Менин үч досум тең Алайга барбаганын айтып отурушткан
Эргешбек,Мунарбек,Алтынбек эле.
Арабызда шаарда чоңойгон бир эле Эргешбек экен.Эргеш эч нерседен тайманбаган,уялбаган шылуун,бир минутта алдап койчу өнөрү бар эле.
Мунарбек өз оюн айталбаган көңүлү бош,баарына макул боло бере турган жоош жигит.
Алтынбек үйдүн чоңу болуп түйшүктүн баары анын мойнунда эле.Бирок Эргешти жактыра бербейт эле.
Метталоискатель деген нерсени 8 миң сомго сатып алып.Ноябрьдын аягында барууну чечтик себеби,эл жайлоодон толугу менен көчүп келет анан бизге тоскоол болгон эч ким жок болот.Аялыма биздин планды айтпай эле,Алайга иштер менен барам деп койдум.
Болду болбоду Гүйгөтөк жайлоосундагы жалгыз тамдын дубалдарына кошуп урган.
Бир мерген мынтык,балка,азык түлүк,бир чатыр,бир ящик арак алып алдык.Барсак эле бирөө алтын дубалды колубузга кармата койгудай.
Түнү менен жайлоого чыгып кеттик.
Биз такси менен келдик,кайра ошончо алтынды кайсы машинада алып кетебиз деп ойлоп койдум.
Гүйгөтөк жайлоо алыс,ат үстүндө төрт саат жол .Жөө жүрсөк 7 саат болсо керек.Бирөөдөн ат сурасак кайда,эмнеге дешип айыл эли шек санап калышат.Машина бара турган жерге чейин машинада келдик
Жөө жөнөп бөжүрөңдөп, төртөөбүз тырмышып,тоо тарапты карай жөнөдүк.
Башында кайратту эле баражатканбыз,тамашалашып күлүп,бара бара эчкимдин сүйлөгүсү келбей калды.Жалгыз аяк ийри жол экиге бөлүнүп кететет экен.Ошол жерге келип, ачык асман алдында чатырыбызды тиге баштадык.
Бирок шамал,суук болуп титиреп үшүп чыктык.Жанагы аты жамандан куйуп иче баштадык.
Сөз талашып кеткен Алтынбек менен Эргеш жакалаша түшүштү.
Алтынбек күчтүүлүк кылып,кой айга келбей Эргешти басып жыгылды.Эргеш колуна,балканы ала коюп Алтынбекти башка эки жолу чаап жиберди.Алтынбек өзүн жоготуп,мурдунан кан кете баштады.Эргеш өлуп калат эми деп коркуп көздөрү тегерене түштү.Жүрөгү согуп жатканынан Мунар :
--- Алтынбекти доктурканага жеткириш керек,болбосо өлүп калат.
--- Артка жол жок,араң келдик азыр ушул чатырда жатып турсун ,кайра кайткан жолубузда ала кетебиз ...дедим мен.
Соо боло түшкөн Эргеш ;
-- - Туура эч нерсе болбойт,жата берет.Анын үстүнө доктурлар милиция чыкырышат.
--- Айылдан алыс кетелекпиз жүргүлө жеткизели,ал бар алтынбы жок алтынбы.
Мен кайра кеттим силер бара бергиле ...деди Мунар
- - -Жинди немего бул мас ,а сен алтындан куру калып атасын ..деди Эргеш .
Катуу соккон шамал муңканып ыйлап жатты.
- - Эй адамдар пейлиңерди оңдогулаааа үүүүүүү...деген шам алды эч ким укпады.
Үчөө эрте менен жолго чыкты.Тоонун сулуулугу,суунун тунуктугу,акырын соккон жел,бут алдындагы шүүдүрүм эч жамандыктан кабар бербеди.
-- - Силер баса бергиле,мен жанагы балканы чатырда унутуп калыпмын,ал балкасыз дубалды кантип бузабыз.Мен жетип алам артыңардан....деп Эргеш кайра чатырга чуркап кетти.
Эргеш Чатырга келсе Алтынбек көзүн ачып,суу сурап жатыптыр.
--- Суу.... сууу...
Эргештин ичи тарланып тапкан алтынды эч ким менен бөлүшкүсү келбеди.Бирөөнө болсо да азайсын деп Алтынбекти башка балка менен бир нече жолу чаап жиберди.Эми Алтынбектин деми чыкпай калды.Эч нерсе болбогондой досторуна кошула жетип алды.
''Мен эмне кылып койдум''деп башкача боло түштү.Баштан чыккан кандын жыты мурдунан кетелек эле. Досторуна билгизбей деп ырдап алды.
Ойлорунда тапкан алтынды эч ким менен бөлүшпөй,сауна,ресторан курсам.
Джип алып кыздарга барсам деп ойлоп келе жатты.
Үчөөлөп бир үңкүргө киришти.
Ушул жерде түнөп калайлы деп чечишти.Күндүн сууктугунан от жагышып,тамактарын жеп арактарын иче башташты.
Мас болгон Мунар ;
--- Мен Алтынбектен кабар алганы барып келейин деп жөнөп калды.
---Кой эрте менен барабыз... деп кыйраткансып айтып алып калдым.
Үңкурдөн чыккан Эргеш;
--- достор карасаңар чатырдын үстүнөн кузгун айланып калыптыр Алтынбек өлүп калган окшойт....
Биз үңкүрдөн чуркап чыктык.
Кой жайлоого жетип ,тездетеели .
Караңгыда жол көрүнбөй калды.
Карышкыр уулуп күндүзгү сулууктан эч нерсе көрүнбөй калды.
Ээн таалада көзгө сайса көрүнгүс,эптеп бирибизге бирибиз жөлөк таяк болуп,келе жаттык.
Жол түгөнүп майда шагылдан жол башталса болобу.
Мына кызык.
Шагылы түгөнүп жол да бүтүп бир зоого туш келдик.
Жаныбыз көзүбүзгө көрүнө түштү.Бир жарга такалып калдык.
Үшүп титереп,карышкырлар жакын жерде уулуп атышты.
Эми Эргеш мынтыгын алып чыкты.Билип билбей ар жерин баскылай баштады.
Баштыктагы арактан алып чыгып иче баштадык.
Таң аткыча ошол жерде турдук.
Таң атып,жердин бети көрүнө баштады.
Келген жолубуздан бир топ адашып кетиппиз.
Эргеш мага мынтыгын такап,
---Сен бизди алдаптырсын эч кандай жалгыз үй көрүнбөйт.
Ит аткандай атып таштайынбы ..
Кана алтын дубалдар ???...
-- --Жолдон адашып калдык досум мени атсаң анда кайра кетчүү жолду менсиз таппай каласың.Алтын үйдү да таппай каласын..
Менин сөзүмү эп көрдү окшойт.
Кичине жоошуп калды.
Мен эми акылыма жетти,биз кантип ушунчалык бийик зоого чыгып алдык..
Кайра түшөлбай убарабыз.
Мунар артка кеткиси келип кайра кеттүбүздү суранды;
---Балдар артка кайталы ..
Дагы деле кеч эмес.Ал уламыш,жок алтын ...
Алдыбыздан карышкырлардын үйүрү чыктыгоо..
Эргеш мынтыгын эптеп атып кичине коркутту окшойт.
Карышкырлар кечентиктей башташты.
Күпкүндүзү адамдардан коркпой келген карышкырлардын бирөөсү артыбыздан калбай ээрчип алды.
Ач калган жыткыч,түлкүдөй жоортуп артыбыздан жөнөдү.
Мунар тайгаланып жыгылып бутун оорутуп,басалбай калды.Бир заматта буту шишип басалбай калды.Мунарга боор ооруп,колун мойнума арта салып,жөлөй басып жөнөдүм.
Кайра жанагы үңкүргө жетип кирдик.
Кеч кирди.Бутунун оорусу күчөп,Мунар онтоп уктатпады.
Жөөлөп ар нерсени сүйлөп жатты.
---Балдар мени айылга жеткизгиле,жан соога.Алтын дубалдарга башка жолу келебиз ...
--- Сен калып тур үңкүрдө,биз бир күн деле кайтабыз сага..., деп жолубузду уладык...
Бир заматта Күн көкөлөп чыгып жерди жылуулукка бөлөп жатты.
Бизда карышкырдан кутулдук деп,жанагы жалгыз чыйыр жолубузду таап алдык.
Кудуңдап жөнөдүк.
Тааныш тоолор .Айлана жымжырт.
Эргештин көздөрү кызарып,алаңдап мени жалт жалт карайт.
Ойу бузулганын билгем.
---Эргеш мен тапкан алтындан баш тартам,баары сеники...дедим.
Баягы шаркыратмага келдик.
Эми суусу ашып ташып,аркы өйүзгө өткөнү жол жок эле.
Жалгыз үйдү алыстан көрүп Эргеш сүйүнүп мени бетимден өөп жиберди.
Бирибирибиздин белибизге жип байлап экөөлөп сууну кече баштадык.
Мөңгүдөгү суулар ээрип түшкөн окшойт,суунун муздактыгы мээге чыкты.
Бир кыйла агып барып,араң аман калып биз берки өйүзгө өттүк.
Жалгыз үйдүн эшигинде кулпусу жок экен ичине кирип жатып калдык.
Өзүбүзгө келип баштыгыбызды ачып металлоискательди алып чыгып таштан жасалган үйдү текшере баштадык.
Металлоискатель бир да үн чыгарбады.Жанагы сууга түшүп иштебей калса керек.
Кеч киргенине карабай балка менен дубалдарды бузуп жаттык.
Биз адамдар бейпил жаткан жаратылышка кол салып,жымжыртыккты бузуп аттык.
Катту чыккан таштын үндөрү жаңырып,бир шумдук боло түштү.
Бирок эч кандай алтын дубалдардан кабар жок эле.
Түн кирип уктап калдык.
Чоң атанын сөздөрүн эстеп жаттым.Чын эле алтындарын таппай койушуптурда ..
Түшүмө кириптир Чоң ата
...Балам намаз оку,келме келтир,жашооңо шүгүр кыл ...
деп.
Түшүмдөн чочуп ойгонсом,тердеп чыгыпмын.
Көзүмү ачсам караңгыда бир сөлөкөт мени карап туруптур.
---Эргеш ,Эргеш тур дейин десем үнүм чыкпайт.
Көпкө карап туруп кетип калды.Кадимкидей эшикти ачып,жапканы угулду.
Бул коңшу кемпир айткан азыткы экенин билдим.
Келме келтирейин десем,келме билбейм.
Ошондо аттиң кылдым,өкүндүм.
Жашоом жалаң эле жалгандан тураарын билдим,кечээги досум мынтык такап,Алтынбек досуму атайылап таштап кеткениме өкүндүм.
Намазга жыгылайын десем,билбейм
Таң атып, биз турдук.
Түнкү окуя эсимден кетпеди.
Түшүм болсо керек деп жооруп койдум.
Дагы дубалдарды бузуп жаттык.
Биз издеген алтын жок болуп чыкты.Болду болбоду жерге көмүлгөн деп жерди каза баштадык.
Түнү уйкумдан дагы ойгондум.
Дагы жанагы киши кирип келип мени карап турду.
Неге мени неге Эргешти эмес.
Мен калтырап,титереп түнү менен кайра айылга Эргештен качып кетейин дедим.
Түнү эптеп эшикке чыксам бир үлбүрөгөөн жарык көрдүм алыстан.
Бизди издеп келгендер го деп ойлоп
...-Биз бияктааа ..
Биз бияктаааа деп кыйкыра баштадым.
Кулагымын алдынан каткырык чыгып бирөө күлө баштады...
Көзүмү жумуп жыгылдым..
Буту колум шал болуп калды..
Жүрөгүмүн соккону мээме чыгат.
Алсыз жатып калдым.Баарын туюп,сезип турам .Келме келтирейин десем билбейм.Бир сөз билбейм.
---Айланайын Кудайым сактай көр мени.Акылыман адаштырба.
Мени кечир ...
Эрте менен Эргеш жулкулдатып атыптыр.
---Медербек тур.Үйдүн фундаментин,чооң чоң таштарды экөөлөп жылдырабыз.Биздин күч саман аралашкан ылай дубалга эле жетти.
---Эки күндөн бери менин көзүмө бир нерселер көрүнүп жатат.Үйгө кетеличи.Жазда келбейлиби бул жайлоого.Мүмкүн Алтынбек өлбөй калгандыр.А Мунарбек бизди күтүп жатат.Чоң атанын сөзүн угушум керек болчу.
---Бир чөнтөк алтын алып кетем,ушунча келип...
Алтынбекке кыжаалат болбо.
Аны мен экинчи жолу киргенде бир отоло өлтүрүп чыккам..
Жакасынан асылып кыйкырып жаттым.
Уландысы бар.
Автор Садиева Айнура Абдрасуловна.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев