Циститте. Петрушканын данынан жана нокоттон 100 граммдан алып талкалоо кажет. Муну 1 килограмм балга кошуп аралаштыруу зарыл. Сыркоолуу күнүгө 1 чай кашыктан 4 маал ичет. Кечинде петрушканы кайнатып, жылуусунда бууга отуруу керек. Бул ыкма адам айыкканча колдонулат.
Бронхитте. Сезгендирүү (ташты ысытып, үстүнө дары сууну сээп, оозду тосуу), чөптөрдүн кайнатмасын ичүү жана оозду чайкоо, тамакты буулоо (ингаляция)ыкмалары сунуштала
Чач жыдып түшүп калды
- Акыркы кездерде чачым жыдып эле түшүп жатат. Таз болуп каламбы деп коркуп жатам. Элдик ыкмаларды колдоноюн дегем, жардам бериңиздерчи?!
Ширин, Ош.
1-ыкма: Сарымсакты чоң-чоң кылып туурап алып, аны менен жыдып бараткан жериңизди кызарганча сүртөсүз. Мындан тышкары, пиязды да колдонсоңуз болот.
2-ыкма: 30 грамм төө жалбыракты, 70 грамм чалкандын жалбырагын аралаштырасыз. Анын үстүнө 1 стакан кайнак суудан куясыз да, аралашманы кайнатасыз. Үстүн жаап, 4 саатча коё турасыз. Бул маңыз менен эки күндө бир башыңызды жууп турушуңуз керек.
Күйөөмдүн
коңуругунан тажадым
- Мени күйөөмдүн коңурук тартканы тажатты. Кандай кылып коңуруктан арылууга болот?
Наргиза, Бишкек.
- Урматтуу Наргиза, эгерде күйөөңүз коңурук тартып тажатып жатса, төмөнкү кеңеш сизге жардам берет.
1-ыкма: Жолдошуңуз дайыма тамак ичип бүткөн соң 1,5 сааттан кийин өсүмдүк майынан 1 аш кашык ичип туруш керек. Дарылоо курсу 5-6 айга чейин созулат.
2-ыкма: 1 стакан капуста ширесин 1 аш кашык балга аралаштырып, уктаар алдында ичириңиз. Дарылоо курсу 1ай.
Баламдын ичи
ката берет
- Менин балам эки жашта. Ичи бат-бат ката берет. Эмне кылсам болот?
Миргүл, Балыкчы.
- 4 аш кашык кургатылган тегерек баш чөпкө 1литр кайнак сууну куюп, 2-3 саатка чейин тыныктырып коюңуз. Андан кийин аны күнүгө 3 жолудан балаңызга тамак берээрдин алдында 100 граммдан берип туруңуз.
Бырыш менен кантип күрөшөм?
- Байкалбай жүрүп бетимди бырыш басып кетти. Элдик медицинада бырышка каршы кандай ыкмаларды колдонот?
Батма, Бишкек.
- Эки баш сарымсакты тазалап, жакшылап майдалаңыз. Жанчылган сарымсакты 1 см жаап тургудай кылып үстүнө өсүмдүк майын куясыз. Банканын оозун жел кирбей тургандай кылып бекем жаап, салкын, мүмкүн болсо караңгыраак жерге 7 күн коюп коюңуз. Андан кийин 3 күн муздаткычка коёсуз. Май менен сарымсактын аралашмасын марлядан чыпкалап алыңыз да, жатар алдында күнүнө 2-3 тамчыдан бет майыңызга кошуп сүйкөй бериңиз. Эки жума үзгүлтүксүз пайдалансаңыз, жашарган жүзүңүздү күзгүдөн көрүп тааныбай каласыз.
Суроолорго элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу жооп берди.
Нет комментариев