Күйөөсү роддомго баратат дейт.
Ким торолдү деп сурарын даярданып баратыптыр, аялынын жанындагылардан уялып
-Эркекти бадыран деп сурайм, а кыз болсо помидорбу деп сурайм,-деп аябай даярданып барып аялына кыйкырып атат.
-Эй, эмне болду? Помидорбу, бадыранбы?-деп сураса аялы жооп берип атат дейт.
-Шакарап, Шакарап-деп кыйкырып.
Көрсө аялы эгиз төрөгөн экен 😛😛😛
Боинг деп атап жүрөм
Жигит кыз менен таанышып бир аз жүргөндөн кийин жигит айтат:
- Алтыным, билесиңби? Мен сени Ева деп атап жүрөм.
- Эмне үчүн? - деп кыз сураса.
- Себеби сен менин бирден бир айымсың. Адам атанын Евасындай.
- Анда эмесе мен сени Боинг деп атап жүрөм.
- Эмнеге?
- Эмне үчүн дегенде сен менин 747чисиң. 😂😂😂😂
Мени апам жибербей койду
Абышка менен кемпир уйдо отурушуп, эмне кылышты билбей, жаш кезектеги суйлошуп жургон убакытты эстешип,
"кел, жаш кези жонундо ойнойбуз"-деп чечишти.
Абышка сыртка чыгып:
-"Айшагууль, Айшагууль!!! - деп кемпирди сыртка атынан чакырат.
Кемпирден жооп жок.
Анан кайра:
- "Айшагууль, Айшагууль!!!- деп кемпирди чакырса, кемпир дагы эле ун бербейт.
Ал кезде эшикте түн, абдан суук. Дагы бир нече жолу кыйкырып чакырса, кемпир дагы эле ун бербейт. Сууктан үшөп тоңуп, тажап, жини келип үйгө кирет.
-"Ай кемпир, эмнеге сени эшикке чакырсам жооп берген жоксун"- десе,
ага кемпир
-" Мени апам жибербей койду"- деп жооп берет 😄😄😄
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3