Бирок бул жолу кимдир бирөөдөн, же болбосо баарынан эмес... Бул жолу өзүмдөн!
Ооба өзүмдөн өзүм кечирим сураймын. Жүрөгүмдөн, сезимимден...
Өзүмдү кыйнаганым, азаптаганым жана жерге урганым үчүн. Жүрөгүмө оору келтирип аны сыздатканым үчүн. Аны аярлап, сактай албаганга берип кор кылганым үчүн. Уйкусуз түндөрүм үчүн. Төгүлгөн көз жаштарым үчүн өзүмдөн кечирим сураймын. Өзүмдү сактай албаганым, өзүмдү баалабаганым үчүн. Дил ооруткан сөздөрдөн жан дүйнөмдү коргой албай аны кирдетип алганым үчүн...
Качан өзүмө гана таандык жана керек болгон дене менен жүрөк ооруганда баарын түшүндүм. Өзүмө сөз бердим мындан ары өзүмдү аяп, сүйүп жашайм деп! Бул жашоодо өзүңө гана керексиң! Ооруганда да, кайгыга батканда да бактылуу болгондо да өзүңдүн жаныңда өзүң турасың!
Жалгызым(Назик)...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев