Кылымдан бери талкууланып келе жаткан маселе бул. Акыркы убактарда пайгамбарыбыздын атын атап: "Кызганбаган эркек, бейишке кирбейт" деген деп айтышып, аялын же сүйгөнүн, чектен чыгып кызганган эркектер пайда болушту....
Албетте ар бир адам кызганат, бирок адамга акыл берген да Аллах. Акылды неге берди дейсиңер? Ситуацияны караш керек,акылга салып. Сабыр кылыш керек, окуянын чоо-жайын билиш үчүн.. Дүйнөдө баардык жаныбар кызганат, бир эле чочкодон башкасы...
Кызганыч – бул сүйүүнүн белгиси, бул башка адамдын сенден артыкчылыгын сезүү жана сүйгөнүңдү жоготуп алуудан коркуу. Кызганыч – бул сүйгөн адамдын азабы жана сүйгөнүңдүн таарынычтары. Кызганыч ар дайым кичине нерсени чоң, эргежээлди – гигант, күмөндүү нерсени чындык кылып көрсөтөт. Ошондуктан жубайлардын ортосундагы кызгануу шарият уруксат берген чектен ашпоосу керек.
Жубайлардын бири-бирине болгон ишенүүсүн жоготуп, ортодогу сүйүүнү талкалап, үй-бүлөнүн тынчтыгын бузган кызганууга шарият жол бербейт. Шариятка ылайык күйөөсү аялынын ар бир кадамын аңдып, ашыкча шектенип, негизсиз айыптабашы керек. Ислам ашыкча шектенүүгө тыюу салат. Ыйык Куранда: мааниси: “Эй, ыйман келтиргендер! Күмөн саноонун көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңердин артыңардан ушак кылбагыла”.
(Хужурат сүрөсү, 12-аят)
Ошондой эле күмөн саноого алып келүүчү тыңчылык кылуу, бирин-бири аңдытуу жана бирөөнүн адамдардын көзүнөн жашырылган кемчилигин издөөгө тыюу салынат. Жана да негизсиз жубайын жана жакын туугандарын чыккынчылыкка айыптоого болбойт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз Мухаммадан (САВ) укканын айтат. Алланын элчиси (САВ): “Башка адамдар жөнүндө жаман ойлордон сактангыла, чындыгында жаман ойлор – эң алдамчы сөздөр!...” (Бухарий).
Күйөөсү аялынан күмөндүү экенин аялына көрсөтүп, болбогон нерсе үчүн уруш чыгарбоосу керек. Ошондой эле, себептер менен бир нече күн үйдө жок болуп, эскертпей туруп түн ичинде үйгө кайтуу туура эмес. Анкени бул көрүнүш аялга ишенбөөчүлүк же анын кемчилигин издөө болуп сезилиши мүмкүн. Пайгамбарыбыз САВ аялдарга текшерүү уюштурууга, мисалы, эскертпей туруп түндө үйгө кайтуу ж.б. тыюу салган. Жабир бин Абдуллах Пайгамбарыбыздан САВ: укканын айтат: “Эгерде силерден бирөө үйүндө узакка жок болсо, үй-бүлөсүнө түндө келбесин”.
(Бухарий).
Ошондой эле ал түндө келээрин алдын-ала айткан болсо да келсе болот, анткени хадисте “күтүүсүз, эскертүүсүз келгенден сактайт”. Ал эми аял жат эркектерден четтеп, алар менен мүмкүн болушунча токтоо болушу керек. Эгер бөтөн эркектер менен сүйлөшүүгө мажбур болуп калса, аял эркекти карабай жана аны менен шектенүнү жаратуучу жайларда болбоосу керек. Күйөөсү аялын кызганууга милдеттүү, аялын шектүү жерлерге барышына тыюу салышы керек. Алланын элчиси САВ айкан: “Чындыгында Аллах кызганчаак жана мусулман адам кызганчаак. Аллах мусулман адамдын тыюу салынган арам иштерди жасап коюшунан кызганат. Мусулман адам чеги менен кызганышы керек”.
Пайгамбарыбыз САВ айткан: “Аллах жакшы көргөн кызганыч бар жана Аллах жаман көргөн кызганыч бар. Аллах Таала мусулман адамдын шектенүүгө негиз болгон учурда кызганганын жакшы көрөт жана себепсиз кызганганын жаман көрөт”.
(Ибн Маажа).
Пайгамбарыбыздын САВ хадисинде айтылат, бир күнү Сад бин Убада айтты: “Эгер мен бөтөн эркекти менин аялымдын жанынан көрсөм, аны кылыч менен урмакмын!”. Муну уккан Алланын элчиси САВ сахабаларына айтты: “Силерди Саддын кызганчаактыгы таң калтырып жатабы? Бирок, чындыгында мен андан да кызганчаакмын, ал эми Аллах менден да кызганчагыраак!”.
(Бухарий).
Эркек киши өзүнүн жакын тууганы болбогон аял менен жалгыз калбашы жана күйөөсү үйүндө жок аялдын үйүнө кирбеши керек. Укба бин Амир Пайгамбарыбыздан САВ укканын айтат: “Эч качан жат аялдын үйүнө кирбегиле!” Ансарлардан бирөө сурады: “Оо, Алланын элчиси, ал эми күйөөсүнүн туугандары жөнүндө эмне айтасыз?” Буга пайгамбар САВ айтты: мындай тууган – бул өлүм!”.
Пайгамбарыбыз (САВ) бул хадисте күйөөсүнүн жакын тууганы үйгө кирүүгө жат эркекке караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар жана жат эркекке караганда көбүрөөк коркунуч алып келиши мүмкүн экендигин айтайын деген.
Аялдын кызганычы
Албетте, аял кызгануу сезиминен толугу менен бош боло албайт, анткени бул күйөөсүнө болгон көңүл коштукка алып келет, бирок ошол эле учурда кызганыч чектен ашып, шариятка туура келбеген иштерди жасап, Алланын каарына калуудан сактаныш керек. Пайгамбарыбыздын (САВ) аялдарынын ортосунда да кызгануу болгон, мисалга Аиша энебизди алсак болот, ал айткан: “Мен Алланын элчисин (САВ) мага үйлөнгөндөн үч жыл мурун каза болгонуна карабай Хадичага кызгангандай бир да аялына кызганбайт элем. Анткени Алланын элчиси дайыма Хадича жөнүндө айтып, жана аны эскерүү үчүн кой союп, садака кылып элге таратууну буйруйт эле. Мен Алланын элчисине: “Тим эле дүйнөдө Хадичадан башка адам жок болгонсуп!” айтаар элем. Бирок ал (САВ) мага: “Ал менин аялым болгон жана мага бала төрөп берген” дейт эле”.
(Бухарий).
Кызганчаак аялдарга кеңеш
Негизинен, жөнү жок кызганыч үй-бүлө очогун муздатып керек болсо өчүрүүгө да алып келет. Үй-бүлөдө кызганычтан уруш чыгып, жубайлардын бири-биринен көңүлдөрү калып калуудан алдын алуучу кармана турган кээ бир кеңештер бар. Алар:
- Жолдошуңду өзүңүздүн менчигиң кылып алба;
- Анын эркиндигин чектебе;
- Жолдошуң сизди сүйүп жана сүйүүсүн сизге билдиргенине ыраазы бол;
- Анын сөзүнө жана сезимине ишен, бул сиздин бактылуу болушуң үчүн жетиштүү.
Эгер күйөөң сени жакшы көрөөрүн айтып, кызганууга эч кандай себеп жок болсо, бирок, сен баары бир аны кызганып, уруш чыгара берген болсоң, анда сенин кылаарга ишиң жок, мындай учурда өзүңдү алаксытып бир иш менен алек бол. Акырет тууралуу ойлон. Акыретти канчалык деңгээлде каалайсыз жана канчалык деңгээлде акыретке даярсыз? Ойлон, сиздин бул жоругуңузга Аллах Таала ыраазы болобу же жокпу? Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыз САВ укканын айтат: “Чындыгында Аллах жакшы көргөн кызганыч бар жана Аллах жаман көргөн кызганыч бар. Аллах Таала мусулман адамдын шектенүүгө негиз болгон учурда кызганганын жакшы көрөт жана себепсиз кызганганын жаман көрөт”.
(Ибн Маажа).
Эч кандай негизсиз чыккан кызганычты хадисте “Аллах жаман көргөн кызганыч” деп айтылган.
Кызгануу сезими күмөн ойлорду жаратып жакын адамды жоготуп алуу коркунучун пайда кылат. Ошондой эле күйөөң сени жакшы көрбөй калышынан чоочулап, өзүңдү кемсинте баштайсың. Эгер сен ушундай сезимдерге курчалган болсоң анда өзүңдү, мүнөзүңдү, кылык-жоругуңду, сүйлөгөн сөздөрүңдү өзгөртүңүз, жолдошуңузга болгон берилүүңүздү жана баш ийүүнүздү көбүрөөк көрсөтүңүз. Ага көп көнүл буруп, муруңкудан жакшы кам көрө баштаңыз. Жолдошуңузга болгон мамилеңиздин өзгөрүшү алгач жакшы жыйынтып бербеши мүмкүн, анткени ал сиздин бул кылыктарыңызды түшүнбөйт, анкени мурда ал сиздин мындай мамилеңизди көргөн эмес жана жакшы жакка өзгөрүшүңүздү күткөн да эмес. Бирок бул нерсе сизди оңтойсуз абалга салбашы керек жана сиз өзүңүздү таштап койбой андан ары өзүңүздүн жакшы жакка өзгөргөнүңүздү көрсөтө бериңиз, жакында сиздин өзгөрүүңүз жана ага болгон мамилеңиз ага жага баштайт. Сиздин аракетиңизди көргөн жолдошуңуз сизге ыраазы болот жана жакшы аракетиңиз текке кетпегендигин көрүп сиз да ыраазы болосуз.
Ушулардан алыс болуңуз!
Кызганыч кээде сүйүүнү да өлтүрүп коет. Жолдошуңузга кереги жок ашыкча суроолорду бербеңиз, мисалы: “кайда жүрдүн?”, “ким чалды?”, “эмнеге кеч келдиң?”, “чалсам эмнеге трубканы алган жоксуң?”, “кимге смс жазып жатасың?”, “башка бирөөң барбы?”, “ал ким?”, “далилдеп бер?”, “ант ич!”, “мен сага ишенбейм!”. Ошондой эле ага “эмнеге кеч келдиң?”, “таптакыр келбей эле койсоң болмок!”, “сен жок эле жакшы экен!”, “менден баштагыдай мамилени күтпө”, “мен деле каалаганымды кылам”, “анда сен да менден эч нерсе сураба”, “билгенге укугум бар”, “алдабай эле койчу” ж.б. ушул сыяктуу анын кыжырына тийчү, ортодогу мамилеге жаракат кетирүүчү суроолорду бербеңиз. Анткени мындай учурда жолдошуңуз сизди кагып койсо, жүрөгүңүз ооруп, сезимиңиз муздап калат. Анын телефонун, сүйлөшүүлөрүн текшербеңиз – кыскасы ага ишениңиз! Андан көрө Аллах Таала жолдошуңузга карата милдеттендирген иштер менен алек болуңуз. Жолдошуңуз качан гана келбесин аны жылмаюу менен тосуп алыңыз, муну менен сиз өзүңүздүн жакшы маанайыңызды көрсөтө аласыз. “Чарчадыңбы7” деп сураңыз, тамактанууну сунуштаңыз, эгер “жебейм” десе, “эмнеге?”, “кайдан тамактандың?” деп сураба, андан көрө чай сунушта. Сиздин көңүл бурууңуз байкалбай калбайт. Аллах Таала сизди жолдошуңузду контролдоону милдет кылган эмес жана Кыямат күнү бул тууралуу суралбайсыз. Ошондой эле, күйөөңдөн эмнеге “кайда жүрдүн?”, “каяка бардың?”, “ким менен жүрдүң?”, “эмне кеч келдиң?” деп сураган жоксуң деп суралбайсыз. Тескерисинче сизден, жолдошуңуз келген убакта эмнеге ага тиешелүү көңүл буруп тосуп алган жоксуң, - деп сураласыз.
Кыскасы...
Өзүмчүл болбогула, сүйгөн адамыңызга шарият берген эркиндикти бериңиз. Ошондо ал сизди жана сиздин сезимиңизди тоготпой кое албайт. А эгер ошондо да ал сизди баалабай, сизди кыйнаса, анда сабырдуулук кылып Аллахка таяныңыз. Уруштан сактаныңыз, сабырдуу болуңуз, анткени сабырдуу адам эсепсиз сыйлыкка ээ болот. Аллах Куранда: “Чындыгында, сабыр кылуучуларга сыйлыктары эсепсиз (өлчөмсүз) берилет”
(Зумар-10) деген.
Эгер сиздин күйөөңүз же аялыңыз далилдөө жана актануу үчүн кээ бир сөздөрдү айтса, өзүңүздүн күмөн санооңуздан жана жаман ойлоруңуздан кайтып, анын актанууларын кабыл алганыңыз талапка ылайык, анткени сахих хадисте айтылат: “Эч кимге кызгануу сезими Аллахта бар ченемде берилген эмес, ошондуктан Ал (Аллах) ачык жана жашыруун кылынган жаман иштерге тыюу салган. Жана эч ким Аллах жакшы көргөндөй актанууларды жакшы көрө албайт...” .
Сүйүү болгон жерде сөзсүз кызгануу болот, бирок чыныгы мусулман адам шарият чегинен ашпайт, өзүнүн сезимдерин башкара билет, ошондуктан ал – мусулман, баш ийүүчү. . .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев