Предыдущая публикация
Бир күнү өчсөң бир күн жарык бересиң.
Эх карачы көкүрөктүн көрдүгүң
Билбей жүргөн бар экенин не өчүң.
Кээ күндөрү таарынасың тултуңдап
сезимдерди үзүп кыркып бултуңдап.
Дагы болсо мен чыдаймын өзүңө
Жарыгы жок бир күн азыр ким турмак.
Эгер өчсөң мен да үшүйм өзгөрөм
Тоңуп көөдөн калбай калат өң деген.
Жандырып көр колдон келсе дегенсип
Жылуу сезим кошо өчөт сен менен.
Эх сендеги өчө берип жарык нур
жүрөктөгү от да өчкөнү калыптыр.
карыздармын төлөйм сага үйлөнүп
Ач да кийиз китебиңе жазып тур.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев