Бир күнү бир бай базардан капчыгын жоготуп алат.
Капчыгында туура 800 алтын бар эле. Ал канча издесе да таппайт. Акыры "Ким капчыгымды таап берсе, 100 алтын берем",-деп жар салат. Ошол учурда ал капчыкты таап алган кедей өтүкчү аны алып келип берет. Бай адам ач көз, алдамчы жана жеткен сараң болгондуктан,акчасынын табылганына сүйүнгөн менен, өтүкчүгө убада кылган акчаны бергиси келбей калат. Ошол замат акчасын санап: "Сен өз акыңды алып алган турбайсыңбы, бул жерде жүз алтын жетишпейт",- дейт.Бирөөнүн акысын жеп көрбөгөн өтүкчү эч кандай акча албагандыгын айтат. Тапкан акылына сүйүнгөн бай ичинен кудуңдап,өтүкчүнү алдамчы, ууру деп күнөөлөй баштайт. Акыры буга чыдабаган өтүкчү сотко барууну сунуштайт. Ошентип экөө сотко келишет. Ал экөөнүн айткандарын угуп туруп, баарын түшүнгөн сот байды кантип жазалашты ойлонот. Анан байга кайрылып:
- Сен туура 900 алтын жоготконсуң, туурабы?- деп сурайт
- Туура деп жооп берет бай.
- А сен 800 алтын таап алганың чынбы?- деп сурайт өтүкчүдөн.
- Чын,- дейт өтүкчү.
- Мен экөөңөргө тең ишенем. Калп айтты деп эч кимиңирге доо кое албайм. Демек 800 алтыны бар бул баштыкты башка бирөө жоготкон экен. Сен өз акчаңды дагы издеп көр. А бул акча ээси табылганча сенде болсун- деп чечим чыгарып, акчаны өтүкчүгө карматат. Бай ач көздүгүнүн айынан акчасын чындап жоготконун түшүнүп,бармагын тиштеп калат. Бирок кеч болуп калган эле. Акыйкат чечим чыкканына сүйүнгөн өтүкчү ишине жөнөйт.
Адамдарга ырахмат айтпаган.
Аллага шүгүр келтирбейт. Хадис
Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт. Макал
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2