Предыдущая публикация
Эски тамдар, энөө, момун элет жер.
Эстей жүрсүн уулум бизди дегендей,
Энем-атам тигип кеткен теректер.
Эселек кез оюн менен алышкан,
Эшек минип, торпок менен жарышкан.
Эркелигим ашып- ташып чегинен,
Этегине апакемдин жабышкан.
Эчак артта ал күндөрүм калышкан,
Ээлеп оордун мен жашаган тарыхтан.
Эртели кеч кылт дей түшүп эсиме,
Эми карап турам минтип алыстан.
Эртеңимди албай азыр көңүлгө,
Эңсеп келем өткөн күндү өмүрдө.
Энекеме бир эркелеп алмакмын,
Эсебин таап кайра келсе өмүргө.
16.11.2024 ТТ. Челны, Татарстан
https://kyrgyzcha.site/kajsyl-zholdo-zh%d2%afrs%d3%a9%d2%a3-oshol-zholdo-%d3%a9l%d3%a9s%d2%af%d2%a3/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев