4-БӨЛҮМ.
Актан канчалык тез басканы менен үйү алыс эмеспи, күүгүм кирип кетти. Мартанын өгөй атасын ойлоп кыжырланып бара жатты, кантип жер-эне ушундай зөөкүрлөрдү, адам атын булгагандарды көтөрүп жүрөт. Эгерде биз жер-эненин сезимдерин уга ала турган болсок, балким анын оор үшкүрүгүн-онтоосун укмак белек...Бизге өстүрүп берген азыктарын болуп жүргөн көрүнүш катары кабыл алып, каалашыбызча тебелеп-тепсейбиз, токойлорун каалашыбызча кыябыз, суусунун агымын тескери бурабыз, өз пайдабызды көрсөк болду, балким бул жасагандарыбыз жер-энебизге жакпастыр бирок аны эч бирибиз ойлоп да койбойбуз. Бир жолу да бирибиз ийилип алкыш айтып койдукпу? Албетте жок....
Марта тушенка ачып суюк тамак жасап жатты, бүгүн көңүлү көтөрүңкү, кыңылдап ырдап алган.Чайнектеги суусу кайнап, Актан келсе тамактаналы деп күтүп жатты. Жашынып олтурган өгөй атасы Жалал канча карап кыздын жанында ымыркайды көрө албады. Марта качып кеткенин билгенде баарын таштап издеп жөнөгөн, апасына барбашын билет эле демек бир гана жол токойго өйдөлөп кетмек. Кечээ таппадым эми деп кайтайын деп жатканда тамактын жытын шамал алып келген эле. Бүгүн акыры тапты кызды, кыңылдап ырдап алган тим эле деп жинденип жатты. Марта Жалалдын биринчи курмандыгы эмес эле, анын апасына үйлөнгөнгө чейин дагы эки жаш кыздын тагдырына балта чаап үлгүргөн, ал кыздар Мартадай кыйын боло алышпады,тез эле сынып бири асынып алды, экинчиси сууга чөгүп жанын кыйышкан. Эселек кыздар 13-14 жаштардагы, он гүлүнүн бири ачыла элегинде кете беришти бул жашоонун мыкаачылыгына туруштук бере албай...
Жалал бекинген жеринен чыгып кызды карай жөнөдү. Артынан угулган кадамды Актан келди деп ойлогон кыз, жылмая карап бурулду. Өмүрүнүн акырына чейин көзүм көрбөсө экен деп тилеген адам маңдайында турат, жырткычтарча тиштерин ырсайтып. Кыздын денеси коркунучтан калчылдап жатты. Өзүнө келип бакырды да качып жөнөдү, алы жетпеген зөөкүрдөн бир эле амалы качып кутулуу эле. Шаркыратманы көздөй качты, көлдөн сүзүп өтүп кетсе нары жагы калың токой эле. Жалал токто шуркуя , баары бир качып кутулбайсың деп кыйкырып кууп бара жатат. Шаркыратмага жеткенде кыз чарчап калды, сууга эми секирээрде Жалал аны чачтан алып артка тартты. Жерге чалкасынан катуу урунду, качкан момундай болот деп Жалал капталга тээп -тээп алды. Анан ачуусун басты кыз ага тирүү жана ден-соолугу менен керек эле...
Марта каршылык көрсөткөнүн токтотту баары бекер экенин билчү кыз...
-Азыр биз үйүбүзгө кайтабыз, деди өгөй атасы, эгер дагы бир кача турган болсоң эми жөн эле өлтүрүп коём түшүндүңбү? Марта башын ийкеди. Биринчи сен мени ыраазы кыласың деп кызды чөпкө жыкты.
-Жок,жок,жок, суранам тийбеңизчи, Марта ыйлап да жалынып да жатты... Кыз менен алышып жаткан Жалал артынан келген адамды байкабады, Актан килейген ташты эки колу менен көтөрүп башына урду. Эми эле мазактап каткырып жаткан дене кыймылын жоготту. Кан жая берди. Адам бул дүйнөдө өлбөөчүдөй жашайт, чынында чымындай эле жаныбыз бар...
Муну көргөн Марта бакырып ыйлап жатты. Актан кызды жерден тургузуп бооруна кысты.
- Бүттү, эми баары бүттү...деп кызды сооротуп жатты. Экөө эми эле болуп өткөн окуядан өздөрүнө келе албай көпкө турушту. Марта өзүнүн айынан Актанды адам өлтүргөнгө түрткөнүн айтты . Буга Актан макул болбоду, бул адам эмес, мен соопчулук иш кылдым, сенден башка канча кыздын убалына калды экен дагы да калмак ким билсин деди. Мен өкүнбөйм, сен да өкүнбө! Эми эмне кылабыз сурады Марта, денени көрсөтүп. Көмөбүз деди Актан. Итке-иттей өлүм буйруптур. Менин оюм болсо көмбөй да коймокмун бирок сен ага макул болбойсуң деп ойлойм. Ооба деди Марта, биз адамбыз го кантип таштап коё алабыз?...
Дарактын бутактарын бириктирип Актан денени жүктөп сүйрөп жөнөдү, Марта артынан күрөк менен лопата көтөрүп алган. Канчалык үйүнөн алыс алып кетишсе ошончолук экөөнө жакшы болмок. Акыры чыт токойго жетишти бул жакка алардын келишине себеп жок. Экөөлөп каза башташты, токойдун капкара топурагы жумшак болот эмеспи. Тез эле казып болушту. Кой десе болбой Марта шейшеп алып алган үйдөн. Денени ороп шейшепке казылган чуңкурга Актан өзү алып түштү. Мартаны кете бер мен кууп жетем деди. Чындыгы кыздын элесинде өмүр бою кала турган көрүнүш эле бул. Марта да көргүсү келбеди тез басып жолго түштү. Көмгөндөн кийин, Актан:
-"Кудайым өзү кечирсин күнөөлөрүңдү", деди да кылчайбастан басып кетти...
Экөө бүгүн абдан чарчашты, Мартанын денеси көк ала, чачынан ушунча катуу тарткан эле башы жарылайын деп ооруп чыкты. Тамак жей алышпады экөө тең. Жуунуп талдагы үйгө чыгышты. Марта төшөккө кулады, Актанды кетпе деп суранды, бала полго төшөк салып жатты, бүгүн Мартаны жалгыз калтырбаш керектигин билип турду. Марта жаман түш көрүп бакырып ойгонду, жетип барган Актан кыздын денеси чоктой ысып чыкканын сезди, Марта жөөлүп жатты, Жалалдын атын кайра-кайра айтып," тийбе мага, тийбе" , деп кайталап, көрүнбөгөн адам менен алышкандай алышып, көзүнүн жашы көл болуп төгүлүп жатты. Актандын жүрөгү эзилип, кызга кошулуп ыйлап да жатты, сооротуп да жатты. Ошол түнү Актан өзүнө-өзү сөз берди, эми Мартаны эч бир жан капа кыла албайт, мен өмүр бою жанында болом, ага ордуна ага болом, ата ордуна ата болом! Актан ал убакта түшүнбөдү, көкүрөгүндө жаралып жаткан, эң назик сезимди...Марта таңга маал гана тынчтанып уйкуга кетти.
Уландысы бар.
Автор: #Елизабет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев