Ар бир аткан таңым үчүн Жаратканга миң мертебе шүгүр жана ыраазычылык!
Жашоо мени үйрөткөн ар бир сабагың үчүн рахмат! Мен жеткен ийгиликтер жана мен кулаган бийиктиктер үчүн ыраазымын! Мен жашап өткөн оор күндөрүм үчүн, жоготууларым жана тапкандарым үчүн рахмат! Ар бир көз жашым, кайгым, күлкүм жана кубанычым үчүн ыраазымын! Сынооң үчүн рахмат жашоо!
Менин жолумдагы мен чалынып жыгылган таштар, чуңкурлар, тикендер үчүн рахмат. Алар мага мол тажрыйба, эстен кеткис сабак жана унутулгус элес болуп калды. Башыма түшкөн кара түн үчүн жана ааламга учура бактылуу кылган бакыт үчүн рахмат!
Жашоомдо кезиккен ар бир адам үчүн ыраазымын! Мага кайталангыс көз ирмемдерди тартуулаган инсан үчүн рахмат!
Мени азапка салып дүйнөмдү булгаган,ишенимиме кирип аны кирдетип кеткен таш боор адам сен үчүн да рахмат! Жакшылар мага бакыт берсе, мени ыйлаткандар сабак берди. Менин өмүр жолумда мени менен бир аз басып тарых болуп калган ар бир адам үчүн ыраазымын! Силерден калган жакшы жана жаман элестер, эмоциялар, сезимдер жана көз ирмемдер үчүн рахмат! Силер мени күчтүү кылдыңар, силер мени күрөшкөнгө үйрөттүңөр. Силер мени жашоодо ак кара бирге жүрөөрүнө, жана ар дайым үмүттөр актала бербесине ынандырдыңар!
Ал эми тагдырыма шериктеш болуп, мен кандай күндү көрсөм да мени менен кошо ыйлап, күлүп, кайгырып, бирде кубанып келе жаткан жакшыларым силерге өзгөчө рахмат!❤
Силер мени жашоодо баары бир жакшылык утаарына, дүйнөдө жаманга караганда жакшы адам көп болооруна жана кереметке ишендирдиңер!...
Мени мен кылып ушул күнгө чейин жеткирген Жашоо түгөнбөгөн сынооң үчүн рахмат! Мени ийлегениң үчүн рахмат!
Жүрөктөгү, денемдеги ар бир жаракат үчүн рахмат! Ар бир учурдан, жоготуудан жана сыноодон улам калган жүрөктөгү тактар үчүн ыраазымын! Мен уялбайм ал тактардан жана өткөн жашоомдон! Алар мен үчүн кымбат, аяр! Себеби мен ушулар менен МЕН болдум.
Туура эмес койгон кадамдарым, кетирген катачылыктарым үчүн ыраазымын! Мен катачылыктардан өстүм, бийиктедим. Кайра куладым... Сындым, талкаландым! Бирок кайра чогулттум өзүмдү... Мен сыноолордон чыңалдым, такшалдым, быштым.
Тээ артымды кылчая карап өмүр жолумдун башында турган кичинекей, жомокторго ишенген өзүмдү барып бекем кучактап алгым келди...
Алдыда жолум канча экенин билбейм, бирок азыркы турган өзүмө ыраазымын! Артта калган жолумдагы баарын бир иргеп алып өзүм менен өзүм сыймыктандым! Азаматсың дедим!
Эң негизгиси мен өзүм менен өзүм күрөшкөндү үйрөндүм!
Баары үчүн рахмат ЖАШОО!
Мен сени сүйөм!
Жалгызым (Назик)...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4