3-БӨЛҮМ.
Марта кийинип түшүп келди, Актан жүр деп кызды ээрчитип токой аралап бара жатты, үйдөн 200 метрдей өткөндө токтоп, үйүлүп турган чырпыктарды жылдыра баштады, Марта жардам берди. Ал жерде жер төлө бар экен, жыгачтан жасалган капкагын алып салып, шаты менен түбүнө түшүштү. Актан дубалда илинип турган чыракты жандырды. Марта караңгыга көзү көнгөнчө эч нерсе көрө албады. Анан жер төлө 3 бөлмөгө бөлүнөөрүн байкады. Бир бөлмөсүндө, консервалардын түрү бар экен, бурчта күрүч менен макарондор. Бир кап ун. Мен нан бышыра албайм ошондуктан ун да албайм, нансыз жашоого көнүп калганмын деди Актан.
Экинчи бөлмөдө бир кап картошка, жарым кап пияз, ошончо сабиз бар экен. Бурчта күрөк, кетмен, балта, айтор үй чарбачылыгына керектүү куралдар. Өзүң түшүнгөндүрсүң, мен буларды өзүм эгип алам. Токойдо жаңгак көп өсөт, аны терип кургатып бул жакка түшүрүп алышыбыз керек. Кеч күзгө чейин талдагы үйдө жашаса болот андан кийин суук түшөт, жер төлөдө кыштайбыз. Жүр деп үчүнчү бөлмөгө жол салды. Ал бөлмөдө бир адамдык тапчан төшөгү менен. Кичинекей темир печка мору менен, мору сыртка чыгарылган.Дагы бир труба ал аркылуу аба алмашып турат эле жер төлөдө. Мен азыр дагы бир бөлмө казып жаттым эле ошону кышка чейин бүтүрүп сага даярдап берем. Же сен кетесиңби үйүңө?
Мартанын бара турган жери жок, апасына кайтып барса өтмүшү кайра кайталангандай. Өзү да али бала бойдон 16 га эми чыкты. Актандын жашы 22-23 төрдөй көрүнөт.
- Жок, мен ушул жерде калгым келет, деди Марта. Кыз кичинесинен апасынан тамак жасаганды, нан бышырганды үйрөнгөн. Жер төлөнүн жанында очок бар эле. Марта бир аз камыр жууруп, тамакка киришти. Актан жер төлөдө жумушун улантты. Актан бир чети эми жалгыз эмес, сүйлөшкөнгө жанында адам заты бар ойлосо, бир жагынан ал жаш кыз эле анан да жашоосу кыйын болгон экенин түшүнүп турду, кызды карындашы катары калкалап алам деген чечимге келди. Бир күнү даяр болгондо өзү айтып берээр, азырынча шаштырып жараатын сыйрыштын кереги жок...
Марта чокко көмөч көмдү, очокто картошка куурулуп жатты. Актанда баардык идиш бардыгына таң калды кыз. Чайнекке суу куюп оттун табына койду. Даяр болгондо баланы тамакка чакырды. Бул жаш кыз жарытып бир нерсе бышыра алмак беле деп ойлонуп келген Актан, көргөн көзүнө ыраазы болду. Экөө тамактанып, очоктун даамдуу чайын ичип олтурушту. Эртең мен сага шаркыратманы көрсөтөм анын жанында чакан огород бар ошол жерге мен жылда жемиштерди эгем. Шаркыратманы Марта көргөнүн айтты бирок огородду көргөн эмес эле. Шаркыратманын тегерегинде бүлдүркөн көп өсөт деди Актан, эртең кааласаң терип келебиз.
Марта тамактын калганын алып талдагы үйгө кетти, Актан дагы бир аз иштейм деп жер төлөгө түшүп кетти. Кыз баланын жакшы адамдыгына көзү жетип турду. Өз жашоосун айтып берип кеңеш сурайын деп ойлоп бара жатты. Апасы кантип жатты экен байкуш, менин качып кеткеними айтты бекен же жашырып койду бекен, ал деле колунан келет эле өгөй атасынын. А таштап кеткен кызычы, барып кабар алгысы келет бирок коркот. Актандан жардам сураса эмне дээр экен...Айтор кызды ойлор чырмап алды.
Кечинде экөө көпкө сүйлөшүп олтурушту. Кыз өзүнүн окуясын төкпөй-чачпай айтып берди. Өгөй атасы тууралуу укканда Актандын муштумдары түйүлдү. Мартанын өтүнүчүн аткарып апасына барып келүүгө макул болду. Дүрбүсүн алып, мектепти да алыстан карап келмек болду. Эртеси Марта балага нан, суу, жаңгак салынган баштыкты карматты, Актан жөнөп кетти. Өзү жаңгак тергени кетти. Актан биринчи мектепке бет алды, күн төбөгө көтөрүлгөндө жетти. Бийик терекке чыгып дүрбүсүн салды. Кыздар короодо машыгып жатышкан экен, ошондой эле короодо турган колясканы көрдү, улгайган апа колун сунуп ымыркайды колуна алды. Башка ымыркай жок эле, демек ушул Мартанын кызы болуш керек деп болжоду. Теректен түшүп наристенин жашоосу Марта каалагандай өтүп жатканын көрдү.
Эми кыздын апасынан дайын алыш керек. Марта айткан адрес менен таап барды. Чакан гана жер там, эшигин такылдатты. Орто жаштагы кара чачтуу аял чыкты. Бала мен Мартанын классташ кызынын байкеси болом, сөзүм бар эле кызыңызда, чакырып коёсузбу деди. Марта үйдө жок, атасы менен токойдо жашайт деген жоопту угуп, апасынын кабары жок экенин түшүндү. Марта апасы билбесе эч нерсе айтпашын суранган. Чындыкты уккан эне көтөрө алабы да жокпу... Бала коштошуп базарга жөнөдү, көз өлчөмү менен кызга эки көйнөк сатып алды. Кызды кубантайын деп ар түр конфет алды, караңгы түшкүчө жетип алыш керек деп токойду көздөй кадамын тездетти... Марта бир күн кечке жаңгак терип, күнгө жайып койду анан тамакка киришти. Жумуштар менен алек болгон кыз, токойдо жашынып аңдып отурган өгөй атасын байкабады....
Уландысы бар.
Автор: #Елизабет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев