Милиционер Сабираны коркута сүйлөдү. Сабира таң калычтуу карады:
-Ал жашынгандай, кылмышкер беле?! Түн катып, аны неге издеп жүрөсүңөр?! Мага чоо-жайын түшүндүрсөңөр болбойбу?!
-Эже, мындай болуп жатат... Айылдан анча алыс эмес аңыздан бир кыздын сөөгү табылды. Сураштыра келсек, сиздин уулуңуздун көптөн бери сүйлөшүп жүргөн кызы болуп чыкты.
-О-ок! Эмне дейт! Кайсы сүйлөшкөн кызы?!
-Уулуңуздун сүйлөшкөн кыздары көп беле?
Сабира өң-алеттен кетип, калчылдап чыкты:“Эмне деп турушат, мобулар?!. Ушунун баары өңүмдө болуп жатабы?...” Тилин күрмөөгө жарабай, үн-сөзсүз милиция кызматкерлерин карады.
-Эже, уулуңуздун кайда жүргөнүн билбесеңиз, билбейм деп тил кат жазып бериңиз. Үйдө канча күндөн бери жок, кайда болушу мүмкүн... Жоро-жолдошторунун адрестери... телефон номерлерин. ..
-Билбейм! Мен эч нерсе билбейм! Ал кызды Кемел өлтүрдү деп турасыңарбы? ! Менин уулум киши өлтүрмөк түгүл, кумурскага да зыяны жок!
Сабира милиционерлердин сөздөрүнө көңүл бурбай жулунуп, албууттана кыйкырып кирди.
-Эже! Болду, кыйкыра бербеңиз! Уулуңуздун күнөөлүү, күнөөлүү эмеси тергөөдө билинет. Энелердин баары сиздей болуп, балдарын ак ойлошот. Иш жүзүнө келгенде, баары тескеринен чыгат! Андан көрө, уулуңузга жардам берем десеңиз, биздин айтканыбызга көнүп, кайда экенин табышканга аракет кылыңыз!
-Жардам бербейм-этпейм! Силерди билем мен! Эптеп эле бирөөгө күнөө илип туруп, камап жибересиңер! Менин баламдын эч кандай сүйлөшкөн кызы жок болчу! Ал тууралуу мен билбесем... Ким айтты силерге?!
Сабира кыйкырыгын токтото, эки бетин баса жерге отура калды да, үңүлдөп ыйлап кирди...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Кемел, убактылуу кармалуучу жайда, кичинекей терезечеден күндүн шооласын тиктеп, ойлуу жатты. Канча күндөн бери, бул камерада жатканын да эсептей албай калган. Ушул болуп жаткан окуянын баары, бир заматта жаман түш сыяктуу жок болуп кетишин Кудайдан миң тилеп, апасынын зар какшап ыйлап турганын элестете оор күрсүнүп алды. Бул бөлмөгө күн жарытылуу тийбегендиктен ным жыттанат. Күнүгө эки маал итке тамак берчүдөй калай идишке ботко салып таштап коюшат. Башында жебей кыйналса, азыр айласы жоктон өзөк жалгамыш этип калган. Улам бир сурактын алдында бөйрөккө урулган таяктан бүт денеси жанчылып, колу-буту кыймылдатпай сыздап ооруйт.“Баарынан жаманы бир жериме да көк калбаганын карасаң. Ургандарын далилдеш да кыйын тура. Улам бирин ура беришип, бул жердегилер айбан болуп калышат окшойт. Күнөөм далилдене элек жатып,таякты мынча жесем... Күнөөнү мойнума илишсе, тирүү чыкпай калам го.”
Кемелдин:“Ак экенимди далилдейм. Апа, камсана болбоңуз, эртең эле келип калам”- деген үмүтү солгундап, бул жерден жакын арада чыгаарына көзү жетпей калган. Аңгыча камеранын эшиги ачылды да:
-Алымов! Сыртка!-деген милиционердин буйругу угулду.
Кемел ордунан эптеп турду да, буйрукту күтпөстөн колун аркасына алып, милиционерге далысын салды. “Кайрадан сурак!” Кемелдин жүрөгү сыздай түштү.Күнүгө окшош суроолор берилет. “Күнөөңдү мойнуңа алсаң, өзүңө эле жакшы,”- дешет. “Кайсы күнөөмдү?.. Бардык далилдери мага каршы болуп турганын карабайсыңбы. .. Достордун “биз менен чогуу болгон”- деген сөздөрүнө кулак салышчудай эмес. Анын өлүмүнө менин тиешем жоктугуна кантип ишендирем?.. Ушинтип ак жерден күйүп кетемби?..” Кемел ойлорундай күңүрт, кууш коридордо, эки колу артка кишенделүү ,милициянын жетегинде бара жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХХ
-Жолдош полковник! Алымовдун кызды өлтүргөнү туураалуу далил жок. Анын үстүнө ошол убакта ал достору менен болгону ачык болбодубу. Биз аны мындан ары кармоого акыбыз жок эмеспи...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев