))
Сулууларды жандап койсоң сөз кылышат катындар.
Сулууларга суктанууга менин деле акым бар.
Керек болсо кечке барсаң камап алып бөлмөгө.
Таң атканча сурак кылчу менде деле катын бар.
Башкалардан кем калбаган "ЭРКЕК"деген атым бар.
Кантип анан карабайсың ачык турса такымдар.
Бирин сүйсөң экинчиси сууруп алат жаныңды.
Силер менен жашоо кызык... эхх.... Катындар! - Катындар!
#Анда эмесе менден жооп...))🤭😀
Сулууларга суктанууга сиздин деле акың бар,
Жандап койсоң кызганышкан кээ бир сиздин жакындар.
Керек болсо жеңем эмес, биз да сурак кылабыз...
Ал анткени сураганга <карындаштык> акым бар.
Карабачы ачык болсун такымы эле эмес сандары,
Билем бирок кызып турат көргөн жандын кандары.
Бирин эмес баарын сүйчү, колдон келсе эркектер!
Көрөт элек биз жок болсок, кандай болмок калганы?))
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2