Предыдущая публикация
Сагыныч
Көкөйдү эзип эркелеп
көз нуруң менен жел келет.
Жүйөөсүз кантет, дегенсип
Жүрөгүң дагы белсенет.
Нурундай күндүн чачырап
көргөндө көзүң ачылат.
Колдоруң дагы кармайм, деп
өзүңдөн мурда ашыгат.
Койкойуп улам деми ысып
Мурдуңдан "гүш гүш" үн чыгат.
"Мени да эстеп бир жолу
ойносо экен", деп чымчылап.
Чачтарың дагы серпилип
Бетиме тийет чыдабай.
Тигинде турат тигиле
эмнеге бизди сылабай?
Белиң да улам ийкенип
кызыгып турат колума.
"Жанына алып кучактап
качан калат" деп сообума
Сагыныптыр бут денең,
тилиң тургай эриниң.
Ким кандай ойлойт билбеймин
ушундай болду көрүмүм.
Баардыгы турат чыңалып
убалдарына калбайлы.
Кел эми баарын кечирип
денелерди бир алдайлы.
Бообек Нарыбаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев