайтбоо жана
дайыма жакшы тилектерди айтып дуба кылуу. 8) Аллахтын өкүм-буйруктарына моюн сунуу.
Аллах таала ыйык Куранда ыймандууларга кайрылып:
«Аллах жана Анын Элчиси кайсыл бир иш тууралуу өкүм чыгарса, ыймандуу эркектин
жана ыймандуу аялдын ага каршы чыгуусуна ыктыяр берилбейт». (Ахзааб сүрөөсү, 36-аят)
«Чындыгында ыймандуулардын араларында өкүм берүү үчүн Аллахка жана Анын Элчисине
чакырылганда, алардын сөзү: “Уктук жана моюн сундук”,–деген гана сөз болот. Мына
ошолор – ийгиликке жетүүчүлөр». (Нуур сүрөөсү, 51-аят)
«Эгер, чындыгында, айылдардын тургундары ыйман келтиришип такыба болушканда – Биз
аларга Асмандан жана жерден берекелерди ачып жибермекбиз. Бирок (аяттарды) жалганга
чыгарышты. Аларды өздөрү кылган күнөөсүнөн улам (азапка) салдык». (Аараф
сүрөсү, 96-аят)
«Чындыгында сабыр кылуучуларга сооп- сыйлыктары эсепсиз берилет». (Зумар
сүрөөсү, 10-аят)
_______________
Макаланын автору: Санжарбек Тыныбек уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев