Предыдущая публикация
Көл элең чалкыган сабыры күч
Койнуңдан чыкпаган балыгы биз.
Тып тыйпыл соолудуң энекебай
Тырмактай кезинде жарымыбыз
Түшүнбөй Жараткан неге алганын.
Тагдыр деп өзүмдү көп алдадым.
Энекем сага да керек беле
Эмнеге оордуна мени албадың.
Эх аттиң бул дүйнө тамчы дүйнө
Экени жүрөккө нак тийүүдө.
Талашсыз эмнеси болсо дагы
Төгүлгөн мээримиң калды бизде
Бай өтсө,элирип карап калбай,
баскыла силер да манаптардай.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев