Бул шаар мурунтан эле ушундай боз беле же мага ошондой сезилип жатты бекен...
Бөтөн эл. Бөтөн жер. Тааныбаган бул адамдардын арасына сиңир жок болуп кетүүнү каалагам. Өзү, сөзү тили менен дили да жат бул шаардын адам тагдырдарына окшош чубалып байланган жолдорунда эч кимге байкалбай, билинбей көптүн арасында жашап кетким келди. Өзүмө жакындан көңүлүм ооруду, жүрөгүм муздады. Ишеничим жоголду. Бардык нерсе өз сулуулугун жоготкондой. Бир убактары кичинекей кооздуктан бакыт таап жыргап жашаган өзүмдү жоготуп алдым. Мага эң жаккан нерселер да мени бул абалдан сууруп чыгып куткара алган жок.
Тынчмын. Жан дүйнөм да бопбош тынч. Куюн шамал келип бардыкты талкалап, сындырып, кыйратып анан өтүп кеткендей, менин жашоомдогу бороон да менин дүйнөмдү астын - үстүн кылып анан тынчыды. Эми болсо нөшөрлөп жамгыр жаап жатат. Мейли жаасын! Анткени жамгырдын артынан жаңы гүлдөр чыгат. Күн жадырап жашынып турат, анан дагы жашоомдо жаңы күн желе пайда болот...
Жалгызым (Назик)...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2