Келгин мага ооруларың,талгагың,
нервиң баскын,менден бир аз жалмагын.
ышка айланып тепсем кийин башыңа,
магдырайсың,унутулуп арманың.
Түтөп жүрсө туугандарым кубанам,
тегиз бизге баш ийгенсип бул аалам.
Ооба ийди а сен ийбе кожойун,
Анда санда "тат" болгону суранам.
Кандай мырза салбайт билбейм чөнтөккө,
Жарашпайт го,мындай жүргөн эркекке.
Зыяным жок,
оордук деле кылбаймын,
аларга окшоп таштап мени сен кетпе.
Аялзаты сен да чеккин,уялба,
Депрессияда жүргөн мээни суугар да.
Колдон келет,эркектен кем эминең?
Тең ата бол,керек болсо туу карма.
Чек мени эй мектептеги окуучу,
Үйрөнөсүң эч кандай жок окуусу.
Дос болгонуң ,"чоңойдуң сен" бил демек,
Өнөк болом туура жолдон тосуучу.
Зыянымды билсеңер да чеккиле,
Баш ийгиле,баарың таазим эткиле.
Кийин бирок кайра доомат койбогун,
Өзүң үчүн, а менде жок эч күнөө.
Автор:::Нарыбаев Бообек
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев