Тилден улут жаралат,бутактанат,
өйүздөгү бүр ачкан дарак сымал.
Тамырына суу куйсаң кучак жаят,
өзөн бойлоп эл аны карап тураар.
Өз тилдерин сактаган адамзат бар,
мындай элди күтүүдө кең келечек.
Өргүп чыгат бул элден адал баштар,
маңдай,тескей жүргөндөр эңтелешет.
Караңгылар дебегин,күлбө боорум,
эне тилде сүйлөгөн "эси барды".
Кызыл тилдин таштадың кимге доорун?
Эки тилди билүүнүн кечи барбы?
Билбе, дебейм а бирок башка тилди,
үйрөнө бер,таанууң кенен болот.
Биринчиден өзүңдүк акта тилди,
үзөңгүлөш экинчи энең болот.
Эсирсек биз сүйлөөдөн,жоголот тил,
тукумуң да, тууруң да омкорулуп.
Эч ким билбес ортодон тоголок бир,
пайда болот андале орто кудук.
Орто кудук болбойлу баары ичкен,
бабалардын алган соң аманатын.
Оңололу,өз тилди таанып ичтен,
баатыр Манас каңгытып арабасын.
Калбайт мүмкүн бизден суу,таштарыбыз,
байкап көрсөк бул "доордун" азуусун бир.
Калкалайлы кеткенче баштарыбыз,
бизден калсын кемибей дал ушул тил.
Бообек Нарыбаеб
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев