КОЛДОП ТУРУҢУЗДАР, УРМАТТУУ ОКУРМАНДАР!
ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ.
Жайдын жамгырлуу түнүндө, күн күркүрөп, чагылган асманды жара бөлүп, от жамынган жыландай сойлоп жатты. Түн бир убак болуп, элдин баары таттуу уйкуда. Бир гана кыз кара узун плащын жамынып, көчөдө бара жатат. Колундагы ымыркайын жамгырдан бекитип, койнунда бекем кучактаган. Жаңы төрөлгөн наристе мемиреп уктап, эч нерсени сезбей бара жатат. Апасынын биринчи жана акыркы жолу эмизген сүтүнө тойуп, бир канча минуттан кийин тагдыры такыр өзгөрөөрун билбейт...
Эми эле наристесин тоо койнуна качып барып төрөгөн жаш эне, алсыраганына карабай тепкичтер менен, улам-улам дем алып өжөрлөнө чыгып бара жатат. Кызынын аман-эсен калуусуна жана жакшы адам болуп чоңоёруна себепчи болгон жер, тоонун эң чокусунда жайгашкан эле. Таң агара баштаганда жетээр жерине жетип, үстүндөгү плащын чечип ымыркайды жакшылап ороп, чоң дарбазанын түбүнө жаткырды. Бул үйдө жашагандар короз менен тең турушаарын билчү кыз. Демек кызы үшүп кала элегинде таап алышмак.
Өгөй атасынан запкы жеп, апасына айта албай, ичи чоңоё баштаганда өгөй атасы мага жардам берет деп токойдогу үйүнө алып кеткен, күйөөсүнө бир ооз каяша айта албаган апасы унчукпай кала берген эле. Өгөй атасы отун кыйып иштечү, мен силерди багып жатам деп милдет кылып турчу. Наристе төрөлгөндө андан арылуу эле максатында. Жаш да болсо апа кызын өлүмгө кыя алмак эмес, толгоосу башталганда токойго качып кетип төрөп жатпайбы.
Ымыркай да болсо өзүнүн ташталып жатканын сезгендей, бар үнүн чыгарып безилдеп ыйлап жатты. Анын ыйын уккан апа алыс кете албай, тепкичтин ылдыйыраак жагында өпкө- өпкөсүнө батпай, оозун эки колу менен бекем жаап алып, үнсүз көз жашын төгүп отурат. Дарбазанын кыйч этип ачылганы угулуп, эки сөлөкөт көрүндү, ымыркайды бири колуна алып, эки жакка көз чаптырышты. Ылдыйда бекинип отурган адам көрүнбөйт эле. Наристеси эми ишенимдүү колдордо экенин өз көзү менен көрүп, кыз келген жолуна түштү....
Ошол каргашалуу түндөн бери арадан он жыл өтүптүр. Кызга Ада деген ысым ыйгарылган. Кичинесинен өжөр болгондуктан көп эле жолу жаза жеген бирок ал Аданы сындырбастан кайра чыйралткан. Ал мектепте ( жетим кыздар мектеби), жаштары ар түрдүү жашта кыздар бар эле. Жыйырма кыз, чоңу 16 да болсо эң кичинеси 3 жашар. Мектепте тартип өтө катуу, таңкы алтыда туруп тамактанышып, мектепти жана айлана-чөйрөсүн жыйноо.
Ашпоз аялга жардам берип идиштерди жуушуу. Жумуштар бүткөн соң, баары короого тизилип машыгышат, бул жерде өзүн-өзү коргоонун ар түрдүү ыкмаларын үйрөнүшөт. Каратэ, бокс анан дагы бир өзгөчөлүгү кылыч менен чабышууну үйрөнүү эле...
Кыздардын устаты кореянка аты Лин , жер которуп келип ушул мектепте жашап, эмгектенип калган. Өзү мушташуунун көп ыкмаларын жакшы өздөштүргөн кичинесинен. Жетим кыздарды мектеп колунан келишинче, бой жеткиче турмушка даярдап чыгарышат. Ада он жашында эле устатын берилип угуп, талыкпай машыгат. Мектепте сабактар да күндө өтүлөт. Эң башкысы, окуганды, жазганды, эсептегенди үйрөнүшсө болду. Ада канча жолу ата-энеси тууралуу сураштырган менен алар жөнүндө мектепте, кызды таап алгандар өздөрү эч нерсе билишпейт эле...
Аданын апасы үйүнө кайтып барган жок, токой аралап кете берди көз келген жагына, алсырады ач калды, эптеп токойдон тапкан алча, бүлдүркөн терип жеди. Токойдо таза суу чыккан булактар көп эле, чаңкоосун кандыра жатып алып ичет.Чарчаганда чоң талдын түбүнө жатып уктайт, жүдөгөн, кийимдери кир, чачтары бир канча күн таралбаган кыз жапайы кейпин кийип калды бир канча күндө.
Тагдырдын бул берген сыноосуна моюн бербей, тирүү калуунун амалын издейт. Токойдун канчалык улуулугуна кирип кетти ким билсин, ушунчалык чоң тал көрдү, бутактуу, бийиктиги асман тиреген. Эң кызыктуусу талда үй жасалыптыр . Ким жашайт болду экен деп кыз алыс жактан көпкө олтурду акмалап бирок токойдо шуулдаган шамал үнү менен чымчыктардын сайраганынан башка чоочун добуштар угулбады. Акыры талга чыгып жөнөдү, үйдүн эшиги тартканда эле ачылып, кыз кирип барды. Бир бөлмө, бир адамдык тактадан жасалган кровать, бирөө жашагандыктын белгиси бар. Кыз тамак издей баштады. Бир чүпүрөккө оролгон каткан бир сындырым нан тапты, суу кеңири экен, нанды сууга малып бир аз болсо да жумшартып жеп алды. Канча күндөн бери кара жерге жатып уктап келген денеси, төшөк төшөлгөн кроватьты эңсеп турду. Акыры ушунча чарчаган организм тез эле уйкуга кетти. Баса бул Аданын апасы, аты Марта.
Мектептин девизи: Уурдаба! Жалган сүйлөбө! Жан кыйба!
Бул сөздөр жазылган плакаттар ар бир бөлмөдө илинип турат. Кыздар 18 ге чыкканда башка адамдар келип алып кетишчү. Каякка барышат деген суроого, жумушка орношуп өздөрүнчө жашоого үйрөнүшөт дешчү, алып кеткен адамдар аларга жардам берип, колдоо көрсөтүшөт... Чындыгы ал кыздар жоокер катары колдонулаарын кичине кыздар билишчү эмес.
Уландысы бар.
Автор: #Елизабет
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев