элеңдеген кемпайларды качырган.
Сен жөнүндө эргүү келди көөдөнгө,
Өткөндөрдү эстеп жатып башымдан.
Азгырууну өткөөл кезден баштадың,
Ал убак мен араң 15 жаштамын.
"Шаарга окуйсуң" десе көзүм төрт болуп,
Күн батпачу, агарбачу "ак таңым".
Ал күн келди,шаарды көздөй жөнөдүм,
Баары ичинде,эки,үч сумка өнөгүм.
Үйгө чейин жеткиришет шоопурлар,
Кудум эле баласындай төрөнүн.
Түштөнөмүн кызматчыдай кафеде,
Самсы, беляш мен үчүн жеш "жат" эле.
Ошолордун "кусуру" же урдубу,
"Кызылдарым" качты анан бат эле.
Туугандардын сагынчы да тарады,
Бири бирине бүркөлүшүп кабагы.
Жаман,жакшы баары болуп "ортодо",
Батирлерге темселедим аягы.
Эчтеме жок,баарын берем батирге,
Курулдаса дагы кардым, курсагым.
Өзүмдү өзүм эптеп "алдаш"керек да,
"Кетем" деймин агарса эле "бул таңым"
Эртеси оозго бирөө "майын"салмакпы,
"Күтүп" турат да окуудагы сынактар.
Окубаган өзүм, бирок "тилдеймин"
-Жалдыратат тура, дагы "чувактар"!
"Соорономун" кур кыялга малынам,
-Эч бол мейли, "үйүм" болсо баарынан,
"Көз кор" болбойт элем минтип эч кимге'
-Деп кобурайм,"анча мынча" (тагдырга)таарынам.
Алсырады күндөн күнгө алым да,
"фонтан" суусун куя берип "карынга".
-Бааларыңды жакшы коюп беребиз,
даяр элем "жөө кет" десе айылга.
Мына ошентип Бишкек сени жек көрдүм,
кайран айыл баркын билдим эп көрдүм.
Кайдасың сен,кайра айылга алып кет,
мектеп,талаа,тоолордогу өткөн күн.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев