Белгилүү акын, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эгемберди Эрматов дүйнө салды. Ал узакка созулган оорудан улам 23-январда көз жумду.
Эгемберди Эрматов 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2013-жылдын апрель айынан 2016-жылдын ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген.
Эрматов 2003-жылы "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер", 2010-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамдарын алган. Анын “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка ырларына обон чыгарылып, эл арасында ырдалып жүрөт.
Эрматов 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу ПУМ айылында туулган. 3 уул, 1 кыздын атасы. Маркумдун сөөгү 25-январда туулган айылында жерге берилет.
Албетте окунучтуу кабар айылыбыздын атын айтаарда ал кишинин атын айтып Эрматов Эгемберди деген акын, жазуучу, депутатты тааныйсынбы, ошол биздин айылда торолуп оскон, деп кокурок кага мактанып калчу жайыбыз бар эле. Козу тируу бар кезинде ПУМ айылы учун опол тоодой чон тирек болчу. Аажы агай жараткан сизге БЕЙИШТЕН оорун берсин деп дуба кылгандан башка аргабыз жок. Сиздин кылган жакшы эмгектериниз менен оз элиниздин журогундо туболук жашайсыз!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев