"Ар ким өзү үчүн жашаш керек" деген сөз эгоизм катары кабыл алчубуз. Бирок буга мен ынандым. Себептери:
1. Сен оорусаң, бир күн ыйлашат, 2-10 күн чуркашат, анан результат жакшы болсо пешенең, жакшы болсо тигилер көнө башташат да, азапты тарткан өзүң болосуң☝️.
2. Сен өлөсүң, анда да канчалык жакының болбосун, 1 күн ыйлап, 10 күн ыйлап, өз тиригилигин уланта берет☝️, "өлгөндүн өзүнүн шору" деген ошодон калган...
3. Башыңа азап иш түшсө, баарыбир жакындарың жаныңда сени менен кошо азабыңды тартпайт☝️
Ошондуктан:
1. Тиричилик деп баш отуң менен түшпөй, өзүңө жаккан тамакты жеп, ден-соолугуңдун камын ойлогуң! Таза аба, физкультура, курорт, көңүлүң сүйгөн чөйрө👍👍.
2. Жылына медосмотрдан өтүп, балдарыңызды да ошого үйрөтсөңүз, анда эң чоң иш кылып жаткан болосуз☝️👍.
3. Эгер сизди организмиңизде бир нерсе тынчсыздандырып жатса, өзүңүз чечем деп, түйшүгүңүздү жалгыз көтөрбөңүз☝️. Анткени тууру багытты өзүңүз тандай албай калышыңыз мүмкүн. "Ооруну жашырса, өлүм ашкере болот" дегендей, оору күчөп кеткиче балдарыңыз, түгөйүңүзгө маалымдаңыз. Аны жөн эле айтып коюп, ооруганча ишиңизди кылып жүрө берсеңиз, анда алар, чыдаса болот экен деп тоготпой да калат да, оору убакыт өтүп, ырбап кетиши мүмкүн☝️.Ток этээр жерин айтканда, өз убагында "ТРЕВОГА" көтөргөндү да үйрөнүңүз, бул сизге пайдасы тийет.
4. Адамдын сезими ар түрдүү болгондой, врачтар да ар түрдүү болот. Ал да сиздин пешенеңиз☝️. Ошондуктан биринчи чыккан диагноз менен чектелбестен, кеминде 3 врачтын диагнозун чыгарып, жыйынтыкка келиңиз☝️🙏.
5. Оорунун көбү мүнөзгө байланыштуу экенин туйганга аракет кылыңыз☝️. Айрыкча кекчилдик, тез сүйүнгөн, тез күйүнгөн, жашоого наалый берген адамдар...
3. Адамга өмүр канча берээрин эч ким билбейт. Бирок ошол өмүрдү кандай өткөрүшүбүз өзүбүздүн колубузда, өзүбүз тагдырыбыздын сүрөтчүсүбүз☝️. Туулган күндөрдү белгилейбиз тарактап.. Бирок кантип өткөргөндү да отчёт кылганды үйрөнүшүбүз керек! Жашооңузду асан-үсөндөй болуп, кереметтей турдүү аура качан курчайт? Качан кудайды тааныганда, көкүрөк таза болгондо, качан негативди жок кылып, позитив менен жашаганда! Качан адам максаттуу жашаганда☝️🙏. Сен ошондой болсоң, сенин жарыгың айланаңды да оңдоп коюшуна күмөн жок👍.
Оюмду кунт коюп окуган окурманымдын жашоосуна пайда болушуна ишенемин, жана аманчылык тилеймин🤲🤲🤲
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3