Жаз чыгып, күн жылыганда, Апенди курбу-курдаштары менен көңүл ачып келмек болуп, коңшу айылга жөнөп калышат. Жолдо келатышып бир кооз жерге туш болушат: булагы туптунук, түркүн гүлдөр жайнап жыты аңкыган, булбулу бакта сайраган ушундай бир ажайып сонун жер экен, эч кимдин кеткиси келбей, ушул жерде бир жума жатып, бир жума ушул жерде сейилдейли, ар ким колдон келгенин ортого салсын дешип, теңтуштар дуулдап калышат.
Бири айтат:
-Бир жумалык нан-пандын милдетин мен өз керт башыма алайын! - деп.
Экинчиси айтат:
-Эт менден болсун! - деп.
-Татты-паттыны, өзүм тейлейм! - дейт дагы бири. Кептин кыскасы, анысы анын милдетин, мунусу мунун милдетин алып отуруп, кезек Апендиге жетет.
-Кана, Апенди, кошумчаңды айт - деп, беркилер карап калат.
Анда Апенди:
-Ушул жерде бир жума эмес, жыл бою тойлосоңор да мен макул. Силер канча чыдасаңар мен да ошончо чыдайм деп убада берем: жаныңардан карыш жылбайм. Анте албайт экем, бетиме түкүргүлө, - деген экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2